«БЕКИТЕМИН»

                                                                              Т.Кулатов атындагы  Кызыл-Кыя  тоо-

                        техникалык, инновация жана экономика     

колледжинин директору э.и.к.__________

М.Ураимов «____» __________2022 –жыл.

 

Т.Кулатов атындагы Кызыл-Кыя тоо-техникалык, инновация жана экономика колледжинин   КИТЕПКАНАСЫ ЖӨНҮНДӨГҮ  ЖОБО

  1. ЖАЛПЫ ЖОБО

1.1 Китепкана (мындан ары карай китепкана)  Т.Кулатов атындагы Кызыл-Кыя тоо-техникалык, инновация жана экономика колледжинин окуу,  илимий-изденүүчулүк жана тарбиялык иштеринин ишмердүүлүгүн, ошондой эле, маданият, руханий жана интеллектуалдык карым-катнаш мамилелерин жайылтуу борборуна маалыматтык жактан колдоо көрсөтүүнү камсыз кылган, негизги түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.

1.2  Т.Кулатов атындагы Кызыл-Кыя тоо-техникалык, инновация жана экономика колледжи китепкананы белгиленген тартипте каржылаган жана ишмердүүлүгүн көзөмөлдөп турган уюштуруучусу болуп саналат.

1.3 Китепкана өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ченемдик укуктук актылар КР Президентинин жана өкмөтүнүн, билим берүү жана илим Министрлигинин, КР Уставы, ушул Жобону жетекчиликке алат.

1.4 Китепкана өз ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, КРнын Президентинин жана өкмөтүнүн, КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин ченемдик укуктук актыларына, )  Т.Кулатов атындагы Кызыл-Кыя тоо-техникалык, инновация жана экономика колледжинин  уставына, бул жобону жетекчиликке алган башка локалдуу ченемдик актыларына ылайык жүзөгө ашырат.

1.5 Китепкананын фонддорго кирүү тартиби, негизги кызматтардын тизмесин жана аларды берүү шарттары китепкананын маалыматтык ресурстарды пайдалануу эрежелеринде аныкталат.

1.6 Китепкана өз ишмердүүлүгүндө коомдо болуп жаткан идеологиялык жана саясий көп түрдүүлүктү чагылдырат; пайдалануучулардын китепкананын фондуна эркин кирүү мүмкүнчүлүгүн жана укугун чектөөчү мамлекеттик же башка цензурага жол берилбейт.

1.7 Китепкана өз пайдалануучуларынын маалыматтык керектөөлөрүн толук кандуу канааттандыруу үчүн китепканалардын башка системаларын жана ведомстволорун координациялоо жана кооперация, илимий-техникалык маалыматтык мекемелер жана башка уюмдар менен биргеликте иштешет. Негизги багыттары, кызматташтык формалары келишимдерде жана макулдашууларда бекитилет.

1.8 Т.Кулатов атындагы Кызыл-Кыя тоо-техникалык, инновация жана экономика колледжинин китепканасынын жалпы методикалык жетекчилиги ишке ашырылат.

  1. КИТЕПКАНАНЫН МИЛДЕТТЕРИ

2.1 Т.Кулатов атындагы Кызыл-Кыя тоо-техникалык, инновация жана экономика колледжинин студенттерин, окутуучуларын, илимий кызматкерлерин жана башка кызматкерлерин маалыматка эркин жетүүлөрү аркылуу ар түрдүү китепканалык маалыматтык кызмат көрсөтүүнүн негизинде маалыматтык керектөөлөрүн канааттандыруу.

2.2  Пайдалануучуларды Т.Кулатов атындагы Кызыл-Кыя тоо-техникалык, инновация жана экономика колледжинин профили менен маалыматтык керектөөлөрүнө ылайык китепкананын маалыматтык ресурстар фондун түзүү. Китепкананын маалымдама — библиографиялык аппаратын жана маалымат базаларын уюштуруу жана башкаруу.

2.3 Китепкананын заманбап техникалык жабдууларынын жана китепкананын маалыматтык процесстерин маалыматташтыруунун негизинде, алардын сапатын жогорулатуу, китепкананын кызматтык репертуарын кенейтүү.

2.4 Пайдалануучуларды издөө ыкмаларын жана маалыматтык ресурстарды сарамжалдуу пайдалануулары үчүн маалыматтык маданиятын калыптандыруу.

2.5 Китепкана жана маалыматтык, китеп таануу илимдер тармагындагы илимий жана илимий-методикалык ишмердүүлүк. Китепкананын корпоративдик тармагынын филиалдарына методикалык жардам көрсөтүү.

2.6 Китепкананы Т.Кулатов атындагы Кызыл-Кыя тоо-техникалык, инновация жана экономика колледжи  интеллектуалдык борбору жана маданий турмушу катары өнүктүрүү. Китепкананын ишмердүүлүк максаттарына карама-каршы келбеген, жарнамалык жана маркетингдик ишмердүүлүгү.

2.7 Мындан тышкары Т.Кулатов атындагы Кызыл-Кыя тоо-техникалык, инновация жана экономика колледжинин  Уставына ылайык китепкананын максаттарына жетүүгө, пайдалануучулардын маалыматтык-китепкананын тейлөө ишин жакшыртууга багытталган жана киреше алып келген негизги ишмердүулүгүн жүзөгө  ашыруу.

  1. НЕГИЗГИ ФУНКЦИЯЛАРЫ

Китепкана:

 3.1. Бирдиктүү окурмандык билети боюнча илимий китепканалардын түзүмдүк бөлүмдөрүндөгү пайдалануучуларды  дифференциялдуу түрдө тейлөөнү уюштурат.

3.2. Китепкананын негизги кызмат көрсөтүүлөрү боюнча колдонуучуларга акысыз камсыз кылат:

— китепкананын фондунун каталогдорунун системалары, картотекалар, маалыматтык базалары жана башка маалыматтык издөө каражаттары аркылуу китепкананын курамы жөнүндө маалымат берүү;

 — зарыл болгон документтерди издөөдө жана тандоодо консультациялык жардам көрсөтүү;

— китепкананын фонддорунун ичинен документтерди убактылуу пайдаланууга берүү;

— электрондук маалыматтык ресурстарга кирүүгө мүмкүнчүлүгүн берүү;

-башка китепканалардын ичинен китепканалар аралык абонемент боюнча документтерин алуу;

— КММА профили боюнча маалыматтык-библиографиялык продукцияларды даярдоо жана чыгаруу,;

 — библиографиялык маалыматтарды аткаруу; библиографиялык баяндамаларды жүргүзүү;

3.4. Т.Кулатов атындагы Кызыл-Кыя тоо-техникалык, инновация жана экономика колледжинин   алдында түзүлгөн ишканаларда, ассоциацияларда жана башка уюмдарда китепкананы тейлөөнү уюштурат.

3.5. Маалымат издеенү жана аны окуу процессинде, илимий иштерде колдонууну, китепкананын маалымат системаларындагы жана маалымат базаларындагы, маалымдама библиографиялык аппаратындагы көндүмдөргө ык алууга уйрөтүү. Маалыматтык маданияттын негизи боюнча студенттер жана аспиранттар үчүн сабактарды уюштурат.

 З.6. Комплектөөнүн маданий-типологиялык планын негизинде циклдардын консультанттарынын кенеши менен макулдашылган жана китепкананын кеңеши менен бекитилген окуу пландарына жана программаларына, илимий изилдөөлөрдүн тематикасына ылайык фондду комплектөөнү камсыздайт. Окуу, илимий, мезгилдүү, сурап-билүу, көркөм адабияттарга жана документтердин башка түрлөрүнө ээ болот, .Кулатов атындагы Кызыл-Кыя тоо-техникалык, инновация жана экономика колледжинин    профили боюнча электрондук маалыматтык ресурстарга кирүүнү камсыз кылат.

3.7. Фонддорду комплекттөөнүн булактарын өз алдынча аныктайт. Китепканалардын жана башка мекемелер менен уюмдардын республиканын ичинде жана эл аралык китеп алмашууларын жүзөгө ашырат.

3.8 Фонддорду комплектөөнү, пайдалануучулардын керектөөлөрүн канааттандыруучу маалымат фонддоруна курамынына ылайык  Т.Кулатов атындагы Кызыл-Кыя тоо-техникалык, инновация жана экономика колледжинин    менен бирдикте адабияттарды басылмалардан чыгаруу планын ондоо максатын иликтейт. Окуу процессии китеп менен камсыздоого талдоо жүргүзөт.

3.9. Фонддордун жайгашусуну, алардын сакталышын камсыз кылат жана эсепке алууну жүзөгө ашырат. Фонддорду натыйжалуу пайдалануу боюнча изилдөөлөрдү жүргүзөт, иликтейт.

3.10. Колдонулуп жаткан ченемдик жана укуктук актыларга ылайык колдонуудан чыгаруу боюнча, Комиссия менен макулдашылган китепкананын фондунун тартибине ылайык документтерди эсептен чыгарат жана ишке ашырат.

3.11. Профильдик эмес жана ашыкча кайталанган адабияттарды кайра бөлүштурүунү жүзөгө ашырат.

3.12. Тарыхый жана маданий эстеликтерине таандык болгон өзгөчө маанилүү басылмалардын жана коллекциялардын сакталышын камсыз кылат , жоопкерчилик тартат жана аларды өз убагында жыйынды каталогуна өз учурунда эсепке алынышына жоопкерчиликтүү болот, аларды Кыргыз Республикасынын маданий мурастарынын бир бөлүгү катары каттоо, ошондой эле, аны республикалык программаларды сактоо жана маданиятын өнүктүрүүнүн алкагында сакталышын камсыздайт. Жактардын айрым документтеринин абалына, алардын консервацияланышын жана реставрацияланышын аткарат.

3.13. Кеп аспектилик библиографиялык жана пайдалануучулардын маалыматтык тейлөө фондун ачуу максатында китепкананын жана электрондук каталогдордун салттуу системасы жүргүзүлөт. Күнүмдүк каталогдорду түзүүгө катышат.

3.14. Китепкананын бардык ишмердүулүк багыттарын өркүндөтүу боюнча илимий методикалык иштерди (аналитикалык, уюштуруучулук, консультациялык) иштер жүргүзүлөт.

3.15. Китепкананын алдынкы технологиясын, илимий — изилдөө иштеринин натыйжаларын жайылтат.

3.16. Китепкананын тейлөөсүн жакшыртуу жана пайдалануучулардын маалыматтык мониторинг жүргүзүү максатында , социологиялык изилдөө жүргүзөт.

3.17. Китепкананын ишмердүүлүгү жөнүндө пайдалануучулардын маалымдуулугун камсыз кылат, кайрымдуу өнөктөш катары Т.Кулатов атындагы Кызыл-Кыя тоо-техникалык, инновация жана экономика колледжинин статусун кармап турууга өбөлгө түзөт. Китепкананын ишмердүүлүгү жөнүндө коомдук пикирди иликтөө жүргүзөт. Китепкананын досторунун чөйрөсүн кенейтүүгө умтулат. Китепкана аркылуу көрсөтүлүүчү жарнамалык кызмат көрсөтүүлөрдү жана маалыматтык ресурстарды уюштурат.

3.18. Китепкананын корпоративдик тармагынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууну уюштурат.

4.СТРУКТУРАсы

Китепкана башчысы

Окурмандарды тейлөө жана китеп сактоо

Окуу залы (башкы корпус)

Маалымат библиографиялык тейлөө

 Электрондук китепкана (башкы корпус)

  1. УКУКТАРЫ

 5.1 Китепкана төмөнкүдөй укуктарга ээ:

— Жободогу көрсөтүлгөн максаттарына жана милдеттерине ылайык өз ишмердүүлугунүн өнүгүү мазмунунун конкреттүү формаларын жана келечегин өз алдынча аныктоого;

-Илимий китепкана штаттык расписаниенин, түзүмүн жана маалыматтык ресурстарды пайдалануу эрежелерин иштеп чыгууга;

— Китепканага берилген каражаттарды башкарууга;

— Фонддорду комплекттөө  булактарын өз алдынча аныктоого;

— Китепканалардын фонддоруна кируу тартибин аныктоого, аларды пайдалапуучуларга китепкананы пайдалануу эрежелери боюнча   катары Т.Кулатов атындагы Кызыл-Кыя тоо-техникалык, инновация жана экономика колледжинин окумуштуулар кенеши менен макулдашууну бекитүүгө;

— Китепкананын пайдалануучулары тарабынан келтирилген зыяндын ордун толуктоону китепкананы пайдалануу эрежелерине ылайык турлөрүн жана өлчөмдөрүн аныктоого;

  1. Башка бөлүмдөр менен карым-катнаш.

6.1  Т.Кулатов атындагы Кызыл-Кыя тоо-техникалык, инновация жана экономика колледжи бардык бөлүмдөрү менен тыгыз байланышта иш алып барат.

6.2.Китептерди топтоо иштери боюнча цикл башчылары менен;

6.3. Борбордук  китепкана жана шаардагы башка окуу жайлардын  китепканасы  менен тажрыйба жана маалымат алмашуу максатында;

6.4.Китеп саткан дүкөндөр, ишканалар жана басмаканалар менен адабияттарды толуктоо максатында;

  1. Иш кагаздары

7.1. Китепкананын иш кагаздары 23.07.2012 № 517 Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан бекитилген иш кагаздары тууралуу нускамага ылайык катары Т.Кулатов атындагы Кызыл-Кыя тоо-техникалык, инновация жана экономика колледжинин  тарабынан бекитилген иштер номенклатурасына  ылайык;

7.2. Китепканада иштер номенклатурасында көрсөтүлгөн иш кагаздары сакталат.

  1. Китепкананын жоопкерчилиги

8.1 .Китепкана фондду сактоого;

8.2. Китепкана кызматкерлери өздөрүнүн иштерин так аткарууга;

8.3.Фонддо залал келтирген кызматчылар аны ордун толуктоого;

8.4.Кесиптештик алака коллективдик макулдашуу боюнча жана материалдык жоопкерчилик;

8.5. Кызматчылар мезгилдик аттестациядан  өтүшү зарыл;

8.6.Кызматчылардын милдеттери алардын кызматтык нускамасында толук көрсөтүлгөн.

 

                  Китепкана башчысы:                                       Юсупова А.Ж.