Жумуш берүүчүлөр менен жолугушуу

2024-жылдын 15-майында Т. Кулатов атындагы КызылКыядагы тоо-техникалык, инновация жана экономика колледжинде уюштурулуп жаткан “Баткен областындагы орто кесиптик окуу жайлардын социалдык өнөктөштөр менен болгон кызматташуусунун бүгүнкү абалы жана келечеги” аттуу тегерек столдо кесиптик билим берүү чөйрөсүнүн актуалдуу маселелри талкууланып, төмөнкү жыйынтыкка келишти:
1. Биз билим берүү уюмдары менен социалдык өнөктөштөрдүн кызматташуусу кесиптик билим берүү практикасынын зарыл жана маанилүү аспектиси экенин тастыктайбыз.
2.Билим берүү жана кесиптик өнүгүү чөйрөсүндө бирдиктүү максаттарга жетүү үчүн биргелешкен иш-чараларды, программаларды жана долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу билим берүү уюмдары менен социалдык өнөктөштөрдүн ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүү жана тереңдетүү учур талабы.
3. Студенттердин кесиптик билим алуу жана кесиптик көндүмдөрүн калыптандырууга жигердүү катышуусун камсыз кылуу үчүн окуу жайлар менен социалдык өнөктөштөрдүн ортосундагы өнөктөштүктү практика менен айкалышуусун ишке ашыруу.
4. Биз билим берүү уюмдары жана социалдык өнөктөштөрдү коомдун өнүгүшүнө жана анын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн чыңдоого көмөктөшүүчү билим берүүнүн инновациялык ыкмаларын жана тажрыйбаларын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча мындан аркы кызматташууга жана тажрыйба алмашууга чакырабыз.
Бул токтом тегерек столдун катышуучуларынын добушу менен бир добуштан  кабыл алынды жана кийин иш жүзүндө ишке ашыруу үчүн тиешелүү түзүмдөрдүн кароосуна жиберилди.

Жумуш берүүчүлөр менен жолугушуу

Жумуш берүүчүлөр менен жолугушуу
Жарманке Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Кызыл-Кыя шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы, Баткен JIA бизнес ассоциациясы, Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы, Германия Өкмөтүнүн Эл аралык кызматташтык уюму GIZ тарабынан уюштурулду. Жарменкени уюуштурууга биздин окуу жай жигердүү катышып, келгендерге студенттердин өз колунан даярдалган продукциялар коюлуп  мода көрсөтүлдү.

2023-жылдын 30-майында № 70 кесипчилик лицейинин базасында, Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын колдоосу менен «Бош орундар жарманкесини» өткөрдү.

2023-жылдын 30-майында № 70 кесипчилик лицейинин базасында, Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын колдоосу менен «Бош орундар жарманкесини» өткөрдү. Бош орундар жарманкесине шаардагы кесиптик лицейлердин, орто мектептердин бүтүрүүчүлөрү жана жумушсуз жүргөн адамдар катышты. Шаардагы 15 мекеме ишканалар, 2 жогорку, 2 кесиптик орто, 3 башталгыч кесиптик окуу жайлары, жана 4 мектептин мугалимдери жана бүтүрүүчүлөрү катышты. Бош жумуш орундар жарманкесине еме-ишканалардан 136 бош орундар коюлду.

Жарманкени Кызыл-Кыя шаарынын мэринин орун басары М.Айтматов жана Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин жооптуу катчысы У.Дарипова ачып, иш чаранын катышуучуларына шаар калкын жумуш менен камсыз кылууну жогорулатуу, жаңы жумуш орундарын түзүү жана жаштарды кесипке даярдоо иштерини мындан ары жогорулатуу туурасында айтып, ошондой эле Кызыл-Кыя шаарынын экономикасы, чечилүүчү социалдык маселелер, шаардын келечеги жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу жарманке катышуучуларына маалымат берди.
Шаардагы Эмгек базарынын абалы, жаңы түзүлгөн жумуш орундары, шаар калкын жумуш менен камсыз кылууну жогорулатуу жана эмгек базарынын суроо талаптарына ылайык квалификациялуу кадрларды даярдоону камсыз кылуу боюнча бөлүм тарабынан аткарылган жумуштар тууралуу, иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмүнүн башчысы