Т.Кулатов атындагы  Кызыл-Кыядагы тоо-техникалык, инновация жана экономика колледжинин “Карьера борбору” 2014-жылы негизделген. Карьера борбору-бүтүрүүчүлөрдү жумушка орноштуруу  түзүмдүк бөлүм болуп саналат. Карьера борборунда бүтүрүүчүлөрү, жумуш берүүчүлөр, бош жумуш орундар боюнча маалыматтык база түзүлгөн, “Бүтүрүүчүлөрдүн ассоциациясынын” ишин уюштурууга, өткөрүүгө КБ түздөн-түз катышат жана маалыматтарды тиешелүү адамдарга жеткирүү, байланыш түзүү функцияларын аткарат.

Карьера борбору эмне кылат?Карьера борбору кызматкерлердин карьералык активдүүлүгүн өнүктүрүүгө багытталган окуу программаларын өткөрөт . Компанияда карьералык баалуулуктарды, мүмкүнчүлүктөрдү жана кесиптик өсүү үчүн шарттарды берет.

Биздин миссия-студенттердин кесиптик өсүшүнө көмөктөшүү жана алардын өзүн-өзү ишке ашыруу үчүн максималдуу мүмкүнчүлүктөрү бар жумуш издөөгө жардам берүү. Бул борбордун кесипкөй компаниялар жана көптөгөн мамлекеттик жана коммерциялык уюмдар менен кызматташуусу аркылуу мүмкүн болот.

Борбордун максаты-бүтүрүүчүлөрдүн ишканалар, иш берүүчүлөр менен байланышын чыңдоо жана ишке орноштуруу боюнча консультацияларды өткөрүү.  Бош жумуш орундар жарманкесин өткөрүүнүн негизги максаттарынын бири бүтүрүүчүлөрдүн жумуш издөө убактысын алда канча кыскартат жана да эки тарап тең жумуш берүүчүлөр, жумуш орун толтурууда жана студенттер, бүтүрүүчүлөр жумуш орун табууда кеңири мүмкүнчүлүктөргө ээ болушат. Жарманкенин жүрүшүндө бизнес-компаниялар өздөрүнүнүн компаниялары, иш каналары туурасында презентациялар жасоого жана кызматташуу, студенттерге, бүтүрүүчүлөргө жумуш орундарын сунуштоо мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушат. Бул болсо, өз кезегинде студенттерге, бүтүрүүчүлөргө аларды кызыктырган компаниялардын өкүлдөрү менен бетме-бет жолугушуп, өз резюмелерин түздөн-түз бергенге мүмкүнчүлүк алышат.

Иш чараларды уюштурууга жана маалыматты жайгаштырууга байланыштуу бардык суроолор боюнча Т.Кулатов атындагы  Кызыл-Кыядагы тоо-техникалык, инновация жана экономика колледжинин Карьера борборуна кайрылыңыздар

Телеграм каналга шилтеме

WhatsApp: каналга шилтеме