
2025- жылдын 15-апрелинде Т.Кулатов атындагы Кызыл-Кыядагы тоо-техникалык, инновация жана экономика колледжибизде өзгөчө кырдаалдардын (өрткө каршы, жер титирөө, техникалык коопсуздук, жана сел кырсыгы) алдын алуу боюнча машыгуу өткөрүлдү.
Бул иш-чаранын максаты — студенттерди жана окутуучуларды техникалык коопсуздук эрежелери менен тааныштыруу, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарда туура аракет кылууну үйрөтүү.
Колледжибиздин мүдүрү Матосмонов Ж.Дж. жана Өзгөчө кырдаалдардын колледжибиздеги штаб башчысы Эшанкулов Дж.Г. катышуучуларга маалымат берип (өрткө каршы күрөшүү, жер титирөө, техникалык коопсуздук жана сел кырсыгы) кырсыктын алдын алуу маанилүүлүгүн баса белгилешти.
Алар студенттерге практикалык көндүмдөрдү үйрөтүп, коопсуздук боюнча суроолорго жооп беришти.
Колледждин мындай иш-чаралары студенттердин коопсуздугун камсыз кылууга жана аларды жоопкерчиликтүү жарандар катары тарбиялоого багытталган.

Бүгүн 14-апрель күнү окуу жайыбыздын “Экономика жана менеджмент” циклынын II-III-курсунун студенттерине “Дос-Кредобанк” ачык акционердик коомунун Кызыл-Кыя филиалынын адистери тарабынан “Global Money Week: Дүйнөлүк каржылык сабаттуулук аптасы” темасында семинар өткөрүлдү.
Бул иш-чарада банк өкүлдөрү студенттерге финансылык билим берүү, банк карталарын колдонуу жана насыя алуу процессин терең түшүндүрүп беришти.
Семинардын катышуучуларына банк тарабынан атайын белектер тапшырылды.
Иш-чара студенттер үчүн абдан пайдалуу жана кызыктуу болду. Студенттер банктык кызматтар тууралуу жаңы маалыматтарга ээ болуп, финансылык пландоонун маанилүүлүгүн түшүнүштү.

14-апрелде окуу жайыбызда 12-апрель – Космонавтика күнүнө карата I-курс студенттери арасында кызыктуу викторина өткөрүлдү.
Максаты:
Студенттерге космонавтика тарыхы жана космос жөнүндө маалымат берип, алардын логикалык ой жүгүртүү, аналитикалык жөндөмдөрүн өнүктүрүү.
Милдеттери:
• Космос жаатындагы билимди тереңдетүү;
• Тарыхый фактыларды эстеп калуу жөндөмүн арттыруу;
• Изденүүчүлүк жана кызыгуу сезимин ойготуу;
• Улуу илимпоздордун эмгегин баалоого үйрөтүү;
• Командалык ишти жана биргеликте ойлоону өнүктүрүү.
Викторинанын жүрүшү:
Иш-чара 4 этаптан туруп, 5 команда катышты (ар биринде 3 студент). Ар бир туура жооп үчүн 5 упай берилди. Тартип бузгандардан упай кемитилди.
Этаптар:
1. Команданы тааныштыруу
2. “Ооба же Жок”
3. Планетаны тандап, маалымат берүү
4. Суроолорго жооп берип, Космонавтика күнүнүн маанисин түшүндүрүү
Тарыхый маалымат:
1961-жылы 12-апрелде Юрий Гагарин “Восток-1” кемеси менен алгачкы жолу космоско учуп, Жерди 108 мүнөттө айланып чыккан. Бул окуя космосту изилдөөдө жаңы доорду ачкан. 1962-жылы бул күн СССРде расмий майрам болуп жарыяланган. 2011-жылы БУУ бул күндү Эл аралык адам космоско учкан күн катары белгилеген.

2025-жылдын 11-апрелинде Т.Кулатов атындагы Кызыл-Кыядагы тоо-техникалык, инновация жана экономика колледжинде өзгөчө маанилүү иш-чара болуп өттү. 6-Апрель – Эл аралык спорт күнүнө карата I-курстун студенттеринин арасында футбол боюнча мелдеш уюштурулду.
Бул мелдештин негизги максаты — мамлекеттик тилди даңазалоо менен бирге, жаштарды спорт аркылуу тарбиялоо, улуттар аралык ынтымакты чыңдоо жана сергек жашоо образын калыптандыруу болду. Футбол таймашы достук маанайда өтүп, катышуучулар чыныгы командалык оюн жана спорттук адептүүлүктү көрсөтүштү.
Иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулуп, мыкты оюн көрсөткөн тайпалар жана оюнчулар төмөнкү номинациялар боюнча сыйланышат: “Мыкты оюнчу”, “Мыкты чабуулчу” жана “Мыкты коргоочу”. Бул сыйлыктар студенттердин мотивациясын арттырып, спортко болгон кызыгуусун дагы да күчөтөт.
Бул сыяктуу иш-чаралар жаштардын мекенчилдик сезимин бекемдеп, мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жана улуттар аралык ынтымакты чыңдоого чоң салым кошот. Спорт — ден соолуктун гана эмес, коомдук биримдиктин да булагы экенин дагы бир ирет далилдеди.
Эл үчүн, тил үчүн жана ынтымак үчүн өткөн бул мелдеш көпкө чейин студенттердин эсинде калаары бышык.

Колледжибизде өткөрүлгөн, окуу жайыбыздын расмий “Instagram” баракчасындагы конкурстун жыйынтыгында үч студентибиз жеңишке жетишип, ар бири 2000 сомдон акчалай сыйлык жана ардак грамота менен сыйланышты.
Иш-чарада колледжибиздин мүдүрү Матосмонов Ж.Дж. өз сөзүндө жеңүүчү студенттерди куттуктап, аларга мындан аркы билим жолунда чоң ийгиликтерди каалады. Ошондой эле, окуу жайыбыздын активдүүлүгүн арттырууга жана колледждин коомдук иштерине кошкон салымдары үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Жолугушууда эрте никеге туруу, зордук-зомбулуктун алдын алуу, жыныстык гигиенаны сактоо боюнча маанилүү маалыматтарды Кызыл-Кыя шаарынын ГСВ-11 үй-бүлөлүк даарыгерлер тобунун клиникалык жетекчиси Исманова 3. Ш. берип өттү. Ошондой эле, колледждеги медайым Мисирова да жолугушууга катышып, өз кеңештерин берди.
Иш-чаранын жүрүшүндө балдардын мажбурлап никеге туруу жана «ала качуу» сыяктуу терс көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча билим берүү маанилүү экендиги белгиленди. Студенттерге жыныстык ден соолукту сактоо, эрте жана мажбурлап никеге туруу, ошондой эле жыныстык жол менен жугуучу оорулардын алдын алуу тууралуу маалыматтар берилди. Жолугушуу студенттер менен кенен баарлашып, суроо-жооп форматында өттү.
Бул иш-чарага 70 студент жана 12 окутуучу катышып, көптөгөн кызыктуу жана маанилүү маселелер көтөрүлдү.
Иш-чараны уюштурууда колледждин директорунун орун басары, мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча жооптуу Э. Т. Далибаева өзүнүн активдүү катышуусун көрсөттү.

2025- жылдын 4-апрелинде колледжибизде 7-апрель Революция күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.
Бул күнү студенттер тарабынан уюштурулган сахналык көрүнүштөр менен революциянын тарыхы жана анын маңыздылыгы терең түрдө көрсөтүлдү. Иш-чарада студенттер тарыхый учурларды өздөрүнүн чыгармачылык өнөрлөрү аркылуу жеткирип, көрүүчүлөргө күчтүү таасир калтырышты.
Студенттердин ар түрдүү роль жаратуусу, чыгармалары жана сахналык оюндар аркылуу 7-апрель революциясынын жүрүшү жана анын Кыргызстандагы коомдук-саясий турмуштагы мааниси терең талданып, тартууланды.
Бул иш-чара студенттер үчүн чоң тажрыйба болуп, алардын чыгармачылыгын жана тарыхты түшүнүүсүн өркүндөтүүгө өбөлгө түздү.
Иш-чаранын жүрүшүндө көрүүчүлөр, кандай гана кыйынчылыктарга карабай, ар бир адамдын эркиндиги үчүн күрөшүүгө даярдыгы тууралуу терең ой жүгүртүүгө түртүлдү. Ошондой эле, 7-апрель революциясы Кыргызстандагы саясий өзгөрүүлөрдүн башталышы болуп, биздин коомду демократиялык багытта өнүктүрүүгө түрткү берген маанилүү окуя катары баяндалды.
Бул иш-чара, студенттердин патриоттук сезимдерин күчөтүп, 7-апрель күнүнүн тарыхый маанисин жаштарга түшүндүрүүгө зор мүмкүнчүлүк түздү.

2025-жылы 5-апрель күнү, колледжибиздин жамааты тарабынан Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын буйругунун негизинде, бөлүнүп берилген жерди тазалоо жана көрктөндүрүү иштерин уюштуруу үчүн ишембилик өткөрүлдү.
Ишембиликте жамаат мүчөлөрү биргеликте кайраттуу иштеп, аймактын тазалыгын сактап, аны көрктөндүрүүдө өз салымдарын кошушту.

2025-жылдын 4-апрель күнү “Экономика жана менеджмент” циклынын окутуучулары Ибройева Лолахон Абдумуталиповна жана Джалалова Бусапия Мурзабаевна тарабынан I-курс Банк иши-1-2024 жана Банк иши-2-2024 тайпаларына Куратордук саатта “7-апрель Элдик Революция” аттуу темада иш-чара өткөрүлдү.
Бул иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулуп, студенттер активдүү катышып, кызыктуу талкууларды жүргүзүштү.
Андан тышкары, Тарых сабагынын окутуучулары да конок катары катышып, өз ойлорун жана тажрыйбаларын катышуучулар менен бөлүшүштү. Иш-чаранын максаты студенттердин тарыхый билүүсүн бекемдеп, коомдук-экономикалык түшүнүктөрдү кеңейтүү болуп саналат.Показать перевод

2025-жылдын 3-апрелинде колледжибиз Т.Кулатов атындагы Кызыл-Кыядагы тоо техникалык, инновация жана экономика колледжибизде Кызыл-Кыя шаарыбыздын аймагында өтүүчү «Үлгүлүү үй, көчө жана квартал» наамын ыйгаруу боюнча кароо-сынак боюнча жыйыны болуп өттү.
Аталган иш-чаранын негизги максаты — шаардын коомдук өзүн-өзү башкаруу комитеттеринде жашоо шарттарын жакшыртуу, маданий деңгээлди көтөрүү, биримдикти жана урмат-сый мамилелерин чыңдоо, ошондой эле экологиялык жактан таза жана ыңгайлуу аймактарды түзүү болду.
Көчөлөрдүн жана кварталдардын жакшырышына багытталган мындай иш-чаралар шаардын өнүгүүсүнө чоң салым кошот.

📅 Бүгүн, 2025-жылдын 3-апрель күнү, Т. Кулатов атындагы Кызыл-Кыядагы тоо-техникалык, инновация жана экономика колледжинде Экономика жана менеджмент циклынын студенттерине Маматова Айнура эжей Санариптештирүү экономика тармагында маанилүүбү? аттуу темада диспут өткөрдү!
🔹 Экономиканын өнүгүүсүнө санарип технологиялар кандай таасир этет?
🔹 Санариптештирүү жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачабы же көйгөйлөрдү жаратабы?
🔹 Кыргызстанда санариптик экономика канчалык деңгээлде өнүгүп жатат?
📊 Студенттер санариптештирүү боюнча презентация жасашып кызуу талкуу жүргүзүшүп, ар тараптуу пикирлерин ортого салышты. Санариптик технологияларсыз экономика өнүгө албай турганын дагы бир жолу далилдешти!
🌍 Келечек – санарипте! 📲Показать перевод

Бүгүн, 2025-жылдын 3-апрель күнү, Т. Кулатов атындагы Кызыл-Кыядагы тоо-техникалык, инновация жана экономика колледжинде “Банк иши” адистигинин 2-курс студенттерине Мамажанов Абдулазиз агай шыктандыруучу мастер-класс өттү!
📌 Мастер класстын темасы: Брендинг жана компаниянын имиджин башкаруу.
💡 Бренд деген эмне?
🔹 Логотиппи? Ооба, бирок андан да маанилүүсү – кардарлардын жүрөгүндө калган таасир!
🔹 Компаниянын имиджи ишеним жаратат, ишеним болсо ийгиликке жол ачат!
🔹 Чыныгы бренд сапаты жана баалуулуктары менен айырмаланат!
💼 Студенттер маркетингдин күчүн, бренддин ийгиликтеги ролун, ишенимдүү имидж түзүүнүн жолдорун жана кардарлардын ишенимин бекемдөө сырларын терең талкуулашты.
📊 Теорияны практикага айлантуу максатында, катышуучулар тайпаларга бөлүнүп, өз алдынча бренд түзүүгө аракет кылышты! Кызыктуу идеялар, чыгармачыл мамиле жана пайдалуу билим – бул мастер-класстын жемиши!
🔥 Кесипкөйлүккө карай дагы бир кадам! 🔥

Бүгүн колледжибиздин “Экономика жана менеджмент” циклынын жумалыгынын алкагында 2-курстун студенттери арасында «Мен жана менин кесибим» аттуу маанилүү жана кызыктуу тема боюнча викторина өткөрүлдү.

2025-жылдын 31-мартынан 4-апрелине чейин Төрөбай Кулатов атындагы Кызыл-Кыядагы тоо-техникалык инновация жана экономика колледжинде “Экономика жана менеджмент” циклынын жумалыгы өтүүдө. Бул иш-чара студенттердин кесиптик билимин өркүндөтүү, практикалык көндүмдөрүн жакшыртуу жана эмгек рыногунун талаптарына даярдоо максатын көздөйт.
31-март күнү жумалыктын ачылышында студенттер менен окутуучулар кесиптерине байланыштуу көргөзмөлөр уюштурушту, анда экономика жана менеджмент боюнча стенд-газеталар, практикалык жумуштар, бухгалтердик бланктар жана экономика багытындагы китептер сунушталды. Ошондой эле, окутуучулардын иш кагаздары боюнча презентация өткөрүлүп, окутуу процесстери талкууланды.
1-апрелде “Экономика жана менеджмент циклындагы адистиктердин практика боюнча абалы жана көйгөйлөрү” аттуу тегерек стол өткөрүлүп, ага финансылык жана салык мекемелеринин өкүлдөрү катышты:
1. Бешир оглы М. – «Оптима Банк» ААК Кызыл-Кыя филиалынын ага адиси
2. Равшанжанов Б. – “МБанк” ААК Кызыл-Кыя филиалынын насыялоо бөлүмүнүн эксперти
3. Мумбаев Р. – Элдик Банк ААК Кызыл-Кыя филиалынын насыялоо бөлүмүнүн башчысы
4. Сайпиев Г. – Дос-Кредобанк ААК Кызыл-Кыя филиалынын башчысынын орунбасары
5. Ашимжанов Ж. – Айыл Банк ААК Кызыл-Кыя насыялоо бөлүмүнүн эксперти
6. Юлдашев Б. – Мамлекеттик салык кызматынын Кызыл-Кыя шаардык башкармалыгынын ага адиси
7. Каратаева Н. – “МБанк” ААК Кызыл-Кыя филиалынын насыялоо бөлүмүнүн башчысы
3-курстун студенттери өздөрүнүн практикадан алган тажрыйбалары боюнча презентация жасап,
🔹 Студенттердин өндүрүштүк практика учурундагы жетишкендиктери жана кыйынчылыктары;
🔹 Банктарда, финансылык мекемелерде жана салык кызматтарында ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрү;
🔹 Эмгек рыногундагы талаптар жана жаш адистердин алдына коюлган чакырыктар;
🔹 Бухгалтерия, насыялоо жана ишкердик башкаруу тармактарында жаңычыл технологияларды колдонуу боюнча иш берүүчүлөр, окутуучулар жана студенттер менен суроо-жооп талкуусун өткөрүштү.
Бул иш-чаралар студенттерге теориялык билимин практикада колдонууга, кесиптик компетенцияларын өркүндөтүүгө жана иш берүүчүлөр менен тыгыз байланыш түзүүгө чоң мүмкүнчүлүк түзүүдө.

Чемпионаттын негизги максаты — жумушчу кесиптердин маанисин жана өзгөчөлүктөрүн кеңири коомчулукка түшүндүрүү, ошондой эле бул кесиптерди популярдаштыруу. Чемпионатка Баткен облусунун 10 кесиптик лицейи жана колледжибизден баары болуп, 27 студент катышып, 3 кесиптик багытта өз күчтөрүн сынашты: мода технологиясы, ашпозчулук жана электр ширетүү технологиясы.
Иш-чара расмий түрдө №70-Кесиптик лицейде ачылып, андан соң катышуучулар 2 лицейге бөлүштүрүлдү: №70 жана №7 Кесиптик лицейлер. Отурумдун ачылышын №70-Кесиптик лицейдин директору Ибрагим кызы Орунгүл баштап, Кызыл-Кыя шаарынын биринчи вице-мэри Бабаев Илиязбек Дооранбекович, Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Бегалиева Гульнур Жашасыновна, “WorldSkills” коомдук фондунун директору Эсенбекова Чолпон Насирдиновна, ошондой эле эксперттик топтун мүчөлөрү Аманова Нурзат жана Алымбаев Бакыт кайрылышты. Алар өз сөздөрүндө чемпионаттын маанисин жана маанилүүлүгүн белгилеп, катышуучуларга ийгиликтерди каалашты.
Чемпионаттын жыйынтыгы күндүн аягында, саат 19:00до чыгарылып, жеңүүчүлөр аныкталды. Ошондой эле, колледжибиздин атынан катышкан студентибиз: Орунбаева Акмарал Алтынбековна I-орунду багындырды. Жеңүүчүлөр республикалык турга катышууга укук алышты. Баткен облусунун ар бир кесиптик багытынан бирден жеңген студент Бишкек шаарына жөнөтүлөт.
Бул иш-чара жумушчу кесиптерге болгон көңүлдү арттырып, келечектеги адистердин өз кесибине болгон кызыгуусун жана каалоосун жандандырып, кесиптик билим берүүнү дагы да өнүктүрүүгө чоң салым кошот.

Кызыл-Кыя шаарынын калкынын саламаттыгын сактоо боюнча координациялык комиссиясынын №2-протоколунун негизинде, 24-мартта Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө арналган иш-чара окуу жайыбыз Төрөбай Кулатов атындагы Кызыл-Кыядагы тоо техникалык, инновация жана экономика колледжибизде өткөрүлдү. Анын темасы: “Кургак учукка жол жок” — “Ооба! Биз кургак учукту токтото алабыз!”
Иш-чарада кургак учук даарыгери Ажимаматова А.А. жана ден соолукту чыңдоо адиси Касымова М.С. семинар өткөрүштү. Кургак учук өпкөнүн микробактериясы түшкөн ткандарда сезгенүү жана некроз процесстерин жаратып, акырында кальций туздары топтолуп, орган бир аз начарласа, инфекциянын таралышы мүмкүн экенин түшүндүрүштү.
Иш-чарага 280ден ашуун студент жана 16 окутуучу катышып, кеңири суроо-жооп сессиясы уюштурулуп, студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорго так маалымат алышты.

21-март — Нооруз майрамына карата уюштурулган “Жазгы элеганттуулук жана саркеч көргөзмөсүнүн негизги максаты – студенттердин чыгармачылык жөндөмүн өнүктүрүү, келечектеги кесибине болгон кызыгуусун арттыруу жана мода дүйнөсүнө жаңы креативдүү идеяларды алып келүү болгон.
Иш-чарага 25 бүтүрүүчү модельер кыздар жана 80 модель кыздар катышып, алардын ар биринин өзгөчө коллекциялары эмгектери сахнада тартууланды.
Колледждин мүдүрү Матосмонов Жеңишбек Жамалдинович жана “Технология” циклынын окутуучусу жаш модельер кыздардын тайпа жетекчиси Айбашева Айсулуу Салижановна студенттерди майрамы менен куттуктап, колледждин атын чыгарган активдүү жана таланттуу жаш модельерлерге диплом жана баалуу белектерди тапшырышты.

21-март күнү Төрөбай Кулатов атындагы Кызыл-Кыядагы тоо-техникалык, инновация жана экономика колледжинде Нооруз майрамына арналган концерттик иш-чара уюштурулду. Иш-чаранын максаты – Ноорузду даңазалоо, жаштарга тарбия берүү, биримдикти чыңдоо жана майрамдык маанай тартуулоо болду.
Колледждин мүдүрү Жеңишбек Жамалидинович Матосмонов ачылыш сөзүндө:
“Жаз менен бирге көптөн күткөн Нооруз да келди. Бул – жакшылыктын, биримдиктин жана жаңылануунун майрамы!” – деп куттуктады.
Кызыл-Кыя шаарынын мэринин орун басары Ильяз Бабаев жана “Ак-Булак” маданият бөлүмүнүн директору Лайли Арапова майрамдык каалоо-тилектерин жолдошту.
Концерттик шоу-программада Динара Садыбакасова ыр белек тартуулады. Андан соң, КМиТШИ-2-23 тайпасынын кыздары кыргыз бийин жана колледждин кыздары өзбек бийин аткарып, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулашты.
Нооруз – жаңы үмүт, жаңы башат! Жерибизде тынчтык, элибизде биримдик болсун!
Нооруз майрамыңыздар кут болсун!

2025-жылдын 7-март күнү биздин колледжде 8-март — Эл аралык аялдар күнүнө карата “Ажарлуусуң аялзат” аттуу зор майрамдык иш-чара өткөрүлдү.
Бул күндүн маани-маңызына ылайык, иш-чарада агайларыбыз аялзатын чын жүрөктөн куттуктап, аларга камкордугу, эмгеги жана улуулугу үчүн ыраазычылык билдиришти. Иш-чара концерттик программа менен коштолуп, катышуучуларды шыктандырып, ыр жана бийлер менен коштолду.
Аялдар күнүнүн урматына арналган бул иш-чара колледжибиздин табигый атмосферасын арттырып, куттуктоолордун жана жаркын маанайдын чагылдыруусунда өзгөчө мааниге ээ болду.

2025-жылдын 6-мартында Т. Кулатов атындагы Кызыл-Кыя тоо-техникалык, инновация жана экономика колледжинде колледждин мүдүрү Матосмонов Ж. Дж. «Коррупцияга каршы күрөшүү» боюнча жыйын өткөрдү. Жыйынга колледждин жетекчилиги, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комиссиянын төрагасы жана мүчөлөрү, ошондой эле тайпалардын башчылары (старосталары) катышышты.
Жыйындын негизги максаты – билим берүү мекемесинде студенттер арасында коррупцияга каршы күрөшүүнүн маанилүүлүгүн түшүндүрүү жана мыйзамдуулукту сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү болду.
Чогулушта мүдүр Матосмонов Ж. Дж. билим берүүдө акыйкаттыкты сактоо, ар кандай мыйзамсыз аракеттерге жол бербөө жана коррупциянын кесепеттери тууралуу кеңири баяндама жасады. Ошондой эле, студенттердин укуктары жана милдеттери, адеп-ахлактык нормаларды сактоо маселелери боюнча пикир алмашуу жүргүзүлдү.
Колледждин коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комиссиясынын төрагасы Мамажанов А. М. окуу жайда коррупцияга жол бербөө жана ага каршы күрөшүү тууралуу сөз сүйлөп, бул багытта жүргүзүлүп жаткан иш-чараларга токтолду.
Жыйындын соңунда колледжде коррупцияга каршы күрөшүү боюнча студенттердин активдүү катышуусун камсыз кылуу, мыйзам бузуулар тууралуу маалымат берүү механизмдерин күчөтүү жана алдын алуу чараларын көрүү боюнча биргелешкен иш-аракеттер кабыл алынды.
Бул жыйын студенттер арасында калыстыкты жана адилеттикти орнотуу менен, билим берүү мекемесиндеги таза жана ачык-айкын чөйрөнү калыптандырууга багытталган маанилүү кадам болду.

2025-жылдын 6-мартында Т. Кулатов атындагы Кызыл-Кыя тоо-техникалык, инновация жана экономика колледжинде «Поэзия керемети» аттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чаранын негизги максаты – сезимдин сереси болгон поэзиянын керемет дүйнөсүнө саякат жасап, улуу мурас болгон ыр дүйнөсүн даңазалоо, анын күчүн терең сезүү жана жаш калемгерлерге дем берүү.
Иш-чараны колледжибиздин мүдүрү Матосмонов Ж. Дж. ачып, катышуучуларга жана жаш калемгерлерге чыгармачылык ийгиликтерди каалады. Поэзия жаатында эмгектенген белгилүү коноктор иш-чаранын көркүн ачышты. Алардын катарында Баткен мамлекеттик университетинин Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институтунун (БатМУ КГПИ) доценти Кочконов А. К., «Акыл кенч» китеп дүкөнүнүн негиздөөчүсү, педагог жана психолог Топчубаева П. А., Кыргыз жазуучулар союзунун мүчөсү, «Беш акын» долбоорунун катышуучусу, бир нече китептин автору, акын, жазуучу, обончу, аткаруучу жана редактор Тайполотова М. А., ошондой эле «Кызыл-Кыя куту» гезитинин редактору Жоробековдор катышышып, жаш калемгерлерге өз акыл-насааттарын айтышып, чыгармачылык ийгиликтерди каалашты.
Бул иш-чара колледжибиздин тажрыйбалуу окутуучусу, филология илимдеринин кандидаты Ураимов К. О. нун жетекчилиги астында БатМУ КГПИнин гуманитардык факультетинин 3-курсунун студенттери, учурда колледжибизде окуу практикасынан өтүп жаткан Шерали к. Д. жана Саматова Г. А. тарабынан уюштурулуп, мыкты деңгээлде өткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө колледжибиздин жана БатМУ КГПИнин жаш калемгер студенттеринин чыгармалары аткарылды. Бардык катышуучуларга чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз!

Жыл сайын 5-мартта Кыргызстанда улуттук баш кийимибиз – Ак калпакты даңазалоо максатында “Ак калпак күнү” белгиленет. Быйыл да бул маанилүү күнү Төрөбай Кулатов атындагы Кызыл-Кыядагы тоо-техникалык, инновация жана экономика колледжинде Ак калпак жана Туу күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Кылымдарга желбирей бер, кыргыз Туусу!
Асмандан жарык көрсөң, жылдыз деп бил,
Ак калпак кийгендерди кыргыз деп бил!
Иш-чаранын расмий бөлүгү колледждин директору Матосмонов Женишбек Джамалдиновичтин куттуктоо сөзү менен башталды. Ал жалпы жамаатты жана студенттерди майрам менен куттуктап, Ак калпак күнү жана Кыргызстандын Мамлекеттик туусу тууралуу кеңири маалымат берип, бул улуттук баалуулуктарыбызды ардактоо, урматтоо ар бир жарандын ыйык милдети экенин белгиледи. «Ак калпагыбыз башыбыздан түшпөй, туубуз түбөлүк желбирей берсин!» – деген тилегин билдирди.
Салттуу баалуулуктарды даңазалоого жана келечек муунга жеткирүүгө багытталган бул иш-чара маданий программа менен улантылып, катышуучулар үчүн өзгөчө майрамдык маанай тартуулады.
Мамлекеттик Туунун жана Ак калпактын маанисин терең түшүнүү, алардын тарыхын урматтоо – ар бир кыргызстандык үчүн өзгөчө сыймык.

2025-жылдын 1-2-март күндөрү Төрөбай Кулатов атындагы Кызыл-Кыядагы тоо-техникалык, инновация жана экономика колледжинин эмгек жамааты жалпы ишембиликке активдүү катышып, шаарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерин жүргүзүштү.
Ишембиликтин жүрүшүндө колледждин окутуучулары жана техникалык кызматкерлери айлана-чөйрөнү тазалоо, бөлүнгөн участокторду ирээтке келтирүү жана жашылдандыруу боюнча биргелешип иш алып барышты. 2-март күнү болсо, колледждин айланасына жаңы көчөттөр отургузулуп, экологияны жакшыртууга жана жашыл мейкиндикти көбөйтүүгө өзгөчө салым кошулду.
Бул иш-чаралар шаардын экологиялык абалын жакшыртуу жана жашылдандыруу багытында маанилүү кадам болуп, колледж жамаатынын айлана-чөйрөгө болгон камкордугун даңазалады. Мындай иш-аракеттер шаардын көркүн ачып гана тим болбостон, коомчулукту жаратылышты коргоого жана сактоого үндөөчү үлгүлүү демилге болуп саналат.

“Аялдар тынчтык банкы” коомдук фондунун “Седеп” долбоорунун алкагында 25-февраль күнү Төрөбай Кулатов атындагы Кызыл-Кыядагы тоо-техникалык, инновация жана экономика колледжинин студенттери жана “Седеп” долбоорунун кыз-келиндери үчүн “Бизнес жана маркетинг негиздери” боюнча тренинг болуп өттү. Окутууну тренер, маркетолог Ак-Набат Казыбекова өттү.
Тренингде “Седеп” долбоорунун катышуучуларына жана студенттерине бизнестин негиздери маркетинг боюнча маалымат берилди.
Маркетингдин мисалдары, бизнес моделдери жана ийгиликтүү ишкерлердин мисалдары менен көрсөтүлдү. Тренингдин катышуучулары максаттуу аудиторияны талдоо, өнүмдөрдү позициялоо жана жылдыруу стратегиялары сыяктуу негизги маркетинг принциптери менен таанышты.
Негизги бизнес моделдери да камтылган, анын ичинде B2B, B2C жана C2C, жергиликтүү жана эл аралык бизнестин мисалдары менен үйрөтүлүп, катышуучулар суроолоруна жоопторду алышты.
Санарип маркетингине, анын инструменттерине жана заманбап ишкердиктеги маанисине өзгөчө көңүл бурулду. Ак-Набат Казыбекова эффективдүү жарнамалык канал катары социалдык тармактарга кеңири токтолуп, уникалдуу сатуу сунушун (USP) түзүүнү жана бизнесте жеке брендди өнүктүрүүнү түшүндүрүп берди.
Тренингдин практикалык бөлүгүндө катышуучулар топтордо иштешип, өздөрүнүн продукциясын сатуунун жолдорун карап чыгышты,жана сатууларды иш жүзүндө аткарып мүчөлөрү.
Тренингдин соңунда студенттер жана долбоордун мүчөлөрү алган билиминин баалуулугун белгилешип, уюштуруучуларга ыраазычылыктарын билдиришип, келечекте дагы ушул сыяктуу тарбиялык иш-чараларга катышуу каалоолорун билдиришти.
______
«СЕДЕП» долбоору Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен «Аялдар тынчтык банкы» коомдук фонду тарабынан Pro.NGO! e.V. уюму (Кельн, Германия) менен өнөктөштүктө аткарылууда.

2025-жылдын 21-февралында Т. Кулатов атындагы Кызыл-Кыядагы тоо-техникалык, инновация жана экономика колледжинде Эл аралык эне тил күнүно карата эне тилибизди өркүндөтүүгө багытталган маанилүү иш-чара өткөрүлдү.
Окутуучулар жана студенттер эне тилдеринин дүйнө жүзүндөгү орду жана милдети тууралуу терең талкууларды жүргүзүштү. Эне тилдеринин өнүгүшүнө салым кошуу, аны кеңири колдонуу жана улуттук тилибизди сактоо — бардык жарандарыбыздын, өзгөчө жаш муундардын милдети экени белгиленди.
Бул иш-чара колледждин активдүү студенттери тарабынан уюштурулуп, кыргыз тилине болгон урмат-сыйды арттыруу максатында атайын ырлар, обондуу чыгармалар аткарылды.
Иш-чаранын негизги максаты – биздин улуттук тилибизге болгон сүйүүнү арттыруу, кыргыз тилин келечек муундар үчүн сактап калуу жана аны күнүмдүк жашоодо кеңири колдонуу үчүн бардык аракеттерди көрүү.
Өлкөбүздө кыргыз тилинин абалы жана аны өнүктүрүүгө багытталган аракеттерге зор салым кошоорун көрсөтүп, жаш муундарды тилди урматтоого жана аны сүйүүгө чакырды.

23-февраль Ата-мекенди коргоочулардын күнүнө карата жалпы агайларыбыз менен кошо эмгек кызматкерлерибизге белектер тапшырылды. Иш-чаранын алкагында, студенттерибиз ыр-бийлерди аткарып, эжекелер өздөрүнүн каалоо тилектерин айтышты.
Ата-Мекенди коргоочулардын күнүн белгилөө – биздин өлкөнүн коргоочуларына болгон терең урмат-сыйыбызды жана алардын ар бирине ыраазычылык билдирүү мүмкүнчүлүгүбүз. Бул күн мекенге болгон сүйүү, патриоттук сезимдерди арттырып, жалпы өлкөбүздүн эркиндикке болгон ар бир кадамында жоокерлердин катаал эмгегинин маанилүүлүгүн дагы бир жолу түшүнүүгө жардам берет.

2024- жылдын 11-12-декабрында Билим берүү жана илим министрлиги алдындагы “Валидациялоо жана сертификациялоо” борбору жана министрлик менен Азия өнүктүрүү банкы тарабынан ишке ашырылып жаткан “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында Төрөбай Кулатов атындагы Кызыл-Кыядагы тоо-техникалык, инновация жана экономика колледжинде өткөрүлгөн “Тикмечи/бычмачы” кесиби боюнча валидация жараянына катышып ийгиликке жетишкен катышуучуларга 2025- жылдын 10-февралында сертификаттар тапшырылды.
Ардактуу катышуучулар!
Сиздерге “Тикмечи/бычмачы” кесиби боюнча валидация жараянын ийгиликтүү аяктап, сертификаттарды алуу менен чоң жетишкендикке жеткендигиңиздер үчүн чын жүрөктөн куттуктайбыз! Бул сиздердин эмгегиңиздердин жана тажрыйбаларыңыздардын жыйынтыгы. Алга карай жылып, жаңы бийиктиктерди багындырып, кесипкөй жана компетенттүү адис катары өсүүгө салым кошууга уланта бериңиздер!
Ийгиликтер ар дайым сиздер менен болсун!

Каралуучу маселелер:
1). Кышкы сессияга даярдык;
2). Практиканын иш абалы;
3). Китепкананын жана электрондук китепкананын абалы;
4). Ар түрдүү маселелер.
Жыйындын жыйынтыгы менен төмөндөгүдөй чечимдер кабыл алынды:
1). I-курстардын жыйынтыктоочу баасы бекитилген график боюнча тапшырылат;
2). Предметтиктер жыйынтыкталуучу бааны тест түрүндө алат;
3).Баалар өз убагында Е-bilimге киргизилет.
4). II-III-курстардын Модулдук рейтингдик системасы түзүлүп, окутуучуларга берилет.
5). Цикл башчыларынын жана окутуучулардын жарым жылдык отчеттору каралып, талдоо отчеттору даярдалат.
6). Тайпалардын жетишүүсү жана катышуу боюнча жарым жылдык отчет даярдалат.
7). Биринчи жарым жылдык жыйынтыктын негизинде окутуучулардын рейтинги чыгарылат.
8). Коррупцияга каршы күрөшүү чаралары көтөрүлөт.
9). Куратордук сааттардын темаларына даярданып, иштелип чыгарылат.
Жогорку чечимдерге каршы, калыс жок баары макул болушту.
Кеңешменин төрагасы: Матосмонов Ж.Дж.
Кеңешменин катчысы: Юсупова А.Ж.
Окуу жайдын маалыматтык камсыздоо кызматы

Бул курстун негизги максаты – электр тармагындагы технологиялар менен таанышуу, кесиптик жөндөмдөрдү өркүндөтүү жана билим берүү процессине инновацияларды киргизүү болуп саналат.
Мындан тышкары, катышуучулардын заманбап талаптарга жооп берген квалификациялуу адистерди даярдап, аларды кесипкөй адис катарында калыптандырууга көмөк көрсөтүү жана аймактагы энергетикалык тармактын өнүгүүсүнө салым кошуу максатын көздөйт.
Бул 72 сааттык квалификацияны жогорулатуу курсу колледждин Алдыңкы тажрыйба борборунда уюштурулду.

2024-жылдын 10-декабрында окуу жайыбыздын «Гуманитардык жана табигый илимдер” циклынын 2024-2025-окуу жылындагы цикл жумалыгынын ачылышы окуу жайыбыздын мүдүрү Матосмонов Ж. Дж. жана окутуучулар менен студенттердин катышуусунда өттү.
Ачылышта көргөзмөлөр жана презентациялар уюштурулду. Цикл башчы жана окутуучулар 2024-2025-окуу жылына пландарын жана максаттарын баяндап, студенттерге мотивация берип, өз ара байланыштарды жакшыртууга багытталган сунуштар менен бөлүшүштү.
Бул иш-чара студенттер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү, окутуучулар үчүн болсо өз ишмердүүлүгүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берди.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2024-жылдын 18-ноябрындагы №307б буйругун аткаруу максатында, Кызыл-Кыя шаарында 20-ноябрдан 20-декабрына чейин ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга даректүү материалдык жана социалдык колдоо көрсөтүү иш-чарасынын алкагында, окуу жайыбыздын студенттери бүгүн мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга кабар алуу үчүн барып, аларга акчалай жана тамак-аш азыктары менен жардам беришти.
Бул иш-чара 3-декабрь Эл аралык майыптар күнүнө карата өткөрүлүп, атуулдардын коомдук жашоого активдүү катышуусун колдоо жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга кам көрүү максатын көздөйт.


2024-жылдын 2-декабрь күнү окуу жайыбызда ВИЧ / СПИД илдеттери боюнча жарыяланган айлык алкагында Кызыл-Кыя ЖДПБнун ДЧК адиси жана санэпид кызматкерлери тарабынан студенттерге “ВИЧти алдын алуу жана даарылоо” деген темада семинар өткөрүлдү.
Семинарда студенттерге жана окутуучуларга ВИЧ / СПИД оорусунун коркунучтары, алдын алуу жолдору жана туура дарылоо боюнча кеңири маалымат берилди. Мындан тышкары, видеороликтер көрсөтүлүп, оору тууралуу толугураак маалымат берилди.
Семинардын соңунда студенттер менен активдүү суроо-жооптор өткөрүлүп, теманын мааниси талкууланды. Бул иш-чаранын максаты – студенттердин ВИЧ / СПИД боюнча маалыматын арттыруу жана ооруну алдын алуу аракеттерине көңүл буруу болуп саналат.









Кызыл-Кыя шаардык мэриясы тарабынан бүгүн Орозонун ыйык күнүндө 1-апрель күнү шаарыбызда Ифтар Базары уюштурулуп, анда көптөгөн окуу жайлар катышып, алардын катарын толуктоо менен бирге окуу жайыбыз: Т.Кулатов атындагы Кызыл-Кыя тоо техникалык, инновация жана экономика колледжинин: ТПиПСП жана КМиТШИ тайпаларынын студенттери толугу менен катышты.
Ифтар Базарына Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Маткалыков, мэрдин биринчи орун басары И.Бабаев, окуу жайыбыздын мүдүрү Ж.Матосмонов жана тамак-аш тармагындагы иш-каналар менен бирге шаарыбыздын тургундары да катышты.

Жаз мезгили келип, Кызыл-Кыя шаарында айлана-чөйрөнү тазалоо иштери жүрүүдө.
Ошондой эле 5-6- апрель күндөрү: окуу жайыбыз Т.Кулатов атындагы Кызыл-Кыя тоо-техникалык, инновация жана экономика колледжинин окутуучулары,кызматкерлери жана студенттери тарабынан окуу жайдын айлана-чөйрөсүндө да тазалоо иштери жүргүзүлүп, көчөттөр отургузулду.
Ишембиликке окуу жайыбыздын жалпы окутуучулары, кызматкерлери жана студенттери катышышты.

Жаздын жаркыраган күнү менен кошо Ыйык Рамазан айынын урматына жалпы эмгек жамаат тарабынан сүмөлөк кайнатылып, Кыргыздын даамдуу улуттук тамак-аштары бышырылды.
Шаарыбыздын мэри Маткалыков Асилбек Жоробаевич келип, өзүнүн каалоо тилектерин айтып, эмгек жамаатына жакшылык тилеп, сыйлуу коногубуз болду.
Окуу жайыбыздын мүдүрү Матосмонов Жеңишбек Джамалдинович окутуучуларын жана кызматкерлерин Ыйык Рамазан айы менен куттуктап, тынчылык, аманчылык жана үй -бүлөсүнө бактылуулук каалады.







Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-апрелиндеги “Кыргыз Республикасында балдарды, улгайган адамдарды жана майыптарды коргоонун эл аралык күнүн жыл сайын өткөрүү жөнүндөгү” №237 токтомун, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2024-жылдын 20-майындагы №128-б буйругун аткаруу максатында 1-июнь –Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган майрамды жогорку деңгээлде уюштуруу жана балдарды ар тараптан колдоо максатындагы буйруктун негизинде биздин окуу жайыбыз Т.Кулатов атындагы Кызыл-Кыя тоо-техникалык инновация жана экономика колледжинин жаштар уюму жана окутуучулары тарабынан акчалай жардам көрсөтүлүп, балдарга таттуулар белекке берилди. Ал эми ыктыярчы студенттер тарабынан балдардын көңүлүн көтөрүү максатында оюн-зоок тартууланды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө» 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022- жылдын 1- мартындагы №95 -тескемесин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүнүн 2024-жылдын 1- мартындагы №61-б буйругун аткаруу максатын негизинде: биздин окуу жайыбыз жааматы дагы 2024-жылдын 15- мартынан 15- июнуна чейин Кызыл-Кыя шаарынын аймагында көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча үч айлык тазалык иштерин аткарышты. Т.Кулатов атындагы Кызыл-Кыядагы тоо-техникалык инновация жана экономика колледжинин жааматы жана студенттери үч айлык тазалоо күнүнө карата активдүү катышышып, бак-дарактар отургузулуп, ишембилик иштери ар апта сайын өткөрүлдү.


Т.Кулатов атындагы Кызыл-Кыядагы Тоо-Техникалык, Инновация жана Экономика колледжинде соонун жаңылык! 2024- жылы Окуу жайыбыз:- Кесиптик лицейлердин окутуучуларынын кесиптик квалификациясын жогорулатуу максатында:7 багытта 72 сааттык кыска мөөнөттүү курстарды окутууга лицензия алды. Лицензия кут болсун! Эң бир жакшы жетишкендиктерге ээ болдук. Төмөнкү уюлдук байланыш менен байланышсаңыздар болот: +996776006800


2024-жылдын 24-июнунан 26-июнуна чейин Колледждин күндүзгү окуу бөлүмүндөгү II курстун бюджеттик жана контрактык негизиндеги студенттерин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2019-жылдын 17-сентябрындагы №1107/1 буйругунун негизинде “Кыргыз-тили жана адабияты”, ”Кыргызстандын тарыхы”, “Экологиянын негиздери жана Кыргызстандын географиясы” предметтери боюнча дисциплиналар-аралык жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоодон өтүштү.

Т.Кулатов атындагы Кызыл-Кыядагы тоо-техникалык, инновация жана экономика коледжинин «Айыл чарба продукцияларын өндүрүүнүн жана кайра иштетүүнүн технологиясы” адистигинин студенттери жер жемиштерден кыям, шербеттерди жасоо учурунда.

Т.Кулатов атындагы Кызыл-Кыядагы тоо-техникалык, инновация жана экономика колледжинде жаңы 2024-2025-окуу жылында абитуриенттерге каттоо башталды.
Адрес: болжол Айсулуу соода борборунун бет маңдайы.
Сиздер үчүн эшигибиз дайыма ачык.

2024-жылдын 1-2-июлунда Окуу жайыбыздын окутуучулар жамааты жалпы –жана – окуу жылындагы аткарган жумуштары,жүктөмдөрү жана өздөрүнө бөлүнгөн тайпалары боюнча жыл аягында жыйынтыктоочу отчетторун тапшырышты.
Отчет алгандар: Матосмонов Ж.Дж, Абдубаитов К.А, Саидкамолов У.С жана Мадаминов А.Т.
