
2026-жылдын 7-апрелинде ГжТИ циклынын окутуучусу Салаева С.К. тарабынан бекитилген графикке ылайык математика сабагынан мастер-класс өткөрүлдү.
Мастер-класстын темасы: «Пирамида. Туура пирамида жана беттеринин аянттары». Сабактын жүрүшүндө студенттерге пирамида түшүнүгү, анын түрлөрү, айрыкча туура пирамида тууралуу кеңири маалымат берилип, беттеринин аянттарын эсептөө ыкмалары практикалык мисалдар аркылуу түшүндүрүлдү.
Иш-чаранын максаты — студенттердин теориялык билимдерин тереңдетүү менен бирге, практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүү жана математикалык ой жүгүртүүсүн калыптандыруу болуп саналат.
Мастер-класс жогорку деңгээлде уюштурулуп, катышуучулар үчүн пайдалуу жана мазмундуу болду.

Бүгүн колледжибизде студенттердин активдүү катышуусунда ишембилик өткөрүлдү. Иш-чаранын алкагында окуу жайдын айланасы тазаланып, жашылдандыруу жана тартипке келтирүү иштери жүргүзүлдү.
Студенттер демилгелүүлүгүн көрсөтүп, жамааттык эмгектин үлгүсүн көрсөтө алышты. Мындай иш-чаралар айлана-чөйрөгө болгон жоопкерчиликти арттырып, ынтымакты бекемдөөгө өбөлгө түзөт.
Ишембилик жогорку деңгээлде уюштурулуп, бардык катышуучулар активдүү эмгек кылышты.

Бүгүн окуу жайыбызда Ош шаарындагы ИПК окуу жайынан келген окутуучулар тарабынан студенттерге жана окутуучуларга арналган мазмундуу конок лекциялар өткөрүлдү.
Алгач “Ааламга саякат: Технология, илим жана келечектин кесиптери” аттуу темада Темечикова Ыкыбал жана Шералиева Айнуска лекция окуп, заманбап технологиялардын өнүгүшү, илимдин ролу жана келечекте талап кылынуучу кесиптер тууралуу кеңири маалымат беришти.
Лекция катышуучулар үчүн шыктандыруучу жана багыт берүүчү мааниге ээ болду.
Ошондой эле “Экологиялык үчтүк: Табият, Энергия жана Жашоо” темасында Мурзали кызы Аида, Нурмаилова Жазгүл жана Талипбек кызы Айтгүл чыгып сүйлөп, экологиялык көйгөйлөр, энергияны үнөмдөө жана жаратылышты коргоонун мааниси тууралуу пайдалуу маалыматтарды бөлүшүштү.
Өткөрүлгөн лекциялар билим алмашууну чыңдап, студенттердин дүйнө таанымын кеңейтүүгө жана актуалдуу темалар боюнча түшүнүгүн тереңдетүүгө чоң салым кошту.

Колледжде Нооруз майрамы жогорку деңгээлде, улуттук каада-салттарды даңазалаган мазмундуу иш-чара катары өткөрүлдү. Майрамдын алкагында 1-курс студенттери арасында улуттук тамак-аштардын жарманкеси уюштурулуп, жаштардын чыгармачылыгы жана активдүүлүгү кеңири көрүндү.
Жарманкеде сумолок, манты, самсы, боорсок, токоч сыяктуу улуттук даамдар, ошондой эле кымыз, бозо, шоро өңдүү суусундуктар сунушталып, ар бир тайпа өзгөчө жасалгасы жана даамы менен айырмаланды. Жыйынтыгында мыкты командалар 1-2-3 орундар менен сыйланышты. Иш-чаранын ийгиликтүү өтүшүнө кураторлор чоң салым кошуп, студенттердин активдүү катышуусун камсыз кылышты.
Ошондой эле технология цикли тарабынан уюштурулган “Жаш дизайнер – 2026” аттуу көргөзмө өткөрүлүп, студенттердин чыгармачыл эмгектери коомчулукка тартууланды. Мындан тышкары, Ноорузга арналган улуттук даамдар конкурсу уюштурулуп, мыкты иштер аныкталды.
Майрамдык иш-чарага Кызыл-Кыя шаарынын вице-мэри Бабаев И. катышып, студенттердин аракетине жогору баа берди.
Белгилей кетсек, “Нооруз–2026” аттуу шаардык иш-чарада колледж жамааты тарабынан даярдалган сумолок жогорку баага татыган. Ушул салымы үчүн колледждин мүдүрүнө шаардын мэри тарабынан ыраазычылык кат тапшырылды.
Мындан сырткары, шаардык Нооруз майрамында колледжибиздин атынан активдүү кызмат кылган кызматкерлерге колледж жетекчилиги тарабынан ыраазычылык каттар ыйгарылды.
Бул сыяктуу иш-чаралар улуттук баалуулуктарды даңазалоо менен бирге жаштардын чыгармачылык потенциалын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

Бүгүн кыргыз тили жана адабияты сабагынын окутуучусу Сагынбек кызы Мээрим тарабынан ПОВТАС-1-25 тайпасынын студенттери үчүн “Төл сөз жана бөтөн сөз” темасында мастер-класс уюштурулуп, жогорку деңгээлде өткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө студенттерге төл сөз менен бөтөн сөздүн айырмачылыктары, колдонулушу жана грамматикалык өзгөчөлүктөрү кеңири түшүндүрүлдү. Сабак теория менен практиканы айкалыштыруу аркылуу өтүп, катышуучулар ар кандай тапшырмаларды аткаруу менен өз билимдерин бекемдешти.
Мастер-класстын негизги максаты – студенттердин тилдик компетенттүүлүгүн жогорулатуу, ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү жана сабаттуу сүйлөө көндүмдөрүн калыптандыруу болду.
Окутуучу тарабынан колдонулган заманбап усулдар сабактын натыйжалуулугун арттырып, студенттердин активдүү катышуусуна өбөлгө түздү.
Жыйынтыгында студенттер теманы жакшы өздөштүрүп, практикалык көндүмдөрүн өркүндөтүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Кызыл-Кыя шаарында Нооруз майрамы жогорку деңгээлде белгиленип, иш-чарага колледжибиздин жамааты да активдүү катышты.
Аталган майрамдык иш-чарага колледжибиздин мүдүрү Матосмонов Ж. Дж. баштаган окутуучулар жана кызматкерлер жамааты катышып, улуттук каада-салттарды даңазалоодо өздөрүнүн салымын кошушту.
Майрамдын алкагында колледж жамааты тарабынан өзгөчө көңүл бурулган жагдай – кыргыздын улуттук тамагы болгон сумөлөк даярдалып, ак бата менен келген конокторго сунушталганы болду. Бул салт Нооруз майрамынын негизги символу катары майрамга өзгөчө көрк жана мазмуун кошту.
Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө маданий программалар, улуттук оюндар жана көргөзмөлөр уюштурулуп, шаар тургундарына жана конокторго көтөрүңкү маанай тартууланды.
Колледж жамаатынын мындай иш-чараларга активдүү катышуусу студенттердин мекенчилдик сезимин арттырууга, улуттук баалуулуктарды сактоого жана кийинки муунга өткөрүп берүүгө багытталган маанилүү кадам болуп саналат.
Нооруз – жаңылануунун, ынтымактын жана биримдиктин майрамы. Бул саамалык ар бирибизге жаңы дем, жаңы максаттарды тартууласын!
Майрамыңыздар кут болсун!

Жаз мезгилинин башталышы менен айлана-чөйрөнү тазалоо жана көрктөндүрүү максатында колледжибизде жалпы тазалык ишембилиги өткөрүлдү. Иш-чарага студенттер активдүү катышып, окуу жайдын айланасын тазалап, айлана-чөйрөнүн көркүн арттырууга өз салымдарын кошушту.
Тазалык ишембилигинин жүрүшүндө колледждин айланасы иретке келтирилип, таштандылар жыйналып, айлана-чөйрөнү таза кармоо жана жаратылышка аяр мамиле кылуу боюнча үлгү көрсөтүлдү.
Мындай иш-чаралар студенттердин эмгекке болгон жоопкерчилигин арттырып, экологиялык маданиятты калыптандырууга өбөлгө түзөт.
Жаз — жаңылануунун жана тазалыктын мезгили. Ушул өңдүү демилгелер аркылуу колледж жамааты айлана-чөйрөнү таза сактоого жана көрктөндүрүүгө өз салымын кошууну уланта берет.

Сабактын темасы: Багыныңкы байланыштагы татаал сүйлөм жана анын түзүлүшү деген темада болду.
Мастер-класс сабагы I курстун студенттери “КМжТИТ” адистиги үчүн уюштурулду.
Сабакты кыргыз тили жана адабияты окутуучусу Ж. М. Айдарова өткөрүп, студенттерге “Багыныңкы байланыштагы татаал сүйлөмдүн түзүлүшү, түрлөрү жана өзгөчөлүктөрү” тууралуу кеңири түшүндүрмө берди.
Ачык сабактын жүрүшүндө студенттер берилген тапшырмаларды аткарышып, кесиптик сөздөрдү катыштырып сүйлөм түзүшүп, синтаксистик талдоо жүргүзүштү. Ошондой эле өткөн темаларды кайталап, өз ойлорун эркин айтып, сабакка активдүү катышышты.
Мындай ачык сабактар студенттердин билим деңгээлин жогорулатып, өз алдынча ой жүгүртүүсүн жана сүйлөө маданиятын өнүктүрүүгө, аң-сезимдеринин өөрчүшүнө чоң салым кошот.

Колледжибизде кезектеги педагогикалык кеңешме өткөрүлүп, анда окуу-тарбия процессине байланышкан бир катар маанилүү маселелер каралды. Кеңешменин жүрүшүндө төмөнкү темалар боюнча маалыматтар берилди:
1). Тарбия иштери боюнча 2025–2026-окуу жылына карата жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар жана алардын аткарылышы– мүдүрдүн тарбия иштери боюнча орун басары тарабынан баяндалды.
2). Колледждин финансылык абалы тууралуу маалымат– баш эсепчи тарабынан сунушталды.
3). Алдыңкы тажрыйба борборунун 2025–2026-окуу жылына карата аткарып жаткан иштери– АТБнын менеджери тарабынан маалымдалды.
4). ТМиЭР циклынын 2025–2026-окуу жылындагы иш-аракеттери жана алардын аткарылышы– циклдын башчысы тарабынан айтылды.
5). Ар түрдүү маселелер боюнча да пикир алмашуулар болуп, сунуштар айтылды.
Педагогикалык кеңешменин жыйынтыгында алдыдагы иштерди мындан ары дагы натыйжалуу уюштуруу боюнча тиешелүү сунуштар жана тапшырмалар берилди.

8-Март — Аялдардын эл аралык күнүнө карата Т. Кулатов атындагы Кызыл-Кыядагы тоо-техникалык, инновация жана экономика колледжинде «Кыздар көркү – дүйнө көркү» аттуу майрамдык сынак-иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө студент кыздар өздөрүнүн сулуулугун, таланты менен чыгармачылыгын көрсөтүп, ар түрдүү кызыктуу сынактарга катышышты.
Майрамдык кечеде айымдардын коомдогу орду, назиктиги жана акылмандыгы тууралуу жылуу сөздөр айтылып, көрүүчүлөргө жакшы маанай тартууланды.
Бул иш-чара студенттердин талантын ачып, өзүнө болгон ишенимин арттырууга багытталган өзгөчө маданий иш-чаралардын бири болду.
#8Март #АялдардынКүнү #КыздарКөркүДүйнөКөркү #КолледжЖашоосу

Бул иш-чара КМиТШИ-25 тайпасынын студенттери тарабынан уюштурулуп, куратору Тойгонбаева Уркия Абдыкааровнанын жетекчилиги алдында өттү. Куратордук сабакта апаларга болгон терең урмат-сый, мээрим жана ыраазычылык сөздөр айтылып, энелердин коомдогу жана үй-бүлөдөгү орду даңазаланды.
Студенттер апалар тууралуу ырларды айтып, куттуктоо сөздөрүн арнап, майрамдык маанай тартуулашты. Бул тарбиялык саат жаштарды энени сыйлоого, аялзатын урматтоого жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды баалоого үндөгөн маанилүү иш-чаралардын бири болду.
Жаз менен кошо келген бул кооз майрам ар бир апага кубаныч, жылуулук жана жакшы маанай тартуулады.

МАМЛЕКЕТТИК ТУУ ЖАНА АК КАЛПАК КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
3-мартта, Кызыл-Кыя шаарында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусунун күнү жана 5-март — Ак калпак күнү салтанаттуу түрдө белгиленди.
Бул маанилүү иш-чарага шаар мэри А. Бектуров, шаардык кеңештин төрагасы А. Мурзаев, шаардагы мекеме-ишканалардын өкүлдөрү, окуу жайлардын студенттери, жергиликтүү тургундар, ошондой эле колледжибиздин студенттери жана директордун тарбия иштери боюнча орун басары Байбалаев Э.К. катышты.
Салтанаттуу иш-чара шаардын борбордук аянтында мамлекеттик Тууну көтөрүү менен башталып, мамлекеттик гимн жаңырды. Иш-чаранын жүрүшүндө шаар мэри А. Бектуров жана шаардык кеңештин төрагасы А. Мурзаев куттуктоо сөз сүйлөп, бул майрамдардын маанисине токтолушту. Алар Кыргызстандын эгемендүүлүгүн, биримдигин жана улуттук баалуулуктарын даңазалоо ар бир жарандын ыйык милдети экенин баса белгилешти.
Майрамдык иш-чара шаардык маданият бөлүмүнүн жана жергиликтүү таланттардын ыр-бийлери менен коштолуп, жогорку деңгээлде өттү.

Бүгүн, 27-февраль күнү, Т.Кулатов атындагы Кызыл-Кыядагы тоо-техникалык, инновация жана экономика колледжинде 2025–2026-окуу жылына карата сырттан окуу бөлүмүнүн студенттери үчүн Мамлекеттик аттестациялык комиссиянын алкагында адистик сынак болуп өттү.
Бул сынак – студенттердин көп жылдык эмгегинин жыйынтыгын чыгарган, кесиптик даярдыгын аныктаган жооптуу баскыч болду. Бүтүрүүчүлөр өз адистиктери боюнча теориялык билимдерин, практикалык көндүмдөрүн жана өндүрүштүк тажрыйбасын татыктуу деңгээлде көрсөтө алышты.
Адистик сынак төмөнкү багыттар боюнча өткөрүлдү:
130404 – Пайдалуу казылмалар кендерин жер астында иштетүү
130403 – Ачык тоо-кен иштери
140603 – Электр жана электромеханикалык жабдууларды техникалык эксплуатациялоо жана тейлөө
140212 – Электр менен камсыздоо (тармактар боюнча)
190604 – Автомобиль транспортун оңдоо жана техникалык тейлөө
103560 / 270103 – Строительство эксплуатация зданий и сооружений (Имараттарды жана курулмаларды куруу жана эксплуатациялоо)
080110 – Экономика жана бухгалтердик эсеп (тармактар боюнча)
080108 – Банк иши
230109 – Автоматташтырылган системаларды жана эсептөө техникаларын программалык камсыздоо
230108 – Компьютердик системалар жана комплекстер
260903 – Тигүү буюмдарын конструкциялоо, моделдештирүү жана технологиясы
110305 – Айыл чарба продукцияларын өндүрүүнүн жана кайра иштетүүнүн технологиясы
Жыйынтыгында студенттер өз билим деңгээлин далилдеп, кесиптик ишмердүүлүккө ишенимдүү кадам ташташты.
Колледж жамааты бүтүрүүчүлөргө келечектеги эмгек жолунда ийгиликтерди каалайт.

2025–2026-окуу жылынын 25-февралында колледжибизде сырттан окуу бөлүмүндө билим алып жаткан студенттер үчүн дисциплиналар аралык мамлекеттик сынак өткөрүлдү. Сынак «Кыргыз тили жана адабияты», «Кыргызстандын тарыхы» жана «Кыргызстандын географиясы» дисциплиналары боюнча уюштурулду.
Сынактын максаты студенттердин теориялык билим деңгээлин, ой жүгүртүү жөндөмүн жана өз алдынча иштөө мүмкүнчүлүгүн аныктоо болду. Катышуучулар эне тили, Кыргызстандын тарыхы жана географиясы боюнча суроолорго жооп берип, өз билимдерин көрсөтүштү.
Мамлекеттик сынак белгиленген талаптарга ылайык так жана уюшкандыкта өткөрүлдү. Студенттер жоопкерчиликтүү мамиле жасап, даярдык деңгээлин тастыкташты.
Бул сынак билим сапатын жогорулатууга жана студенттердин кесиптик даярдыгын бекемдөөгө багытталган маанилүү этап болуп эсептелет.

2026-жылдын 23-февралында Т. Кулатов атындагы Кызыл-Кыядагы тоо-техникалык, инновация жана экономика колледжинде Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата «Эл тиреги – калкан болгон уулдар» аттуу салтанаттуу спорттук иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чаранын негизги максаты – студенттердин ден соолугун чыңдоо, күч биримдикте экенин даңазалоо, тайпалар арасындагы достукту бекемдөө жана жаштарды мекенчилдикке тарбиялоо болду. Ошондой эле спортко болгон кызыгууну арттыруу жана жаштардын шыктарын өркүндөтүү максаты көздөлдү.
Салтанат Кыргыз Республикасынын Гимни менен ачылып, колледждин директору Матосмонов Ж.Дж. жана директордун окуу иштери боюнча орун басары Абдубаитов К.А. куттуктоо сөздөрүн сүйлөшүп, студенттерге дем-күч жана ийгиликтерди каалашты.
Иш-чаранын жүрүшүндө төмөнкү спорттук мелдештер уюштурулду:
Саламдашуу
Марш тебүү
Гир көтөрүү
Аркан тартуу
Кол күрөш
Турникке тартылуу
Мелдешке «Жоокерлер», «Темир Канат», «Эр Жигит» жана «Чагылган» аттуу төрт команда катышып, өз ара күч сынашты. Ар бир команда намыс менен таймашып, биримдикти, эрктүүлүктү жана чыныгы жигиттик сапаттарды көрсөтө алышты.
Калыстар тобу мелдештерди калыс баалап, жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталып, I, II, III орундар грамоталар менен сыйланышты.
Бул иш-чара жаштарга мекенди сүйүү жана аны коргоо ар бир жарандын ыйык милдети экенин даңазалап, майрамдык маанай тартуулады.
Иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулуп, ийгиликтүү өткөрүлдү.

Колледжибизде 23-февраль — Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата «Мекеним – менин сыймыгым» аттуу майрамдык концерттик иш-чара жогорку деңгээлде өткөрүлдү.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Гимни менен башталып, мекенди коргоонун ыйык милдети, эрдик, намыс жана патриоттук сезим тууралуу маанилүү ойлор айтылды.
Майрамдык кечеде колледждин жетекчилиги куттуктоо сөз сүйлөп, агайларга жана мырзаларга ак тилектер жолдонду.
Студенттер тарабынан патриоттук ырлар жаңырып, улуттук бийлер аткарылып, көрүүчүлөргө өзгөчө майрамдык маанай тартууланды.
Бул иш-чара мекенге болгон сүйүүнү даңазалап, Ата Мекенди коргоочуларга болгон терең урмат-сыйды көрсөтүүгө багытталды.
Кеченин соңунда жалпы катышуучуларга ыраазычылык билдирилип, майрамдык программа салтанаттуу жыйынтыкталды.

Бул күнү эне тилдин улуулугу, анын улут үчүн орду жана руханий баалуулугу тууралуу терең ойлор айтылып, мазмундуу баяндамалар жасалды. Студенттер тарабынан даярдалган презентациялар, көркөм окуулар иш-чаранын маанисин арттырды.
Ошондой эле кооз ырлар жаңырып, улуттук бийлер аткарылып, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартууланды. Ар бир номер эне тилге болгон сүйүүнү, урмат-сыйды даңазалап турду.
Бул иш-чара студенттердин чыгармачылыгын арттырып, эне тилге болгон сый-урматты бекемдеген, жүрөккө жылуулук тартуулаган өзгөчө күн болду.

Колледжибизде “ А ж КА” циклынын ТО и РАТ- 1-2–24 тайпасында
«Кыргыз Республикасынын экономикасынын өсүшүндө транспорттун орду» аттуу диспут жогорку деңгээлде уюштурулду.
Талкуунун негизги суроосу – «Автомобилдик ташуулар эң натыйжалуу транспорт түрүбү?” автотранспорттун артыкчылыктары менен альтернативдүү транспорт түрлөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн жүйөлүү далилдер аркылуу эки команда болуп, өтө кызыктуу талаш жооптор менен транспорттун актуальдуулугун кызуу талкуулашты жана эки команда жыйынтыгында 11,5 баллдан чогултуп бирдей упай алышты.
Практикалык тапшырмада Бишкектен Кызыл-Кыяга тез жүктү жеткирүү маселеси каралды.
Диспут студенттердин кесиптик ой жүгүртүүсүн өнүктүрүп, өз оюн так жана маданияттуу билдирүү жөндөмүн арттырууга өбөлгө түздү. Өздөрү жасаган макеттерин презентация кылышты.Мындан ары да студенттер кесипке тиешелүү маселе боюнча КВНдерди өткөзүү маселесин көтөрүштү.

2026-жылдын 11-февралында окуу жайыбызга конок лекторлор келишип, студенттер үчүн мазмундуу жана пайдалуу лекцияларды өткөрүштү.
**Батырова З.М.** — *«Бычуунун эволюциясы: XX–XXI кылымдардын модалуу формалары»* (КШИ, 3-курс)
**Абдырайым к. Ж.** — *«Костюмдун структурасы»* (Костюмдун композициясы/тарыхы, 2-курс)
**Калысбек к. Айжамал** — *«Текстилдик булалар жана кездеменин жаралышы»* (Материал таануу жана конфекционирлөө, 2-курс)
Иш-чаранын алкагында **3-курс КМиТШИ тайпасынын кыздарынын колунан жаралган түрдүү заманбап модельдер көрсөтүлүп**, көрүүчүлөрдүн кызыгуусун жаратты.
Активдүү катышкан студенттер **сертификаттар менен сыйланышты**.
Конок лекторлорго, студенттерге жана иш-чарага катышкан бардык конокторго **чоң ыраазычылык билдиребиз!**
Билимге умтулган жаштар – келечектин кепилдиги!

Тренинг «Мурда алынган билимдерди таануу (RPL) жана компетенцияларды баалоо» темасында өтүп, тренерлерди даярдоо программасынын алкагында уюштурулду.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Көз карандысыз сертификация жана валидация борбору тарабынан CHEBER Skills Development долбоору жана HELVETAS Kyrgyzstan уюмунун колдоосу менен өткөрүлүп, катышуучулардын кесиптик компетенцияларын жогорулатууга багытталды.

2026-жылдын 26–30-январь күндөрү Т. Кулатов атындагы Кызыл-Кыядагы тоо-техникалык, инновация жана экономика колледжинде окуу-тарбия процессин өркүндөтүүгө жана билим берүүдөгү заманбап ыкмаларды кеңири жайылтууга багытталган семинарлар жумалыгы ийгиликтүү өткөрүлдү.
Иш-чаралардын жүрүшүндө билим берүү тармагындагы актуалдуу жана маанилүү темалар талкууланып, атап айтканда:
студенттердин билим деңгээлин баалоо;
билим берүүдө жасалма интеллектти колдонуу;
инновациялык технологияларды окутуу процессине киргизүү;
педагогика жана психологиянын СПО системасындагы орду;
колледждеги тарбиялык иштердин мааниси;
«E-Bilim» маалыматтык системасы жана окуу-методикалык комплекстерди платформага жайгаштыруу маселелери камтылды.
Семинарларга колледждин жалпы жамааты — администрация, окутуучулар жана кызматкерлер активдүү катышып, өз ара тажрыйба алмашып, кесиптик өнүгүүгө багытталган баалуу маалыматтарды алышты.
Иш-чаралардын алкагында төмөнкү темалар боюнча баяндамалар окулуп, жооптуу адистер тарабынан сунуштар берилди:
ККТКИде жалпы билим берүү предметтери жана МРС боюнча студенттердин билим деңгээлин баалоо
(жооптуу: Саидкамалов У. С.)
Билим берүү тармагында жасалма интеллекттин ролу
(жооптуу: Пулатов А.)
Билим берүүдө инновациялык технологияларды колдонуу
(жооптуу: Пулатов А.)
Колледждеги тарбиялык процесс жана анын мааниси
(жооптуу: Байбалаев Э.)
«E-Bilim» маалыматтык системасы: окуу-методикалык комплекстерди платформага киргизүү
(жооптуулар: Абдурахманов Р., Бакирова А., Пазыл уулу Жоодар)
СПО системасында педагогика жана психология
(жооптуу: Ахмедов Ф.)
Бул сыяктуу семинарлар билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, окутуунун заманбап ыкмаларын ишке ашырууга жана педагогикалык жамааттын кесиптик өсүшүнө чоң өбөлгө түзөт.
#ККТТИжЭ
#СеминарларЖумалыгы
#БилимБерүү
#Инновация
#Ebilim
#ЖасалмаИнтеллект
#КолледжЖашоосу

23-декабрь күнү «ГжТИ» циклынын Аскерге чейинки даярдык сабагынын окутуучусу Ташбеков С. Т. тарабынан 1-курс БД-2-2025 тайпасынын студенттери менен кошо мастер-класс өткөрдү.
Иш-чаранын негизги максаты — студенттердин аскердик даярдык боюнча билимдерин тереңдетүү, мекенчилдик сезимин күчөтүү жана практикалык көндүмдөрүн өркүндөтүү болду. Мастер-класстын жүрүшүндө теориялык маалыматтар менен катар практикалык тапшырмалар да көрсөтүлүп, студенттер активдүү катышышты.
Бул мастер-класс студенттер үчүн пайдалуу жана таасирдүү болуп, алардын аскердик сабакка болгон кызыгуусун арттырды. Уюштуруучуларга жана катышуучуларга ыраазычылык билдиребиз.

2025-жылдын 12-декабрында Т.Кулатов атындагы Кызыл-Кыядагы тоо-техникалык, инновация жана экономика колледжинин “ТИ” циклы тарабынан Адабият күнүгө арналган «Адабияттын алптарына таазим» аттуу маданий иш-чара ийгиликтүү өткөрүлдү.
Иш-чаранын негизги максаты — кыргыз элинин руханий байлыгын, улуттук адабияттын мурастарын даңазалоо, улуу калемгерлерибизге таазим кылуу жана студенттерге адабиятка болгон кызыгууну арттыруу болду.
Иш-чараны окуу иштери боюнча директордун орун басары Абдубаитов Казим Атабекович жана мамлекеттик тил боюнча директордун орун басары, ф.и.к., доцент Ураимов Кубанычбек Өмуралиевич катышуучуларга өз каалоо-тилектерин жолдошуп, адабияттын коомдогу ордуна токтолушту.
Иш-чара студенттердин көркөм окуулары, чыгармачыл номерлери жана адабий мурас жөнүндө тематикалык баяндамалар менен коштолуп, жогорку деңгээлде жыйынтыкталды.
Бул иш-чара колледждин руханий маданиятын өнүктүрүүгө жана студенттердин чыгармачылыгын шыктандырууга чоң салым кошту.

4-декабрь “Манас” эпосунун күнүнө арналган маданий иш-чара
2025-жылдын 4-декабрында Т.Кулатов атындагы Кызыл-Кыядагы тоо-техникалык, инновация жана экономика колледжибизде кыргыз элинин улуттук сыймыгы, кылымдарды карыткан улуу руханий дөөлөтү болгон «Манас» эпосунун күнү белгиленди. Иш-чаранын негизги максаты — студенттерге улуттук тарыхты таанытуу, Манас мурасынын руханий баалуулугун даңазалоо жана мекенчилдик сезимдерди чыңдоо.
Иш-чаранын башында кыргыз элинин нарктуу өткөнүн даңазалаган чакан көркөм саптар окулуп, катышуучуларды темага багыттады.
“Манас” эпосунун тарбиялык жана маданий мааниси боюнча куттуктоо сөзүн сүйлөп, иш-чараны колледждин мүдүрү Матосмонов Жеңишбек Джамалдинович ачып берди.
Андан соң окуу иштери боюнча директордун орун басары Абдубаитов Казим Атабекович сөз сүйлөп, эпостун жаш муундагы мекенчилдик тарбияны калыптандыруудагы ролуна токтолду.
Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекеттик тил боюнча директордун орун басары, филология илимдеринин кандидаты, доцент, Эл агартуунун отличниги Ураимов Кубанычбек Өмуралиевич “Манас” эпосунун тарыхый орду жана дүйнөлүк маданияттагы уникалдуулугу тууралуу мазмундуу баяндама жасады.
Студенттер тарабынан даярдалган көркөм окуулар, чакан композициялар жана “Манас” эпосу тууралуу маалыматтык баяндамалар көрсөтүлүп, студенттерге терең руханий таасир калтырды.
Иш-чара жогорку деңгээлде өтүп, студенттердин улуттук маданиятка болгон кызыгуусун арттырып, ата-бабалардан калган улуу мурасты урматтоонун маанисин дагы бир жолу белгилеп берди.

1-декабрь — дүйнө жүзү боюнча СПИД жана ВИЧ инфекциясына каршы күрөшүү күнү катары белгиленип, адамзаттын саламаттыгын коргоого багытталган маанилүү даталардын бири болуп саналат.
Ушуга байланыштуу биздин колледжде алдын алуу багытында маалыматтык-тарбиялык иш-чара уюштурулду.
Иш-чарага Кызыл-Кыя шаардык Ж.Д.П.Бнын адистери — Дүйшеева Ж. М., Узакова Ч. С. жана колледжибиздин медициналык кызматкери Мисирова К. Б. катышып, студенттерге ВИЧ/СПИД боюнча кеңири түшүндүрмө маалыматтарды беришти. Алар оорунун жугуу жолдору, алдын алуу чаралары жана саламаттыкты сактоо маданияты боюнча маанилүү баяндама жасашты.
Бул иш-чара мүдүрдүн тарбия иштери боюнча орун басары Байбалаев Э. К. тарабынан уюштурууга көмөктөшүлүп, тарбиялык иштердин сапаттуу жүргүзүлүшүнө көзөмөл жасалды.
Иш-чаранын алкагында: студенттер арасында тесттер өткөрүлдү;
Студенттер тарабынан дубал гезиттер боюнча чыгармачыл конкурс уюштурулуп, мыкты иштер I, II жана III орундар менен бааланып, жеңүүчүлөр грамоталар менен сыйланышты.
Жыйынтыгында суроо-жооп бөлүгү уюштурулуп, студенттер кызыккан бардык суроолоруна так жана түшүнүктүү маалымат алышты.
Бул иш-чара студенттердин саламаттыкты сактоо маданиятын жогорулатып, оорулардын алдын алуу боюнча түшүнүгүн кеңейтүүгө зор салым кошту.

Бүгүн, 17-ноябрда – Бүткүл дүйнөлүк студенттер күнүнө карата колледжибизде салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чараны колледжибиздин мүдүрү Матосмонов Жеңишбек Жамалдинович ачып, студенттерди майрам менен куттуктап, билим жолунда ийгиликтерди каалады.
Майрамдык программанын алкагында студенттер тарабынан даярдалган шаңдуу бийлер, обондуу ырлар жана көркөм номерлер көрсөтүлүп, катышуучулардын маанайын көтөрдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө колледждин активдүү студенттерине жана спорттук таймаштарда жеңүүчү болгон катышуучуларга ардак грамоталар тапшырылды.
Ошону менен бирге, 1-курс студенттерине студенттик билеттер салтанаттуу түрдө ыйгарылып, алардын студенттик жашоосунун жаңы барагы ачылды.
Иш-чара жалпы жамаат жана студенттер үчүн маанилүү майрамдык рухта өтүп, биримдик менен жигердүүлүктүн үлгүсүн жаратты.

2025-жылдын 10-ноябрында Т.Кулатов атындагы Кызыл-Кыядагы тоо-техникалык, инновация жана экономика колледжинин «Экономика жана менеджмент» циклынын уюштуруусунда илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Иш-чараны колледждин мамлекеттик тил боюнча директордун орун басары, ф.и.к. Ураимов К.О. жана циклынын башчысы Саидкамолов У.С. алып барышты.
Конференциянын темасы — «Кыргыз Республикасында экономиканын реформаларын өнүктүрүү» деп аталып, анда экономикалык өзгөрүүлөрдүн заманбап тенденциялары жана алардын өлкө өнүгүүсүндөгү орду талкууланды.
Пленардык бөлүктү колледж директору Матосмонов Ж.Дж., э.и.к. Ураимов М.У. жана циклынын башчысы Саидкамолов У.С. ачып беришти. Алар өз сөздөрүндө иш-чаранын илимий жана практикалык маанисин белгилешип, катышуучуларга ийгилик каалашты.
Андан соң конференциянын «Экономика» секциясы өз ишин улантты. Секциянын жүрүшүндө колледждин окутуучулары жана студенттери өздөрүнүн илимий докладдарын сунуштап, экономиканын ар кыл тармактары боюнча кызыктуу ойлорду ортого салышты.
Бул конференция студенттердин илимий изденүүсүн колдоого, билимдерин практикалык багытта тереңдетүүгө жана кесиптик чеберчиликтерин арттырууга өбөлгө болду.



«Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик, уңгулуу жолу»! Бүгүн, 24-октябрда, Т.Кулатов атындагы Кызыл-Кыядагы тоо-техникалык, инновация жана экономика колледжинде улуттук рухту даңазалаган өзгөчө тарбиялык иш-чара болуп өттү.
Иш-чараны БатМУнун М.М. Тайиров атындагы Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институтунун кыргыз тили жана адабияты профилинин ФК-22 тайпасынын 4-курсунун практиканттары уюштурушту.
Программанын жүрүшүндө: • Сахналаштырылган саламдашуу, • «Манас» эпосунан үзүндү, • Талым кыз менен Көбөктүн айтышы, • Акын Эгемберди Эрматовдун ырлары көрүүчүлөргө тартууланды. Бул иш-чара улуттук баалуулуктарды даңазалап, жаштардын мекенчилдик сезимин, чыгармачылыгын жана руханий дүйнөсүн байытып, чоң таасир калтырды.
#ТКулатовКолледжи #КызылКыя #УлуттукДем #ДүйнөлүкБийиктик #Мекенчилдик #БатМУ













2024-2025-окуу жылында колледжибиздин күндүзгү окуу формасынын II-курс студенттерине Кыргыз тили Кыргызстан тарыхы жана Кыргызстандын экологиясы сабактарынан Мамлекеттик сынак болуп жыйынтыкталды.

2024–2025-окуу жылы аяктап, жайкы эс алуу башталаар алдында, биздин колледждин жалпы жамааты — администрация, окутуучулар, техникалык кызматкерлер — колледж аймагында кеңири масштабдагы ишембилик иштерин уюштурушту.
Бул иш-чаранын негизги максаты — колледждин айланасын тазалоо, жашылдандыруу жана тартипке келтирүү аркылуу студенттерге эстетикалык жана экологиялык тарбия берүү, ошондой эле эмгек маданиятын калыптандыруу болуп саналат. Ишембилик учурунда окуу имараттарынын короо-жайы, гүл бакчалары тазаланып, айлана-чөйрө иретке келтирилди. Мындан тышкары, бак-дарак бутактары кыркылып, таштандылар чыгарылып, кошумча гүлдөр тигилди.
Бул демилге жалпы жамааттын ынтымакта жана биргеликте иш алып баруусунун ачык мисалы болуп, мекеме маданиятын жана тазалыгын камсыздоого чоң салым кошту. Ишембилик жыйынтыгында колледждин аймагы көрктүү жана жагымдуу абалга келтирилди.
Колледждин жетекчилиги бул иш-чарага активдүү катышкан бардык колледж жамаатына ыраазычылык билдирет.

Билим менен багындырарын ушундай.
Кош бол, студенттик күндөр айй
Ак жол сага, бүтүрүүчү, Рахмат сага бүтүрүүчү.
📍 Т.Кулатов атындагы Кызыл-Кыя тоо-техникалык, инновация жана экономика колледжинде 2024–2025-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрүнө арналган салтанаттуу азем өткөрүлдү.
🎓 Бул күнү жалпысы 246 бүтүрүүчү, 17 тайпа, 13 адистик боюнча сахнага чыгып, колледж менен кош айтышты.
Ар кандай жетишкендиктери жана коомдук активдүүлүгү үчүн 38 бүтүрүүчү грамота менен сыйланды, ал эми 2 бүтүрүүчүгө өзгөчө сый катары ардак грамота тапшырылды.
Иш-чаранын жүрүшүндө колледждин директору Матосмонов Жеңишбек Жамалидинович, орун басарлар, кураторлор жана окутуучулар бүтүрүүчүлөргө жүрөктөн чыккан куттуктоолорун айтып, ак жол каалашты.
Сахнада ыр-бий, куттуктоолор жана ар бир тайпага арналган чыгармачыл чакырыктар менен коштолгон бул майрамдык иш-чара студенттик жашоонун унутулгус барагы болуп калды.


2024-2025-окуу жылында колледжибиздин күндүзгү окуу формасынын II-курс студенттерине Кыргыз тили Кыргызстан тарыхы жана Кыргызстандын экологиясы сабактарынан Мамлекеттик сынак болуп жыйынтыкталды.

Бүгүн 24-май күнү колледжибиздин жалпы окутуучулары жана техникалык кызматкерлери таза айлана-чөйрө үчүн өз салымдарын кошуп, бирге эмгектенишип, кооледжибиздин айланасы ирээтке келтирилди.
Бул иш-чара биздин ынтымакты, жаратылышка болгон камкор мамилебизди дагы бир жолу далилдеди.
Коллективдик эмгек – бул биримдиктин белгиси!

17-май күнү Кызыл-Кыя шаарыбызда жалпы шаардык ишембилик өтүп, коомдук жайларды тазалоо жана шаар көркүн арттыруу максатында бир катар иштер аткарылды.
Бул ишембиликке биздин колледждин жамааты да жигердүү катышып, бизге бөлүнгөн аянттарда тазалоо, ирээтке келтирүү жана таштанды тазалоо сыяктуу иштер жүргүзүлдү. Колледждин окутуучулары жана техникалык кызматкерлери биргеликте, шаарыбыздын тазалыгына өз салымдарын кошушту.

9-май күнү Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдык мааракесине карата Кызыл-Кыя шаарында салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлдү. Өлкөбүздүн бардык аймактарында, анын ичинде Кызыл-Кыяда ардагерлерди эскерүү ошондой эле гүл коюу аземдери маданий-концерттик программалар жана патриоттук сезимди чагылдыра ала турган иш-чаралар болуп өттү
Бул маанилүү күнгө карата уюштурулган иш-чараларга биздин колледждин жамааты жана студенттери да активдүү катышып, окутуучулар жана студенттер шаардык митингге, согуш ардагерлерине арналган эстеликке гүл коюу аземине катышышты.
Жеңиш күнүнүн урматына өткөрүлгөн иш-чаралар жаш муунду тарыхый чындыкка кайрылууга, ата-бабаларыбыздын эрдигинен сабак алууга жана Ата Мекенге болгон сүйүү, ыраазычылык сезимдерин тереңдетүүгө багытталган мааниси терең, тарбиялык күчү чоң иш-чаралар болуп өттү.
Жеңиш күнүнүн урматына өткөрүлгөн иш-чаралар жаш муунга тарыхты унутпай, Ата Мекенди сүйүүгө жана тынчтыкты барктоого үндөгөн зор мааниге ээ болду.

2025-жылдын 30-апрелинде Кызыл-Кыя шаарында Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган “Эч ким, эч нерсе, эч качан унутулбайт!” аттуу аймактык деңгээлдеги жаш студенттердин илимий-практикалык конференциясы өткөрүлдү.
Иш-чара Кызыл-Кыя шаарындагы ардагерлер кеңешинин кеңсесинде өтүп, ага шаардагы бир нече колледждердин студенттери жана окутуучулары активдүү катышышты.
Конференциянын негизги максаты — Улуу Ата Мекендик согуштун башталышы, жүрүшү жана аякташы тууралуу студенттерге терең маалымат берүү, алардын тарыхый аң-сезимин өстүрүү, патриоттук сезимин бекемдөө жана Ата Мекенге болгон сүйүүсүн арттыруу болуп саналат.
Иш-чаранын жүрүшүндө колледж директору жана Ардагерлер кеңешинин төрагасы Далибаев Т.Д. ачылыш сөз сүйлөп, Улуу Жеңиштин тарыхый маанисине токтолуп өттү. Алар жаштарды өз өлкөсүнүн тарыхын унутпастан, келечек муунга жеткирүүгө үндөшүп, ардагерлерге болгон урмат-сыйды сактоонун маанилүүлүгүн белгилешти.
Конференциянын алкагында студенттер өздөрүнүн тематикасы боюнча илимий баяндамаларын сунуштап, жигердүү талкуулар жүрдү. Жыйынтыгында эң мыкты баяндамаларды даярдаган студенттер 1-, 2- жана 3-даражадагы дипломдор менен сыйланышты. Ошондой эле активдүү катышкан катышуучуларга Ардак грамоталар тапшырылды.
Бул конференция жаштар арасында тарыхты унутпоого, ардагерлерге болгон сый-урматты бекемдөөгө жана патриоттук тарбияны чыңдоого багытталган маанилүү аянтча болду.

Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Инженердик-технологиялык факультетинин Колдонмо механика жана дизайн кафедрасы тарабынан уюштурулган «Fashion & Art» аттуу мода сынагында чыгармачылык жана кесипкөйлүк жогорку деңгээлде көрсөтүлдү.
Бул иш-чарага Технология циклинин бүтүрүүчү курстарынын арасынан КМиТшИ 2-23 тайпасынын студенттери өздөрүнүн автордук коллекциялары менен активдүү катышышты. Ар бир студентке жараткан эмгеги үчүн сертификаттар менен сыйланып, алардын чыгармачылыгы жогору бааланды.
Мындан тышкары, уюштуруучулар тарабынан окуу жайыбызбын мүдүрүнө ыраазычылык баракчасы тапшырылды.
Сынактын жүрүшүндө факультет тарабынан берилген жогорку деңгээлдеги даярдык жана колдоонун алкагында, «Эң мыкты устат» наамы менен Айбашева А.С. атайын сыйлыкка ээ болду.
Студенттер бул иш-чарадан жаңы идеялар, чыгармачыл мотивация жана өнүгүүгө болгон чоң шыктануу менен кайтып келишти. «Fashion & Art» сынагы келечектеги дизайнерлер үчүн чоң тажрыйба болуп, алардын адистик жолундагы ишенимин арттырды.

СЕДЕПТИН ТУНУКТУГУ — АЯЛЗАТ»
2025-жылдын 26-апрель күнү Кызыл-Кыя шаарынын
борбордук аянтында «ГҮЛДҮН НАЗИКТИГИ,
СЕДЕПТИН ТУНУКТУГУ — АЯЛЗАТ» аттуу облусттук
деңгээлде фестиваль болуп өттү.
Бул иш-чара аялзатынын көркөм дүйнөсүн, чыгармачылыгын жана турмуштагы ордун даңазалоого арналды.
Фестивалга келген чыгармачыл топтор ар түрдүү маданий жана кол өнөрчүлүк көрсөтмөлөрүн тартуулашты.
Иш-чаранын алкагында биздин колледждин «Технология» циклынын КМиТШИ багытындагы II-III-курсунун студенттери да өздөрүнүн кол өнөрчүлүк чеберчилигин көрсөтүштү.
Колледждин студенттери тигүү, улуттук кийим үлгүлөрү, заманбап дизайн элементтери менен айкалышкан эмгектери аркылуу фестивалга өзгөчө көрк кошушту.
Бул сыяктуу иш-чаралар студенттерге чыгармачылык өнүгүү, кесиптик шыктарын өркүндөтүү жана коом алдында өзүн таанытуу мүмкүнчүлүгүн берип, билим берүү мекемебиздин дагы бир ийгиликтүү кадамы болуп саналат.

2025-жылдын 25-апрель күнү «КСиК» циклынын ПОВТАС багыты боюнча II-III-курсунун студенттери үчүн Сайт түзүү боюнча мастер-класс болуп өттү.
Бул иш-чара цикл жумалыгынын алкагында уюштурулуп, студенттердин практикалык билимин тереңдетүүгө багытталды.
Мастер-классты жогорку деңгээлде өткөрүп беришкен окутуучулар — Тойгонбаев Н.К. жана Комилжон уулу К.
Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер сайт түзүүнүн негизги ыкмаларын үйрөнүп, HTML, CSS жана башка веб-технологиялар тууралуу пайдалуу маалыматтарга ээ болушту.
Мындай мастер-класстар студенттердин кесиптик жөндөмдөрүн өнүктүрүп, келечектеги адистик жолунда ишенимдүү кадам таштоого өбөлгө түзөт.

24-апрель күнү колледжибиздин “Технология” циклынын КМиТШИ II-III курсунун студенттерине циклдын окутуучусу Рысалиева Кундуз Бейшекеевна мастер-класс өткөрдү.
Студенттер ар кандай кездемелер менен иштеп, өз колдору менен уникалдуу сумкаларды тигишти. Ар бир студент башынан аягына чейин сумка тигүүнүн бардык этаптарын өздөштүрүп, жаңы ыкмаларды үйрөндү.
Мастер-класс жылуу атмосферада өтүп, студенттер бири-бири менен пикир алмашып, чыгармачыл идеялары менен бөлүшүштү.

2025-жылдын 22-апрель күнү спорттун түрлөрү боюнча сыйлыктар тапшырылды. Бул күн шаардагы жогорку жана орто окуу жайлар арасында өткөрүлгөн мелдештердин жыйынтыгы менен белгиленди.
8-март Аялдардын Эл аралык күнүнө жана 21-март Нооруз күнүнө карата, 11-мартта өткөрүлгөн спорттук иш-чарада биздин колледждин студенттери өздөрүнүн күч-кубатын көрсөтүп, футбол, волейбол, тогуз-коргоол жана теннис оюндары боюнча мыкты натыйжаларды камсыздашты.
Биздин студенттер волейбол боюнча кыздар 2-орунду, ал эми балдар 3-орунду багындырышты.
Андан кийин, 17-апрель күнү Кызыл-Кыя шаарыбыздагы 11 окуу жай арасында өткөрүлгөн жеңил атлетика боюнча мелдеште колледжибиздин студент кыздары 3-орунду, ал эми балдар 2-орунду ээлешти.
Бүгүнкү күндө жеңүүчү студенттерибиздин алган медалдары жана грамоталары салтанаттуу түрдө тапшырылды.
Бул жетишкендиктер биздин студенттердин спортко болгон кызыгуусун, эмгегин жана күч-аракетин көрсөтөт.
Бардык жеңүүчүлөрдү чын жүрөктөн куттуктайбыз! Сиздердин ийгиликтериңиздер биз үчүн чоң сыймык! Спортто дагы көптөгөн жаңы бийиктиктерди багынтууга тилектешпиз!

2025-жылдын 21-апрелинен 25-апрелине чейин колледжибиздин “Технология” жана “КСиК” циклдарынын цикл жумалыгынын ачылышы болуп өттү.

2025-жылдын 19-апрель күнү Кызыл-Кыя шаарынын аймагында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы Nº305 жарлыгынын 1-пунктуна ылайык «Улуттук тазалык күнү» өткөрүлдү.
Колледждин жалпы жамааты дагы ишембиликке жигердүү катышып, көчө жээктерин жана өздөрүнө караштуу аймактарында тазалоо иштерин өткөрүштү.

2025-жылдын 17-апрелинде “WorldSkills Kyrgyzstan” жумушчу кесиптердин экинчи улуттук чемпионатынын жыйынтыктары жарыяланды. Бул чемпионатта өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген таланттуу жаштар өздөрүнүн кесиптик чеберчилигин көрсөтүштү.
Окуу жайыбыздын “Технология” циклынын окутуучусу Айбашева А.С. жана КМиТШИ-1-22 тайпасынын студенти Орунбаева А.А. VIII-окуу жайдын арасында IV-орунду багындырышты. Алардын жетишкендиги — бул биздин билим берүү системабыздын күчүн жана жаш муундун потенциалын көрсөтөт.
Студенттерибиздин ийгиликтери менен сыймыктанабыз!

2025- жылдын 15-апрелинде Т.Кулатов атындагы Кызыл-Кыядагы тоо-техникалык, инновация жана экономика колледжибизде өзгөчө кырдаалдардын (өрткө каршы, жер титирөө, техникалык коопсуздук, жана сел кырсыгы) алдын алуу боюнча машыгуу өткөрүлдү.
Бул иш-чаранын максаты — студенттерди жана окутуучуларды техникалык коопсуздук эрежелери менен тааныштыруу, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарда туура аракет кылууну үйрөтүү.
Колледжибиздин мүдүрү Матосмонов Ж.Дж. жана Өзгөчө кырдаалдардын колледжибиздеги штаб башчысы Эшанкулов Дж.Г. катышуучуларга маалымат берип (өрткө каршы күрөшүү, жер титирөө, техникалык коопсуздук жана сел кырсыгы) кырсыктын алдын алуу маанилүүлүгүн баса белгилешти.
Алар студенттерге практикалык көндүмдөрдү үйрөтүп, коопсуздук боюнча суроолорго жооп беришти.
Колледждин мындай иш-чаралары студенттердин коопсуздугун камсыз кылууга жана аларды жоопкерчиликтүү жарандар катары тарбиялоого багытталган.

Бүгүн 14-апрель күнү окуу жайыбыздын “Экономика жана менеджмент” циклынын II-III-курсунун студенттерине “Дос-Кредобанк” ачык акционердик коомунун Кызыл-Кыя филиалынын адистери тарабынан “Global Money Week: Дүйнөлүк каржылык сабаттуулук аптасы” темасында семинар өткөрүлдү.
Бул иш-чарада банк өкүлдөрү студенттерге финансылык билим берүү, банк карталарын колдонуу жана насыя алуу процессин терең түшүндүрүп беришти.
Семинардын катышуучуларына банк тарабынан атайын белектер тапшырылды.
Иш-чара студенттер үчүн абдан пайдалуу жана кызыктуу болду. Студенттер банктык кызматтар тууралуу жаңы маалыматтарга ээ болуп, финансылык пландоонун маанилүүлүгүн түшүнүштү.

14-апрелде окуу жайыбызда 12-апрель – Космонавтика күнүнө карата I-курс студенттери арасында кызыктуу викторина өткөрүлдү.
Максаты:
Студенттерге космонавтика тарыхы жана космос жөнүндө маалымат берип, алардын логикалык ой жүгүртүү, аналитикалык жөндөмдөрүн өнүктүрүү.
Милдеттери:
• Космос жаатындагы билимди тереңдетүү;
• Тарыхый фактыларды эстеп калуу жөндөмүн арттыруу;
• Изденүүчүлүк жана кызыгуу сезимин ойготуу;
• Улуу илимпоздордун эмгегин баалоого үйрөтүү;
• Командалык ишти жана биргеликте ойлоону өнүктүрүү.
Викторинанын жүрүшү:
Иш-чара 4 этаптан туруп, 5 команда катышты (ар биринде 3 студент). Ар бир туура жооп үчүн 5 упай берилди. Тартип бузгандардан упай кемитилди.
Этаптар:
1. Команданы тааныштыруу
2. “Ооба же Жок”
3. Планетаны тандап, маалымат берүү
4. Суроолорго жооп берип, Космонавтика күнүнүн маанисин түшүндүрүү
Тарыхый маалымат:
1961-жылы 12-апрелде Юрий Гагарин “Восток-1” кемеси менен алгачкы жолу космоско учуп, Жерди 108 мүнөттө айланып чыккан. Бул окуя космосту изилдөөдө жаңы доорду ачкан. 1962-жылы бул күн СССРде расмий майрам болуп жарыяланган. 2011-жылы БУУ бул күндү Эл аралык адам космоско учкан күн катары белгилеген.

2025- жылдын 15-апрелинде Т.Кулатов атындагы Кызыл-Кыядагы тоо-техникалык, инновация жана экономика колледжибизде өзгөчө кырдаалдардын (өрткө каршы, жер титирөө, техникалык коопсуздук, жана сел кырсыгы) алдын алуу боюнча машыгуу өткөрүлдү.
Бул иш-чаранын максаты — студенттерди жана окутуучуларды техникалык коопсуздук эрежелери менен тааныштыруу, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарда туура аракет кылууну үйрөтүү.
Колледжибиздин мүдүрү Матосмонов Ж.Дж. жана Өзгөчө кырдаалдардын колледжибиздеги штаб башчысы Эшанкулов Дж.Г. катышуучуларга маалымат берип (өрткө каршы күрөшүү, жер титирөө, техникалык коопсуздук жана сел кырсыгы) кырсыктын алдын алуу маанилүүлүгүн баса белгилешти.
Алар студенттерге практикалык көндүмдөрдү үйрөтүп, коопсуздук боюнча суроолорго жооп беришти.
Колледждин мындай иш-чаралары студенттердин коопсуздугун камсыз кылууга жана аларды жоопкерчиликтүү жарандар катары тарбиялоого багытталган.

Бүгүн 14-апрель күнү окуу жайыбыздын “Экономика жана менеджмент” циклынын II-III-курсунун студенттерине “Дос-Кредобанк” ачык акционердик коомунун Кызыл-Кыя филиалынын адистери тарабынан “Global Money Week: Дүйнөлүк каржылык сабаттуулук аптасы” темасында семинар өткөрүлдү.
Бул иш-чарада банк өкүлдөрү студенттерге финансылык билим берүү, банк карталарын колдонуу жана насыя алуу процессин терең түшүндүрүп беришти.
Семинардын катышуучуларына банк тарабынан атайын белектер тапшырылды.
Иш-чара студенттер үчүн абдан пайдалуу жана кызыктуу болду. Студенттер банктык кызматтар тууралуу жаңы маалыматтарга ээ болуп, финансылык пландоонун маанилүүлүгүн түшүнүштү.

14-апрелде окуу жайыбызда 12-апрель – Космонавтика күнүнө карата I-курс студенттери арасында кызыктуу викторина өткөрүлдү.
Максаты:
Студенттерге космонавтика тарыхы жана космос жөнүндө маалымат берип, алардын логикалык ой жүгүртүү, аналитикалык жөндөмдөрүн өнүктүрүү.
Милдеттери:
• Космос жаатындагы билимди тереңдетүү;
• Тарыхый фактыларды эстеп калуу жөндөмүн арттыруу;
• Изденүүчүлүк жана кызыгуу сезимин ойготуу;
• Улуу илимпоздордун эмгегин баалоого үйрөтүү;
• Командалык ишти жана биргеликте ойлоону өнүктүрүү.
Викторинанын жүрүшү:
Иш-чара 4 этаптан туруп, 5 команда катышты (ар биринде 3 студент). Ар бир туура жооп үчүн 5 упай берилди. Тартип бузгандардан упай кемитилди.
Этаптар:
1. Команданы тааныштыруу
2. “Ооба же Жок”
3. Планетаны тандап, маалымат берүү
4. Суроолорго жооп берип, Космонавтика күнүнүн маанисин түшүндүрүү
Тарыхый маалымат:
1961-жылы 12-апрелде Юрий Гагарин “Восток-1” кемеси менен алгачкы жолу космоско учуп, Жерди 108 мүнөттө айланып чыккан. Бул окуя космосту изилдөөдө жаңы доорду ачкан. 1962-жылы бул күн СССРде расмий майрам болуп жарыяланган. 2011-жылы БУУ бул күндү Эл аралык адам космоско учкан күн катары белгилеген.

2025-жылдын 11-апрелинде Т.Кулатов атындагы Кызыл-Кыядагы тоо-техникалык, инновация жана экономика колледжинде өзгөчө маанилүү иш-чара болуп өттү. 6-Апрель – Эл аралык спорт күнүнө карата I-курстун студенттеринин арасында футбол боюнча мелдеш уюштурулду.
Бул мелдештин негизги максаты — мамлекеттик тилди даңазалоо менен бирге, жаштарды спорт аркылуу тарбиялоо, улуттар аралык ынтымакты чыңдоо жана сергек жашоо образын калыптандыруу болду. Футбол таймашы достук маанайда өтүп, катышуучулар чыныгы командалык оюн жана спорттук адептүүлүктү көрсөтүштү.
Иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулуп, мыкты оюн көрсөткөн тайпалар жана оюнчулар төмөнкү номинациялар боюнча сыйланышат: “Мыкты оюнчу”, “Мыкты чабуулчу” жана “Мыкты коргоочу”. Бул сыйлыктар студенттердин мотивациясын арттырып, спортко болгон кызыгуусун дагы да күчөтөт.
Бул сыяктуу иш-чаралар жаштардын мекенчилдик сезимин бекемдеп, мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жана улуттар аралык ынтымакты чыңдоого чоң салым кошот. Спорт — ден соолуктун гана эмес, коомдук биримдиктин да булагы экенин дагы бир ирет далилдеди.
Эл үчүн, тил үчүн жана ынтымак үчүн өткөн бул мелдеш көпкө чейин студенттердин эсинде калаары бышык.

Колледжибизде өткөрүлгөн, окуу жайыбыздын расмий “Instagram” баракчасындагы конкурстун жыйынтыгында үч студентибиз жеңишке жетишип, ар бири 2000 сомдон акчалай сыйлык жана ардак грамота менен сыйланышты.
Иш-чарада колледжибиздин мүдүрү Матосмонов Ж.Дж. өз сөзүндө жеңүүчү студенттерди куттуктап, аларга мындан аркы билим жолунда чоң ийгиликтерди каалады. Ошондой эле, окуу жайыбыздын активдүүлүгүн арттырууга жана колледждин коомдук иштерине кошкон салымдары үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Жолугушууда эрте никеге туруу, зордук-зомбулуктун алдын алуу, жыныстык гигиенаны сактоо боюнча маанилүү маалыматтарды Кызыл-Кыя шаарынын ГСВ-11 үй-бүлөлүк даарыгерлер тобунун клиникалык жетекчиси Исманова 3. Ш. берип өттү. Ошондой эле, колледждеги медайым Мисирова да жолугушууга катышып, өз кеңештерин берди.
Иш-чаранын жүрүшүндө балдардын мажбурлап никеге туруу жана «ала качуу» сыяктуу терс көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча билим берүү маанилүү экендиги белгиленди. Студенттерге жыныстык ден соолукту сактоо, эрте жана мажбурлап никеге туруу, ошондой эле жыныстык жол менен жугуучу оорулардын алдын алуу тууралуу маалыматтар берилди. Жолугушуу студенттер менен кенен баарлашып, суроо-жооп форматында өттү.
Бул иш-чарага 70 студент жана 12 окутуучу катышып, көптөгөн кызыктуу жана маанилүү маселелер көтөрүлдү.
Иш-чараны уюштурууда колледждин директорунун орун басары, мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча жооптуу Э. Т. Далибаева өзүнүн активдүү катышуусун көрсөттү.

2025- жылдын 4-апрелинде колледжибизде 7-апрель Революция күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.
Бул күнү студенттер тарабынан уюштурулган сахналык көрүнүштөр менен революциянын тарыхы жана анын маңыздылыгы терең түрдө көрсөтүлдү. Иш-чарада студенттер тарыхый учурларды өздөрүнүн чыгармачылык өнөрлөрү аркылуу жеткирип, көрүүчүлөргө күчтүү таасир калтырышты.
Студенттердин ар түрдүү роль жаратуусу, чыгармалары жана сахналык оюндар аркылуу 7-апрель революциясынын жүрүшү жана анын Кыргызстандагы коомдук-саясий турмуштагы мааниси терең талданып, тартууланды.
Бул иш-чара студенттер үчүн чоң тажрыйба болуп, алардын чыгармачылыгын жана тарыхты түшүнүүсүн өркүндөтүүгө өбөлгө түздү.
Иш-чаранын жүрүшүндө көрүүчүлөр, кандай гана кыйынчылыктарга карабай, ар бир адамдын эркиндиги үчүн күрөшүүгө даярдыгы тууралуу терең ой жүгүртүүгө түртүлдү. Ошондой эле, 7-апрель революциясы Кыргызстандагы саясий өзгөрүүлөрдүн башталышы болуп, биздин коомду демократиялык багытта өнүктүрүүгө түрткү берген маанилүү окуя катары баяндалды.
Бул иш-чара, студенттердин патриоттук сезимдерин күчөтүп, 7-апрель күнүнүн тарыхый маанисин жаштарга түшүндүрүүгө зор мүмкүнчүлүк түздү.

2025-жылы 5-апрель күнү, колледжибиздин жамааты тарабынан Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын буйругунун негизинде, бөлүнүп берилген жерди тазалоо жана көрктөндүрүү иштерин уюштуруу үчүн ишембилик өткөрүлдү.
Ишембиликте жамаат мүчөлөрү биргеликте кайраттуу иштеп, аймактын тазалыгын сактап, аны көрктөндүрүүдө өз салымдарын кошушту.

2025-жылдын 4-апрель күнү “Экономика жана менеджмент” циклынын окутуучулары Ибройева Лолахон Абдумуталиповна жана Джалалова Бусапия Мурзабаевна тарабынан I-курс Банк иши-1-2024 жана Банк иши-2-2024 тайпаларына Куратордук саатта “7-апрель Элдик Революция” аттуу темада иш-чара өткөрүлдү.
Бул иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулуп, студенттер активдүү катышып, кызыктуу талкууларды жүргүзүштү.
Андан тышкары, Тарых сабагынын окутуучулары да конок катары катышып, өз ойлорун жана тажрыйбаларын катышуучулар менен бөлүшүштү. Иш-чаранын максаты студенттердин тарыхый билүүсүн бекемдеп, коомдук-экономикалык түшүнүктөрдү кеңейтүү болуп саналат.Показать перевод

2025-жылдын 3-апрелинде колледжибиз Т.Кулатов атындагы Кызыл-Кыядагы тоо техникалык, инновация жана экономика колледжибизде Кызыл-Кыя шаарыбыздын аймагында өтүүчү «Үлгүлүү үй, көчө жана квартал» наамын ыйгаруу боюнча кароо-сынак боюнча жыйыны болуп өттү.
Аталган иш-чаранын негизги максаты — шаардын коомдук өзүн-өзү башкаруу комитеттеринде жашоо шарттарын жакшыртуу, маданий деңгээлди көтөрүү, биримдикти жана урмат-сый мамилелерин чыңдоо, ошондой эле экологиялык жактан таза жана ыңгайлуу аймактарды түзүү болду.
Көчөлөрдүн жана кварталдардын жакшырышына багытталган мындай иш-чаралар шаардын өнүгүүсүнө чоң салым кошот.

📅 Бүгүн, 2025-жылдын 3-апрель күнү, Т. Кулатов атындагы Кызыл-Кыядагы тоо-техникалык, инновация жана экономика колледжинде Экономика жана менеджмент циклынын студенттерине Маматова Айнура эжей Санариптештирүү экономика тармагында маанилүүбү? аттуу темада диспут өткөрдү!
🔹 Экономиканын өнүгүүсүнө санарип технологиялар кандай таасир этет?
🔹 Санариптештирүү жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачабы же көйгөйлөрдү жаратабы?
🔹 Кыргызстанда санариптик экономика канчалык деңгээлде өнүгүп жатат?
📊 Студенттер санариптештирүү боюнча презентация жасашып кызуу талкуу жүргүзүшүп, ар тараптуу пикирлерин ортого салышты. Санариптик технологияларсыз экономика өнүгө албай турганын дагы бир жолу далилдешти!
🌍 Келечек – санарипте! 📲Показать перевод

Бүгүн, 2025-жылдын 3-апрель күнү, Т. Кулатов атындагы Кызыл-Кыядагы тоо-техникалык, инновация жана экономика колледжинде “Банк иши” адистигинин 2-курс студенттерине Мамажанов Абдулазиз агай шыктандыруучу мастер-класс өттү!
📌 Мастер класстын темасы: Брендинг жана компаниянын имиджин башкаруу.
💡 Бренд деген эмне?
🔹 Логотиппи? Ооба, бирок андан да маанилүүсү – кардарлардын жүрөгүндө калган таасир!
🔹 Компаниянын имиджи ишеним жаратат, ишеним болсо ийгиликке жол ачат!
🔹 Чыныгы бренд сапаты жана баалуулуктары менен айырмаланат!
💼 Студенттер маркетингдин күчүн, бренддин ийгиликтеги ролун, ишенимдүү имидж түзүүнүн жолдорун жана кардарлардын ишенимин бекемдөө сырларын терең талкуулашты.
📊 Теорияны практикага айлантуу максатында, катышуучулар тайпаларга бөлүнүп, өз алдынча бренд түзүүгө аракет кылышты! Кызыктуу идеялар, чыгармачыл мамиле жана пайдалуу билим – бул мастер-класстын жемиши!
🔥 Кесипкөйлүккө карай дагы бир кадам! 🔥

Бүгүн колледжибиздин “Экономика жана менеджмент” циклынын жумалыгынын алкагында 2-курстун студенттери арасында «Мен жана менин кесибим» аттуу маанилүү жана кызыктуу тема боюнча викторина өткөрүлдү.

2025-жылдын 31-мартынан 4-апрелине чейин Төрөбай Кулатов атындагы Кызыл-Кыядагы тоо-техникалык инновация жана экономика колледжинде “Экономика жана менеджмент” циклынын жумалыгы өтүүдө. Бул иш-чара студенттердин кесиптик билимин өркүндөтүү, практикалык көндүмдөрүн жакшыртуу жана эмгек рыногунун талаптарына даярдоо максатын көздөйт.
31-март күнү жумалыктын ачылышында студенттер менен окутуучулар кесиптерине байланыштуу көргөзмөлөр уюштурушту, анда экономика жана менеджмент боюнча стенд-газеталар, практикалык жумуштар, бухгалтердик бланктар жана экономика багытындагы китептер сунушталды. Ошондой эле, окутуучулардын иш кагаздары боюнча презентация өткөрүлүп, окутуу процесстери талкууланды.
1-апрелде “Экономика жана менеджмент циклындагы адистиктердин практика боюнча абалы жана көйгөйлөрү” аттуу тегерек стол өткөрүлүп, ага финансылык жана салык мекемелеринин өкүлдөрү катышты:
1. Бешир оглы М. – «Оптима Банк» ААК Кызыл-Кыя филиалынын ага адиси
2. Равшанжанов Б. – “МБанк” ААК Кызыл-Кыя филиалынын насыялоо бөлүмүнүн эксперти
3. Мумбаев Р. – Элдик Банк ААК Кызыл-Кыя филиалынын насыялоо бөлүмүнүн башчысы
4. Сайпиев Г. – Дос-Кредобанк ААК Кызыл-Кыя филиалынын башчысынын орунбасары
5. Ашимжанов Ж. – Айыл Банк ААК Кызыл-Кыя насыялоо бөлүмүнүн эксперти
6. Юлдашев Б. – Мамлекеттик салык кызматынын Кызыл-Кыя шаардык башкармалыгынын ага адиси
7. Каратаева Н. – “МБанк” ААК Кызыл-Кыя филиалынын насыялоо бөлүмүнүн башчысы
3-курстун студенттери өздөрүнүн практикадан алган тажрыйбалары боюнча презентация жасап,
🔹 Студенттердин өндүрүштүк практика учурундагы жетишкендиктери жана кыйынчылыктары;
🔹 Банктарда, финансылык мекемелерде жана салык кызматтарында ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрү;
🔹 Эмгек рыногундагы талаптар жана жаш адистердин алдына коюлган чакырыктар;
🔹 Бухгалтерия, насыялоо жана ишкердик башкаруу тармактарында жаңычыл технологияларды колдонуу боюнча иш берүүчүлөр, окутуучулар жана студенттер менен суроо-жооп талкуусун өткөрүштү.
Бул иш-чаралар студенттерге теориялык билимин практикада колдонууга, кесиптик компетенцияларын өркүндөтүүгө жана иш берүүчүлөр менен тыгыз байланыш түзүүгө чоң мүмкүнчүлүк түзүүдө.

Чемпионаттын негизги максаты — жумушчу кесиптердин маанисин жана өзгөчөлүктөрүн кеңири коомчулукка түшүндүрүү, ошондой эле бул кесиптерди популярдаштыруу. Чемпионатка Баткен облусунун 10 кесиптик лицейи жана колледжибизден баары болуп, 27 студент катышып, 3 кесиптик багытта өз күчтөрүн сынашты: мода технологиясы, ашпозчулук жана электр ширетүү технологиясы.
Иш-чара расмий түрдө №70-Кесиптик лицейде ачылып, андан соң катышуучулар 2 лицейге бөлүштүрүлдү: №70 жана №7 Кесиптик лицейлер. Отурумдун ачылышын №70-Кесиптик лицейдин директору Ибрагим кызы Орунгүл баштап, Кызыл-Кыя шаарынын биринчи вице-мэри Бабаев Илиязбек Дооранбекович, Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Бегалиева Гульнур Жашасыновна, “WorldSkills” коомдук фондунун директору Эсенбекова Чолпон Насирдиновна, ошондой эле эксперттик топтун мүчөлөрү Аманова Нурзат жана Алымбаев Бакыт кайрылышты. Алар өз сөздөрүндө чемпионаттын маанисин жана маанилүүлүгүн белгилеп, катышуучуларга ийгиликтерди каалашты.
Чемпионаттын жыйынтыгы күндүн аягында, саат 19:00до чыгарылып, жеңүүчүлөр аныкталды. Ошондой эле, колледжибиздин атынан катышкан студентибиз: Орунбаева Акмарал Алтынбековна I-орунду багындырды. Жеңүүчүлөр республикалык турга катышууга укук алышты. Баткен облусунун ар бир кесиптик багытынан бирден жеңген студент Бишкек шаарына жөнөтүлөт.
Бул иш-чара жумушчу кесиптерге болгон көңүлдү арттырып, келечектеги адистердин өз кесибине болгон кызыгуусун жана каалоосун жандандырып, кесиптик билим берүүнү дагы да өнүктүрүүгө чоң салым кошот.

Кызыл-Кыя шаарынын калкынын саламаттыгын сактоо боюнча координациялык комиссиясынын №2-протоколунун негизинде, 24-мартта Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө арналган иш-чара окуу жайыбыз Төрөбай Кулатов атындагы Кызыл-Кыядагы тоо техникалык, инновация жана экономика колледжибизде өткөрүлдү. Анын темасы: “Кургак учукка жол жок” — “Ооба! Биз кургак учукту токтото алабыз!”
Иш-чарада кургак учук даарыгери Ажимаматова А.А. жана ден соолукту чыңдоо адиси Касымова М.С. семинар өткөрүштү. Кургак учук өпкөнүн микробактериясы түшкөн ткандарда сезгенүү жана некроз процесстерин жаратып, акырында кальций туздары топтолуп, орган бир аз начарласа, инфекциянын таралышы мүмкүн экенин түшүндүрүштү.
Иш-чарага 280ден ашуун студент жана 16 окутуучу катышып, кеңири суроо-жооп сессиясы уюштурулуп, студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорго так маалымат алышты.

21-март — Нооруз майрамына карата уюштурулган “Жазгы элеганттуулук жана саркеч көргөзмөсүнүн негизги максаты – студенттердин чыгармачылык жөндөмүн өнүктүрүү, келечектеги кесибине болгон кызыгуусун арттыруу жана мода дүйнөсүнө жаңы креативдүү идеяларды алып келүү болгон.
Иш-чарага 25 бүтүрүүчү модельер кыздар жана 80 модель кыздар катышып, алардын ар биринин өзгөчө коллекциялары эмгектери сахнада тартууланды.
Колледждин мүдүрү Матосмонов Жеңишбек Жамалдинович жана “Технология” циклынын окутуучусу жаш модельер кыздардын тайпа жетекчиси Айбашева Айсулуу Салижановна студенттерди майрамы менен куттуктап, колледждин атын чыгарган активдүү жана таланттуу жаш модельерлерге диплом жана баалуу белектерди тапшырышты.

21-март күнү Төрөбай Кулатов атындагы Кызыл-Кыядагы тоо-техникалык, инновация жана экономика колледжинде Нооруз майрамына арналган концерттик иш-чара уюштурулду. Иш-чаранын максаты – Ноорузду даңазалоо, жаштарга тарбия берүү, биримдикти чыңдоо жана майрамдык маанай тартуулоо болду.
Колледждин мүдүрү Жеңишбек Жамалидинович Матосмонов ачылыш сөзүндө:
“Жаз менен бирге көптөн күткөн Нооруз да келди. Бул – жакшылыктын, биримдиктин жана жаңылануунун майрамы!” – деп куттуктады.
Кызыл-Кыя шаарынын мэринин орун басары Ильяз Бабаев жана “Ак-Булак” маданият бөлүмүнүн директору Лайли Арапова майрамдык каалоо-тилектерин жолдошту.
Концерттик шоу-программада Динара Садыбакасова ыр белек тартуулады. Андан соң, КМиТШИ-2-23 тайпасынын кыздары кыргыз бийин жана колледждин кыздары өзбек бийин аткарып, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулашты.
Нооруз – жаңы үмүт, жаңы башат! Жерибизде тынчтык, элибизде биримдик болсун!
Нооруз майрамыңыздар кут болсун!

2025-жылдын 7-март күнү биздин колледжде 8-март — Эл аралык аялдар күнүнө карата “Ажарлуусуң аялзат” аттуу зор майрамдык иш-чара өткөрүлдү.
Бул күндүн маани-маңызына ылайык, иш-чарада агайларыбыз аялзатын чын жүрөктөн куттуктап, аларга камкордугу, эмгеги жана улуулугу үчүн ыраазычылык билдиришти. Иш-чара концерттик программа менен коштолуп, катышуучуларды шыктандырып, ыр жана бийлер менен коштолду.
Аялдар күнүнүн урматына арналган бул иш-чара колледжибиздин табигый атмосферасын арттырып, куттуктоолордун жана жаркын маанайдын чагылдыруусунда өзгөчө мааниге ээ болду.

2025-жылдын 6-мартында Т. Кулатов атындагы Кызыл-Кыя тоо-техникалык, инновация жана экономика колледжинде колледждин мүдүрү Матосмонов Ж. Дж. «Коррупцияга каршы күрөшүү» боюнча жыйын өткөрдү. Жыйынга колледждин жетекчилиги, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комиссиянын төрагасы жана мүчөлөрү, ошондой эле тайпалардын башчылары (старосталары) катышышты.
Жыйындын негизги максаты – билим берүү мекемесинде студенттер арасында коррупцияга каршы күрөшүүнүн маанилүүлүгүн түшүндүрүү жана мыйзамдуулукту сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү болду.
Чогулушта мүдүр Матосмонов Ж. Дж. билим берүүдө акыйкаттыкты сактоо, ар кандай мыйзамсыз аракеттерге жол бербөө жана коррупциянын кесепеттери тууралуу кеңири баяндама жасады. Ошондой эле, студенттердин укуктары жана милдеттери, адеп-ахлактык нормаларды сактоо маселелери боюнча пикир алмашуу жүргүзүлдү.
Колледждин коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комиссиясынын төрагасы Мамажанов А. М. окуу жайда коррупцияга жол бербөө жана ага каршы күрөшүү тууралуу сөз сүйлөп, бул багытта жүргүзүлүп жаткан иш-чараларга токтолду.
Жыйындын соңунда колледжде коррупцияга каршы күрөшүү боюнча студенттердин активдүү катышуусун камсыз кылуу, мыйзам бузуулар тууралуу маалымат берүү механизмдерин күчөтүү жана алдын алуу чараларын көрүү боюнча биргелешкен иш-аракеттер кабыл алынды.
Бул жыйын студенттер арасында калыстыкты жана адилеттикти орнотуу менен, билим берүү мекемесиндеги таза жана ачык-айкын чөйрөнү калыптандырууга багытталган маанилүү кадам болду.

2025-жылдын 6-мартында Т. Кулатов атындагы Кызыл-Кыя тоо-техникалык, инновация жана экономика колледжинде «Поэзия керемети» аттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чаранын негизги максаты – сезимдин сереси болгон поэзиянын керемет дүйнөсүнө саякат жасап, улуу мурас болгон ыр дүйнөсүн даңазалоо, анын күчүн терең сезүү жана жаш калемгерлерге дем берүү.
Иш-чараны колледжибиздин мүдүрү Матосмонов Ж. Дж. ачып, катышуучуларга жана жаш калемгерлерге чыгармачылык ийгиликтерди каалады. Поэзия жаатында эмгектенген белгилүү коноктор иш-чаранын көркүн ачышты. Алардын катарында Баткен мамлекеттик университетинин Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институтунун (БатМУ КГПИ) доценти Кочконов А. К., «Акыл кенч» китеп дүкөнүнүн негиздөөчүсү, педагог жана психолог Топчубаева П. А., Кыргыз жазуучулар союзунун мүчөсү, «Беш акын» долбоорунун катышуучусу, бир нече китептин автору, акын, жазуучу, обончу, аткаруучу жана редактор Тайполотова М. А., ошондой эле «Кызыл-Кыя куту» гезитинин редактору Жоробековдор катышышып, жаш калемгерлерге өз акыл-насааттарын айтышып, чыгармачылык ийгиликтерди каалашты.
Бул иш-чара колледжибиздин тажрыйбалуу окутуучусу, филология илимдеринин кандидаты Ураимов К. О. нун жетекчилиги астында БатМУ КГПИнин гуманитардык факультетинин 3-курсунун студенттери, учурда колледжибизде окуу практикасынан өтүп жаткан Шерали к. Д. жана Саматова Г. А. тарабынан уюштурулуп, мыкты деңгээлде өткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө колледжибиздин жана БатМУ КГПИнин жаш калемгер студенттеринин чыгармалары аткарылды. Бардык катышуучуларга чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз!

Жыл сайын 5-мартта Кыргызстанда улуттук баш кийимибиз – Ак калпакты даңазалоо максатында “Ак калпак күнү” белгиленет. Быйыл да бул маанилүү күнү Төрөбай Кулатов атындагы Кызыл-Кыядагы тоо-техникалык, инновация жана экономика колледжинде Ак калпак жана Туу күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Кылымдарга желбирей бер, кыргыз Туусу!
Асмандан жарык көрсөң, жылдыз деп бил,
Ак калпак кийгендерди кыргыз деп бил!
Иш-чаранын расмий бөлүгү колледждин директору Матосмонов Женишбек Джамалдиновичтин куттуктоо сөзү менен башталды. Ал жалпы жамаатты жана студенттерди майрам менен куттуктап, Ак калпак күнү жана Кыргызстандын Мамлекеттик туусу тууралуу кеңири маалымат берип, бул улуттук баалуулуктарыбызды ардактоо, урматтоо ар бир жарандын ыйык милдети экенин белгиледи. «Ак калпагыбыз башыбыздан түшпөй, туубуз түбөлүк желбирей берсин!» – деген тилегин билдирди.
Салттуу баалуулуктарды даңазалоого жана келечек муунга жеткирүүгө багытталган бул иш-чара маданий программа менен улантылып, катышуучулар үчүн өзгөчө майрамдык маанай тартуулады.
Мамлекеттик Туунун жана Ак калпактын маанисин терең түшүнүү, алардын тарыхын урматтоо – ар бир кыргызстандык үчүн өзгөчө сыймык.

2025-жылдын 1-2-март күндөрү Төрөбай Кулатов атындагы Кызыл-Кыядагы тоо-техникалык, инновация жана экономика колледжинин эмгек жамааты жалпы ишембиликке активдүү катышып, шаарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерин жүргүзүштү.
Ишембиликтин жүрүшүндө колледждин окутуучулары жана техникалык кызматкерлери айлана-чөйрөнү тазалоо, бөлүнгөн участокторду ирээтке келтирүү жана жашылдандыруу боюнча биргелешип иш алып барышты. 2-март күнү болсо, колледждин айланасына жаңы көчөттөр отургузулуп, экологияны жакшыртууга жана жашыл мейкиндикти көбөйтүүгө өзгөчө салым кошулду.
Бул иш-чаралар шаардын экологиялык абалын жакшыртуу жана жашылдандыруу багытында маанилүү кадам болуп, колледж жамаатынын айлана-чөйрөгө болгон камкордугун даңазалады. Мындай иш-аракеттер шаардын көркүн ачып гана тим болбостон, коомчулукту жаратылышты коргоого жана сактоого үндөөчү үлгүлүү демилге болуп саналат.

“Аялдар тынчтык банкы” коомдук фондунун “Седеп” долбоорунун алкагында 25-февраль күнү Төрөбай Кулатов атындагы Кызыл-Кыядагы тоо-техникалык, инновация жана экономика колледжинин студенттери жана “Седеп” долбоорунун кыз-келиндери үчүн “Бизнес жана маркетинг негиздери” боюнча тренинг болуп өттү. Окутууну тренер, маркетолог Ак-Набат Казыбекова өттү.
Тренингде “Седеп” долбоорунун катышуучуларына жана студенттерине бизнестин негиздери маркетинг боюнча маалымат берилди.
Маркетингдин мисалдары, бизнес моделдери жана ийгиликтүү ишкерлердин мисалдары менен көрсөтүлдү. Тренингдин катышуучулары максаттуу аудиторияны талдоо, өнүмдөрдү позициялоо жана жылдыруу стратегиялары сыяктуу негизги маркетинг принциптери менен таанышты.
Негизги бизнес моделдери да камтылган, анын ичинде B2B, B2C жана C2C, жергиликтүү жана эл аралык бизнестин мисалдары менен үйрөтүлүп, катышуучулар суроолоруна жоопторду алышты.
Санарип маркетингине, анын инструменттерине жана заманбап ишкердиктеги маанисине өзгөчө көңүл бурулду. Ак-Набат Казыбекова эффективдүү жарнамалык канал катары социалдык тармактарга кеңири токтолуп, уникалдуу сатуу сунушун (USP) түзүүнү жана бизнесте жеке брендди өнүктүрүүнү түшүндүрүп берди.
Тренингдин практикалык бөлүгүндө катышуучулар топтордо иштешип, өздөрүнүн продукциясын сатуунун жолдорун карап чыгышты,жана сатууларды иш жүзүндө аткарып мүчөлөрү.
Тренингдин соңунда студенттер жана долбоордун мүчөлөрү алган билиминин баалуулугун белгилешип, уюштуруучуларга ыраазычылыктарын билдиришип, келечекте дагы ушул сыяктуу тарбиялык иш-чараларга катышуу каалоолорун билдиришти.
______
«СЕДЕП» долбоору Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен «Аялдар тынчтык банкы» коомдук фонду тарабынан Pro.NGO! e.V. уюму (Кельн, Германия) менен өнөктөштүктө аткарылууда.

2025-жылдын 21-февралында Т. Кулатов атындагы Кызыл-Кыядагы тоо-техникалык, инновация жана экономика колледжинде Эл аралык эне тил күнүно карата эне тилибизди өркүндөтүүгө багытталган маанилүү иш-чара өткөрүлдү.
Окутуучулар жана студенттер эне тилдеринин дүйнө жүзүндөгү орду жана милдети тууралуу терең талкууларды жүргүзүштү. Эне тилдеринин өнүгүшүнө салым кошуу, аны кеңири колдонуу жана улуттук тилибизди сактоо — бардык жарандарыбыздын, өзгөчө жаш муундардын милдети экени белгиленди.
Бул иш-чара колледждин активдүү студенттери тарабынан уюштурулуп, кыргыз тилине болгон урмат-сыйды арттыруу максатында атайын ырлар, обондуу чыгармалар аткарылды.
Иш-чаранын негизги максаты – биздин улуттук тилибизге болгон сүйүүнү арттыруу, кыргыз тилин келечек муундар үчүн сактап калуу жана аны күнүмдүк жашоодо кеңири колдонуу үчүн бардык аракеттерди көрүү.
Өлкөбүздө кыргыз тилинин абалы жана аны өнүктүрүүгө багытталган аракеттерге зор салым кошоорун көрсөтүп, жаш муундарды тилди урматтоого жана аны сүйүүгө чакырды.

23-февраль Ата-мекенди коргоочулардын күнүнө карата жалпы агайларыбыз менен кошо эмгек кызматкерлерибизге белектер тапшырылды. Иш-чаранын алкагында, студенттерибиз ыр-бийлерди аткарып, эжекелер өздөрүнүн каалоо тилектерин айтышты.
Ата-Мекенди коргоочулардын күнүн белгилөө – биздин өлкөнүн коргоочуларына болгон терең урмат-сыйыбызды жана алардын ар бирине ыраазычылык билдирүү мүмкүнчүлүгүбүз. Бул күн мекенге болгон сүйүү, патриоттук сезимдерди арттырып, жалпы өлкөбүздүн эркиндикке болгон ар бир кадамында жоокерлердин катаал эмгегинин маанилүүлүгүн дагы бир жолу түшүнүүгө жардам берет.

2024- жылдын 11-12-декабрында Билим берүү жана илим министрлиги алдындагы “Валидациялоо жана сертификациялоо” борбору жана министрлик менен Азия өнүктүрүү банкы тарабынан ишке ашырылып жаткан “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында Төрөбай Кулатов атындагы Кызыл-Кыядагы тоо-техникалык, инновация жана экономика колледжинде өткөрүлгөн “Тикмечи/бычмачы” кесиби боюнча валидация жараянына катышып ийгиликке жетишкен катышуучуларга 2025- жылдын 10-февралында сертификаттар тапшырылды.
Ардактуу катышуучулар!
Сиздерге “Тикмечи/бычмачы” кесиби боюнча валидация жараянын ийгиликтүү аяктап, сертификаттарды алуу менен чоң жетишкендикке жеткендигиңиздер үчүн чын жүрөктөн куттуктайбыз! Бул сиздердин эмгегиңиздердин жана тажрыйбаларыңыздардын жыйынтыгы. Алга карай жылып, жаңы бийиктиктерди багындырып, кесипкөй жана компетенттүү адис катары өсүүгө салым кошууга уланта бериңиздер!
Ийгиликтер ар дайым сиздер менен болсун!

Каралуучу маселелер:
1). Кышкы сессияга даярдык;
2). Практиканын иш абалы;
3). Китепкананын жана электрондук китепкананын абалы;
4). Ар түрдүү маселелер.
Жыйындын жыйынтыгы менен төмөндөгүдөй чечимдер кабыл алынды:
1). I-курстардын жыйынтыктоочу баасы бекитилген график боюнча тапшырылат;
2). Предметтиктер жыйынтыкталуучу бааны тест түрүндө алат;
3).Баалар өз убагында Е-bilimге киргизилет.
4). II-III-курстардын Модулдук рейтингдик системасы түзүлүп, окутуучуларга берилет.
5). Цикл башчыларынын жана окутуучулардын жарым жылдык отчеттору каралып, талдоо отчеттору даярдалат.
6). Тайпалардын жетишүүсү жана катышуу боюнча жарым жылдык отчет даярдалат.
7). Биринчи жарым жылдык жыйынтыктын негизинде окутуучулардын рейтинги чыгарылат.
8). Коррупцияга каршы күрөшүү чаралары көтөрүлөт.
9). Куратордук сааттардын темаларына даярданып, иштелип чыгарылат.
Жогорку чечимдерге каршы, калыс жок баары макул болушту.
Кеңешменин төрагасы: Матосмонов Ж.Дж.
Кеңешменин катчысы: Юсупова А.Ж.
Окуу жайдын маалыматтык камсыздоо кызматы

Бул курстун негизги максаты – электр тармагындагы технологиялар менен таанышуу, кесиптик жөндөмдөрдү өркүндөтүү жана билим берүү процессине инновацияларды киргизүү болуп саналат.
Мындан тышкары, катышуучулардын заманбап талаптарга жооп берген квалификациялуу адистерди даярдап, аларды кесипкөй адис катарында калыптандырууга көмөк көрсөтүү жана аймактагы энергетикалык тармактын өнүгүүсүнө салым кошуу максатын көздөйт.
Бул 72 сааттык квалификацияны жогорулатуу курсу колледждин Алдыңкы тажрыйба борборунда уюштурулду.

2024-жылдын 10-декабрында окуу жайыбыздын «Гуманитардык жана табигый илимдер” циклынын 2024-2025-окуу жылындагы цикл жумалыгынын ачылышы окуу жайыбыздын мүдүрү Матосмонов Ж. Дж. жана окутуучулар менен студенттердин катышуусунда өттү.
Ачылышта көргөзмөлөр жана презентациялар уюштурулду. Цикл башчы жана окутуучулар 2024-2025-окуу жылына пландарын жана максаттарын баяндап, студенттерге мотивация берип, өз ара байланыштарды жакшыртууга багытталган сунуштар менен бөлүшүштү.
Бул иш-чара студенттер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү, окутуучулар үчүн болсо өз ишмердүүлүгүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берди.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2024-жылдын 18-ноябрындагы №307б буйругун аткаруу максатында, Кызыл-Кыя шаарында 20-ноябрдан 20-декабрына чейин ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга даректүү материалдык жана социалдык колдоо көрсөтүү иш-чарасынын алкагында, окуу жайыбыздын студенттери бүгүн мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга кабар алуу үчүн барып, аларга акчалай жана тамак-аш азыктары менен жардам беришти.
Бул иш-чара 3-декабрь Эл аралык майыптар күнүнө карата өткөрүлүп, атуулдардын коомдук жашоого активдүү катышуусун колдоо жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга кам көрүү максатын көздөйт.


2024-жылдын 2-декабрь күнү окуу жайыбызда ВИЧ / СПИД илдеттери боюнча жарыяланган айлык алкагында Кызыл-Кыя ЖДПБнун ДЧК адиси жана санэпид кызматкерлери тарабынан студенттерге “ВИЧти алдын алуу жана даарылоо” деген темада семинар өткөрүлдү.
Семинарда студенттерге жана окутуучуларга ВИЧ / СПИД оорусунун коркунучтары, алдын алуу жолдору жана туура дарылоо боюнча кеңири маалымат берилди. Мындан тышкары, видеороликтер көрсөтүлүп, оору тууралуу толугураак маалымат берилди.
Семинардын соңунда студенттер менен активдүү суроо-жооптор өткөрүлүп, теманын мааниси талкууланды. Бул иш-чаранын максаты – студенттердин ВИЧ / СПИД боюнча маалыматын арттыруу жана ооруну алдын алуу аракеттерине көңүл буруу болуп саналат.









Кызыл-Кыя шаардык мэриясы тарабынан бүгүн Орозонун ыйык күнүндө 1-апрель күнү шаарыбызда Ифтар Базары уюштурулуп, анда көптөгөн окуу жайлар катышып, алардын катарын толуктоо менен бирге окуу жайыбыз: Т.Кулатов атындагы Кызыл-Кыя тоо техникалык, инновация жана экономика колледжинин: ТПиПСП жана КМиТШИ тайпаларынын студенттери толугу менен катышты.
Ифтар Базарына Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Маткалыков, мэрдин биринчи орун басары И.Бабаев, окуу жайыбыздын мүдүрү Ж.Матосмонов жана тамак-аш тармагындагы иш-каналар менен бирге шаарыбыздын тургундары да катышты.

Жаз мезгили келип, Кызыл-Кыя шаарында айлана-чөйрөнү тазалоо иштери жүрүүдө.
Ошондой эле 5-6- апрель күндөрү: окуу жайыбыз Т.Кулатов атындагы Кызыл-Кыя тоо-техникалык, инновация жана экономика колледжинин окутуучулары,кызматкерлери жана студенттери тарабынан окуу жайдын айлана-чөйрөсүндө да тазалоо иштери жүргүзүлүп, көчөттөр отургузулду.
Ишембиликке окуу жайыбыздын жалпы окутуучулары, кызматкерлери жана студенттери катышышты.

Жаздын жаркыраган күнү менен кошо Ыйык Рамазан айынын урматына жалпы эмгек жамаат тарабынан сүмөлөк кайнатылып, Кыргыздын даамдуу улуттук тамак-аштары бышырылды.
Шаарыбыздын мэри Маткалыков Асилбек Жоробаевич келип, өзүнүн каалоо тилектерин айтып, эмгек жамаатына жакшылык тилеп, сыйлуу коногубуз болду.
Окуу жайыбыздын мүдүрү Матосмонов Жеңишбек Джамалдинович окутуучуларын жана кызматкерлерин Ыйык Рамазан айы менен куттуктап, тынчылык, аманчылык жана үй -бүлөсүнө бактылуулук каалады.







Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-апрелиндеги “Кыргыз Республикасында балдарды, улгайган адамдарды жана майыптарды коргоонун эл аралык күнүн жыл сайын өткөрүү жөнүндөгү” №237 токтомун, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2024-жылдын 20-майындагы №128-б буйругун аткаруу максатында 1-июнь –Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган майрамды жогорку деңгээлде уюштуруу жана балдарды ар тараптан колдоо максатындагы буйруктун негизинде биздин окуу жайыбыз Т.Кулатов атындагы Кызыл-Кыя тоо-техникалык инновация жана экономика колледжинин жаштар уюму жана окутуучулары тарабынан акчалай жардам көрсөтүлүп, балдарга таттуулар белекке берилди. Ал эми ыктыярчы студенттер тарабынан балдардын көңүлүн көтөрүү максатында оюн-зоок тартууланды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө» 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022- жылдын 1- мартындагы №95 -тескемесин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүнүн 2024-жылдын 1- мартындагы №61-б буйругун аткаруу максатын негизинде: биздин окуу жайыбыз жааматы дагы 2024-жылдын 15- мартынан 15- июнуна чейин Кызыл-Кыя шаарынын аймагында көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча үч айлык тазалык иштерин аткарышты. Т.Кулатов атындагы Кызыл-Кыядагы тоо-техникалык инновация жана экономика колледжинин жааматы жана студенттери үч айлык тазалоо күнүнө карата активдүү катышышып, бак-дарактар отургузулуп, ишембилик иштери ар апта сайын өткөрүлдү.


Т.Кулатов атындагы Кызыл-Кыядагы Тоо-Техникалык, Инновация жана Экономика колледжинде соонун жаңылык! 2024- жылы Окуу жайыбыз:- Кесиптик лицейлердин окутуучуларынын кесиптик квалификациясын жогорулатуу максатында:7 багытта 72 сааттык кыска мөөнөттүү курстарды окутууга лицензия алды. Лицензия кут болсун! Эң бир жакшы жетишкендиктерге ээ болдук. Төмөнкү уюлдук байланыш менен байланышсаңыздар болот: +996776006800


2024-жылдын 24-июнунан 26-июнуна чейин Колледждин күндүзгү окуу бөлүмүндөгү II курстун бюджеттик жана контрактык негизиндеги студенттерин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2019-жылдын 17-сентябрындагы №1107/1 буйругунун негизинде “Кыргыз-тили жана адабияты”, ”Кыргызстандын тарыхы”, “Экологиянын негиздери жана Кыргызстандын географиясы” предметтери боюнча дисциплиналар-аралык жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоодон өтүштү.

Т.Кулатов атындагы Кызыл-Кыядагы тоо-техникалык, инновация жана экономика коледжинин «Айыл чарба продукцияларын өндүрүүнүн жана кайра иштетүүнүн технологиясы” адистигинин студенттери жер жемиштерден кыям, шербеттерди жасоо учурунда.

Т.Кулатов атындагы Кызыл-Кыядагы тоо-техникалык, инновация жана экономика колледжинде жаңы 2024-2025-окуу жылында абитуриенттерге каттоо башталды.
Адрес: болжол Айсулуу соода борборунун бет маңдайы.
Сиздер үчүн эшигибиз дайыма ачык.

2024-жылдын 1-2-июлунда Окуу жайыбыздын окутуучулар жамааты жалпы –жана – окуу жылындагы аткарган жумуштары,жүктөмдөрү жана өздөрүнө бөлүнгөн тайпалары боюнча жыл аягында жыйынтыктоочу отчетторун тапшырышты.
Отчет алгандар: Матосмонов Ж.Дж, Абдубаитов К.А, Саидкамолов У.С жана Мадаминов А.Т.














