Бакирова Айнагул Ташмурзаевна

Туулган жылы 28.07. 1987
Туулган жери Ош областы, Ноокат району, Төөлөс айылы
Улуту Кыргыз
Жарандыгы Кыргыз Республикасынын жараны
Билими Жогорку. ОШТУ
Жалпы эмгек стажы 12
ККТТИжЭКдеги стажы 12
Иш тажрыйбасы 2010-2012-жж Т.Кулатов атындагы Кызыл-Кыя тоо-техникалык, инновация жана экономика колледжинде мүдүрдүн секретары, 2011-2017-жж Т.Кулатов атындагы Кызыл-Кыя тоо-техникалык, инновация жана экономика колледжинде кассир, 2011-2022-жж Т.Кулатов атындагы Кызыл-Кыя тоо-техникалык, инновация жана экономика колледжинде информатика окутуучусу, 2019-жылдан “ТИ” циклынын цикл башчысы  жана окутуучусу  
Кошумча көндүмдөрү Китеп окуу, тил үйрөнүү, компъютердик Microsoft Word. Excel жана интернет программалары менен иштөө
Тил билүү деңгээли Орус, өзбек,  англис тилдери
Өзгөчө саппаттары Адамгерчиликтүү, эмгекчил
Үй-бүлөлүк абалы 3 уулдун энеси
Үй дареги: Кызыл-Кыя шаары 1-мрк 7/21
Байланыш телефону: Тел:(0773) 31-07-00

«Табигый илимдер» циклы жөнүндө маалымат

Жалпысынан алганда табигый илим – бул бирдиктүү комплексте чектөөсүз каралып чыккан табигый илимдердин кайрадан бириккен жыйындысы. Учурда табигый илим астрономия, физика, химия, биология, математика, информатика, география сыяктуу сабактарды камтыйт. Бул дисциплинанын түпкү максаты — курчап турган дүйнөнүн бирдиктүү концепциясын иштеп чыгуу, ал өзүнө карама-каршы ойлорду калтырбайт.

Табигый илимдер

     “Табигый илимдер”  циклы Кызыл-Кыя тоо-техникалык колледжинин окуу илимий иштерин негизги бөлүгү болуп саналат. “Табигый илимдер” циклы 1996 жылы негизделген. 2000-жылдын 2018-жылдары химия/биология окутуучусу Мамидинова А.К. циклды жетектеп келген, 2018-2019-жылдар аралыгында кыргыз тили жана адабият окутуучусу Аширкулова Г. Т цикл башчысы болгон. 2019-жылдан азыркы күнгө чейин информатика окутуучусу Бакирова А.Т. “Табигый илимдер” циклын жетектеп келүүдө.

“ТИ” циклынын максаттары

    -Окутулуп жаткан ар бир предметтин өзгөчөлүктөрүн эске алып, студенттерге жеткиликтүү билим берүү.

   — Студенттер менен тыгыз байланышта болуу жана чыгармачылык менен иштөөсүн өркүндөтүү.

    — Илимий, усулдук эмгектерди жана окуу куралдарын жазуу

    — Окутулган предметтер боюнча окуу китептерин жазуунун жандандыруу.

    — Студенттердин толук жана жеткиликтүү билим алуусуна шарттарды түзүү.

                            “ТИ” циклынын милдеттери

  •   Окутулуп жаткан сабактарга байланыштуу окуу куралдары  китептер менен жетиштүү деңгээлде жана тийиштүү санда камсыз кылуу. Интерактивдүү досканы пайдалануу жаңы методдор менен сабак өтүү.
  • Студенттердин өз алдынча иштерин жогорку деңгээлде уюштуруу.
  • Сабакта окутуунун жаңы технологияларын, аудио-видео материалдарын колдонуп, студенттерге  жеткирүү.

                                  “ТИ” циклынын багыттары

  • Цикл “жер астынан пайдалуу кендерди казып алуу”, “пайдалуу казындыларды геологиялык сүрөткө түшүрүү, изилдөө жана чалгындоо”, “электр жана электро механикалык жабдууларды ремонттоо, эксплуатациялоо жана камсыздоо кызматкерлери”, “нефть жана газ кендерин казып алуу жана иштеп чыгуу”, “ авто унааларды оңдоо жана тейлөө”, “электр менен камсыздоо”, “экономика жана бухгалтердик эсеп”, “технология”, “кесиптик окутуу” жана “компъютердик система жана комплекс” адистиктеринде окутуп жаткан студенттерге орус жана кыргыз тилинде инновациялык методдорду колдонуу менен учурдун талабына ылайык окутууну өркүндөтүүгө багытталган. Сабактар негизинен биринчи жана экинчи курсттарга өтүлөт.