2025-жылдын 24-мартында Кызыл-Кыя шаарындагы №70-Кесиптик лицейде жумушчу кесиптердин экинчи улуттук чемпионатынын Баткен облусу боюнча регионалдык туру өткөрүлдү.
Чемпионаттын негизги максаты — жумушчу кесиптердин маанисин жана өзгөчөлүктөрүн кеңири коомчулукка түшүндүрүү, ошондой эле бул кесиптерди популярдаштыруу. Чемпионатка Баткен облусунун 10 кесиптик лицейи жана колледжибизден баары болуп, 27 студент катышып, 3 кесиптик багытта өз күчтөрүн сынашты: мода технологиясы, ашпозчулук жана электр ширетүү технологиясы.
Иш-чара расмий түрдө №70-Кесиптик лицейде ачылып, андан соң катышуучулар 2 лицейге бөлүштүрүлдү: №70 жана №7 Кесиптик лицейлер. Отурумдун ачылышын №70-Кесиптик лицейдин директору Ибрагим кызы Орунгүл баштап, Кызыл-Кыя шаарынын биринчи вице-мэри Бабаев Илиязбек Дооранбекович, Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Бегалиева Гульнур Жашасыновна, “WorldSkills” коомдук фондунун директору Эсенбекова Чолпон Насирдиновна, ошондой эле эксперттик топтун мүчөлөрү Аманова Нурзат жана Алымбаев Бакыт кайрылышты. Алар өз сөздөрүндө чемпионаттын маанисин жана маанилүүлүгүн белгилеп, катышуучуларга ийгиликтерди каалашты.
Чемпионаттын жыйынтыгы күндүн аягында, саат 19:00до чыгарылып, жеңүүчүлөр аныкталды. Ошондой эле, колледжибиздин атынан катышкан студентибиз: Орунбаева Акмарал Алтынбековна I-орунду багындырды. Жеңүүчүлөр республикалык турга катышууга укук алышты. Баткен облусунун ар бир кесиптик багытынан бирден жеңген студент Бишкек шаарына жөнөтүлөт.
Бул иш-чара жумушчу кесиптерге болгон көңүлдү арттырып, келечектеги адистердин өз кесибине болгон кызыгуусун жана каалоосун жандандырып, кесиптик билим берүүнү дагы да өнүктүрүүгө чоң салым кошот.
«Кургак учукка каршы биргелешип күрөшүү: Жаштарды маалыматтандыруу жана алдын алуу»
Кызыл-Кыя шаарынын калкынын саламаттыгын сактоо боюнча координациялык комиссиясынын №2-протоколунун негизинде, 24-мартта Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө арналган иш-чара окуу жайыбыз Төрөбай Кулатов атындагы Кызыл-Кыядагы тоо техникалык, инновация жана экономика колледжибизде өткөрүлдү. Анын темасы: “Кургак учукка жол жок” — “Ооба! Биз кургак учукту токтото алабыз!”
Иш-чарада кургак учук даарыгери Ажимаматова А.А. жана ден соолукту чыңдоо адиси Касымова М.С. семинар өткөрүштү. Кургак учук өпкөнүн микробактериясы түшкөн ткандарда сезгенүү жана некроз процесстерин жаратып, акырында кальций туздары топтолуп, орган бир аз начарласа, инфекциянын таралышы мүмкүн экенин түшүндүрүштү.
Иш-чарага 280ден ашуун студент жана 16 окутуучу катышып, кеңири суроо-жооп сессиясы уюштурулуп, студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорго так маалымат алышты.
Колледждеги “Жазгы элеганттуулук саркеч көргөзмөсү”
21-март — Нооруз майрамына карата уюштурулган “Жазгы элеганттуулук жана саркеч көргөзмөсүнүн негизги максаты – студенттердин чыгармачылык жөндөмүн өнүктүрүү, келечектеги кесибине болгон кызыгуусун арттыруу жана мода дүйнөсүнө жаңы креативдүү идеяларды алып келүү болгон.
Иш-чарага 25 бүтүрүүчү модельер кыздар жана 80 модель кыздар катышып, алардын ар биринин өзгөчө коллекциялары эмгектери сахнада тартууланды.
Колледждин мүдүрү Матосмонов Жеңишбек Жамалдинович жана “Технология” циклынын окутуучусу жаш модельер кыздардын тайпа жетекчиси Айбашева Айсулуу Салижановна студенттерди майрамы менен куттуктап, колледждин атын чыгарган активдүү жана таланттуу жаш модельерлерге диплом жана баалуу белектерди тапшырышты.
Колледжде Нооруз майрамына карата концерттик иш-чара өттү
21-март күнү Төрөбай Кулатов атындагы Кызыл-Кыядагы тоо-техникалык, инновация жана экономика колледжинде Нооруз майрамына арналган концерттик иш-чара уюштурулду. Иш-чаранын максаты – Ноорузду даңазалоо, жаштарга тарбия берүү, биримдикти чыңдоо жана майрамдык маанай тартуулоо болду.
Колледждин мүдүрү Жеңишбек Жамалидинович Матосмонов ачылыш сөзүндө:
“Жаз менен бирге көптөн күткөн Нооруз да келди. Бул – жакшылыктын, биримдиктин жана жаңылануунун майрамы!” – деп куттуктады.
Кызыл-Кыя шаарынын мэринин орун басары Ильяз Бабаев жана “Ак-Булак” маданият бөлүмүнүн директору Лайли Арапова майрамдык каалоо-тилектерин жолдошту.
Концерттик шоу-программада Динара Садыбакасова ыр белек тартуулады. Андан соң, КМиТШИ-2-23 тайпасынын кыздары кыргыз бийин жана колледждин кыздары өзбек бийин аткарып, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулашты.
Нооруз – жаңы үмүт, жаңы башат! Жерибизде тынчтык, элибизде биримдик болсун!
Нооруз майрамыңыздар кут болсун!
8-март — Аялдардын Эл аралык күнү.
2025-жылдын 7-март күнү биздин колледжде 8-март — Эл аралык аялдар күнүнө карата “Ажарлуусуң аялзат” аттуу зор майрамдык иш-чара өткөрүлдү.
Бул күндүн маани-маңызына ылайык, иш-чарада агайларыбыз аялзатын чын жүрөктөн куттуктап, аларга камкордугу, эмгеги жана улуулугу үчүн ыраазычылык билдиришти. Иш-чара концерттик программа менен коштолуп, катышуучуларды шыктандырып, ыр жана бийлер менен коштолду.
Аялдар күнүнүн урматына арналган бул иш-чара колледжибиздин табигый атмосферасын арттырып, куттуктоолордун жана жаркын маанайдын чагылдыруусунда өзгөчө мааниге ээ болду.
Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча тайпа башчылары менен жыйын
2025-жылдын 6-мартында Т. Кулатов атындагы Кызыл-Кыя тоо-техникалык, инновация жана экономика колледжинде колледждин мүдүрү Матосмонов Ж. Дж. «Коррупцияга каршы күрөшүү» боюнча жыйын өткөрдү. Жыйынга колледждин жетекчилиги, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комиссиянын төрагасы жана мүчөлөрү, ошондой эле тайпалардын башчылары (старосталары) катышышты.
Жыйындын негизги максаты – билим берүү мекемесинде студенттер арасында коррупцияга каршы күрөшүүнүн маанилүүлүгүн түшүндүрүү жана мыйзамдуулукту сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү болду.
Чогулушта мүдүр Матосмонов Ж. Дж. билим берүүдө акыйкаттыкты сактоо, ар кандай мыйзамсыз аракеттерге жол бербөө жана коррупциянын кесепеттери тууралуу кеңири баяндама жасады. Ошондой эле, студенттердин укуктары жана милдеттери, адеп-ахлактык нормаларды сактоо маселелери боюнча пикир алмашуу жүргүзүлдү.
Колледждин коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комиссиясынын төрагасы Мамажанов А. М. окуу жайда коррупцияга жол бербөө жана ага каршы күрөшүү тууралуу сөз сүйлөп, бул багытта жүргүзүлүп жаткан иш-чараларга токтолду.
Жыйындын соңунда колледжде коррупцияга каршы күрөшүү боюнча студенттердин активдүү катышуусун камсыз кылуу, мыйзам бузуулар тууралуу маалымат берүү механизмдерин күчөтүү жана алдын алуу чараларын көрүү боюнча биргелешкен иш-аракеттер кабыл алынды.
Бул жыйын студенттер арасында калыстыкты жана адилеттикти орнотуу менен, билим берүү мекемесиндеги таза жана ачык-айкын чөйрөнү калыптандырууга багытталган маанилүү кадам болду.
«Поэзия керемети» аттуу иш-чара биздин колледжде.
2025-жылдын 6-мартында Т. Кулатов атындагы Кызыл-Кыя тоо-техникалык, инновация жана экономика колледжинде «Поэзия керемети» аттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чаранын негизги максаты – сезимдин сереси болгон поэзиянын керемет дүйнөсүнө саякат жасап, улуу мурас болгон ыр дүйнөсүн даңазалоо, анын күчүн терең сезүү жана жаш калемгерлерге дем берүү.
Иш-чараны колледжибиздин мүдүрү Матосмонов Ж. Дж. ачып, катышуучуларга жана жаш калемгерлерге чыгармачылык ийгиликтерди каалады. Поэзия жаатында эмгектенген белгилүү коноктор иш-чаранын көркүн ачышты. Алардын катарында Баткен мамлекеттик университетинин Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институтунун (БатМУ КГПИ) доценти Кочконов А. К., «Акыл кенч» китеп дүкөнүнүн негиздөөчүсү, педагог жана психолог Топчубаева П. А., Кыргыз жазуучулар союзунун мүчөсү, «Беш акын» долбоорунун катышуучусу, бир нече китептин автору, акын, жазуучу, обончу, аткаруучу жана редактор Тайполотова М. А., ошондой эле «Кызыл-Кыя куту» гезитинин редактору Жоробековдор катышышып, жаш калемгерлерге өз акыл-насааттарын айтышып, чыгармачылык ийгиликтерди каалашты.
Бул иш-чара колледжибиздин тажрыйбалуу окутуучусу, филология илимдеринин кандидаты Ураимов К. О. нун жетекчилиги астында БатМУ КГПИнин гуманитардык факультетинин 3-курсунун студенттери, учурда колледжибизде окуу практикасынан өтүп жаткан Шерали к. Д. жана Саматова Г. А. тарабынан уюштурулуп, мыкты деңгээлде өткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө колледжибиздин жана БатМУ КГПИнин жаш калемгер студенттеринин чыгармалары аткарылды. Бардык катышуучуларга чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз!
5-Март күнү колледжибизде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туу күнү жана Ак калпак күнү белгиленди.
Жыл сайын 5-мартта Кыргызстанда улуттук баш кийимибиз – Ак калпакты даңазалоо максатында “Ак калпак күнү” белгиленет. Быйыл да бул маанилүү күнү Төрөбай Кулатов атындагы Кызыл-Кыядагы тоо-техникалык, инновация жана экономика колледжинде Ак калпак жана Туу күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Кылымдарга желбирей бер, кыргыз Туусу!
Асмандан жарык көрсөң, жылдыз деп бил,
Ак калпак кийгендерди кыргыз деп бил!
Иш-чаранын расмий бөлүгү колледждин директору Матосмонов Женишбек Джамалдиновичтин куттуктоо сөзү менен башталды. Ал жалпы жамаатты жана студенттерди майрам менен куттуктап, Ак калпак күнү жана Кыргызстандын Мамлекеттик туусу тууралуу кеңири маалымат берип, бул улуттук баалуулуктарыбызды ардактоо, урматтоо ар бир жарандын ыйык милдети экенин белгиледи. «Ак калпагыбыз башыбыздан түшпөй, туубуз түбөлүк желбирей берсин!» – деген тилегин билдирди.
Салттуу баалуулуктарды даңазалоого жана келечек муунга жеткирүүгө багытталган бул иш-чара маданий программа менен улантылып, катышуучулар үчүн өзгөчө майрамдык маанай тартуулады.
Мамлекеттик Туунун жана Ак калпактын маанисин терең түшүнүү, алардын тарыхын урматтоо – ар бир кыргызстандык үчүн өзгөчө сыймык.
Колледжде өткөрүлгөн ишембилик жана жашылдандыруу иштери
2025-жылдын 1-2-март күндөрү Төрөбай Кулатов атындагы Кызыл-Кыядагы тоо-техникалык, инновация жана экономика колледжинин эмгек жамааты жалпы ишембиликке активдүү катышып, шаарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерин жүргүзүштү.
Ишембиликтин жүрүшүндө колледждин окутуучулары жана техникалык кызматкерлери айлана-чөйрөнү тазалоо, бөлүнгөн участокторду ирээтке келтирүү жана жашылдандыруу боюнча биргелешип иш алып барышты. 2-март күнү болсо, колледждин айланасына жаңы көчөттөр отургузулуп, экологияны жакшыртууга жана жашыл мейкиндикти көбөйтүүгө өзгөчө салым кошулду.
Бул иш-чаралар шаардын экологиялык абалын жакшыртуу жана жашылдандыруу багытында маанилүү кадам болуп, колледж жамаатынын айлана-чөйрөгө болгон камкордугун даңазалады. Мындай иш-аракеттер шаардын көркүн ачып гана тим болбостон, коомчулукту жаратылышты коргоого жана сактоого үндөөчү үлгүлүү демилге болуп саналат.
Бизнес жана маркетинг негиздери боюнча тренинг

“Аялдар тынчтык банкы” коомдук фондунун “Седеп” долбоорунун алкагында 25-февраль күнү Төрөбай Кулатов атындагы Кызыл-Кыядагы тоо-техникалык, инновация жана экономика колледжинин студенттери жана “Седеп” долбоорунун кыз-келиндери үчүн “Бизнес жана маркетинг негиздери” боюнча тренинг болуп өттү. Окутууну тренер, маркетолог Ак-Набат Казыбекова өттү.
Тренингде “Седеп” долбоорунун катышуучуларына жана студенттерине бизнестин негиздери маркетинг боюнча маалымат берилди.
Маркетингдин мисалдары, бизнес моделдери жана ийгиликтүү ишкерлердин мисалдары менен көрсөтүлдү. Тренингдин катышуучулары максаттуу аудиторияны талдоо, өнүмдөрдү позициялоо жана жылдыруу стратегиялары сыяктуу негизги маркетинг принциптери менен таанышты.
Негизги бизнес моделдери да камтылган, анын ичинде B2B, B2C жана C2C, жергиликтүү жана эл аралык бизнестин мисалдары менен үйрөтүлүп, катышуучулар суроолоруна жоопторду алышты.
Санарип маркетингине, анын инструменттерине жана заманбап ишкердиктеги маанисине өзгөчө көңүл бурулду. Ак-Набат Казыбекова эффективдүү жарнамалык канал катары социалдык тармактарга кеңири токтолуп, уникалдуу сатуу сунушун (USP) түзүүнү жана бизнесте жеке брендди өнүктүрүүнү түшүндүрүп берди.
Тренингдин практикалык бөлүгүндө катышуучулар топтордо иштешип, өздөрүнүн продукциясын сатуунун жолдорун карап чыгышты,жана сатууларды иш жүзүндө аткарып мүчөлөрү.
Тренингдин соңунда студенттер жана долбоордун мүчөлөрү алган билиминин баалуулугун белгилешип, уюштуруучуларга ыраазычылыктарын билдиришип, келечекте дагы ушул сыяктуу тарбиялык иш-чараларга катышуу каалоолорун билдиришти.
______
«СЕДЕП» долбоору Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен «Аялдар тынчтык банкы» коомдук фонду тарабынан Pro.NGO! e.V. уюму (Кельн, Германия) менен өнөктөштүктө аткарылууда.
“21- февраль — Эл аралык эне тил күнү”
2025-жылдын 21-февралында Т. Кулатов атындагы Кызыл-Кыядагы тоо-техникалык, инновация жана экономика колледжинде Эл аралык эне тил күнүно карата эне тилибизди өркүндөтүүгө багытталган маанилүү иш-чара өткөрүлдү.
Окутуучулар жана студенттер эне тилдеринин дүйнө жүзүндөгү орду жана милдети тууралуу терең талкууларды жүргүзүштү. Эне тилдеринин өнүгүшүнө салым кошуу, аны кеңири колдонуу жана улуттук тилибизди сактоо — бардык жарандарыбыздын, өзгөчө жаш муундардын милдети экени белгиленди.
Бул иш-чара колледждин активдүү студенттери тарабынан уюштурулуп, кыргыз тилине болгон урмат-сыйды арттыруу максатында атайын ырлар, обондуу чыгармалар аткарылды.
Иш-чаранын негизги максаты – биздин улуттук тилибизге болгон сүйүүнү арттыруу, кыргыз тилин келечек муундар үчүн сактап калуу жана аны күнүмдүк жашоодо кеңири колдонуу үчүн бардык аракеттерди көрүү.
Өлкөбүздө кыргыз тилинин абалы жана аны өнүктүрүүгө багытталган аракеттерге зор салым кошоорун көрсөтүп, жаш муундарды тилди урматтоого жана аны сүйүүгө чакырды.
23-февраль – Ата-Мекенди коргоочулардын күнү!
23-февраль Ата-мекенди коргоочулардын күнүнө карата жалпы агайларыбыз менен кошо эмгек кызматкерлерибизге белектер тапшырылды. Иш-чаранын алкагында, студенттерибиз ыр-бийлерди аткарып, эжекелер өздөрүнүн каалоо тилектерин айтышты.
Ата-Мекенди коргоочулардын күнүн белгилөө – биздин өлкөнүн коргоочуларына болгон терең урмат-сыйыбызды жана алардын ар бирине ыраазычылык билдирүү мүмкүнчүлүгүбүз. Бул күн мекенге болгон сүйүү, патриоттук сезимдерди арттырып, жалпы өлкөбүздүн эркиндикке болгон ар бир кадамында жоокерлердин катаал эмгегинин маанилүүлүгүн дагы бир жолу түшүнүүгө жардам берет.
Валидация жараяны – бул формалдуу эмес билим жана тажрыйба аркылуу кесиби боюнча көндүмдөрдү тастыктоонун бир түрү.
2024- жылдын 11-12-декабрында Билим берүү жана илим министрлиги алдындагы “Валидациялоо жана сертификациялоо” борбору жана министрлик менен Азия өнүктүрүү банкы тарабынан ишке ашырылып жаткан “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында Төрөбай Кулатов атындагы Кызыл-Кыядагы тоо-техникалык, инновация жана экономика колледжинде өткөрүлгөн “Тикмечи/бычмачы” кесиби боюнча валидация жараянына катышып ийгиликке жетишкен катышуучуларга 2025- жылдын 10-февралында сертификаттар тапшырылды.
Ардактуу катышуучулар!
Сиздерге “Тикмечи/бычмачы” кесиби боюнча валидация жараянын ийгиликтүү аяктап, сертификаттарды алуу менен чоң жетишкендикке жеткендигиңиздер үчүн чын жүрөктөн куттуктайбыз! Бул сиздердин эмгегиңиздердин жана тажрыйбаларыңыздардын жыйынтыгы. Алга карай жылып, жаңы бийиктиктерди багындырып, кесипкөй жана компетенттүү адис катары өсүүгө салым кошууга уланта бериңиздер!
Ийгиликтер ар дайым сиздер менен болсун!
2024-жылдын 25-декабрында Төрөбай Кулатов атындагы Кызыл-Кыя тоо-техникалык, инновация жана экономика колледжинин кезектеги педагогикалык кеңешинин жыйыны болуп өттү.
Каралуучу маселелер:
1). Кышкы сессияга даярдык;
2). Практиканын иш абалы;
3). Китепкананын жана электрондук китепкананын абалы;
4). Ар түрдүү маселелер.
Жыйындын жыйынтыгы менен төмөндөгүдөй чечимдер кабыл алынды:
1). I-курстардын жыйынтыктоочу баасы бекитилген график боюнча тапшырылат;
2). Предметтиктер жыйынтыкталуучу бааны тест түрүндө алат;
3).Баалар өз убагында Е-bilimге киргизилет.
4). II-III-курстардын Модулдук рейтингдик системасы түзүлүп, окутуучуларга берилет.
5). Цикл башчыларынын жана окутуучулардын жарым жылдык отчеттору каралып, талдоо отчеттору даярдалат.
6). Тайпалардын жетишүүсү жана катышуу боюнча жарым жылдык отчет даярдалат.
7). Биринчи жарым жылдык жыйынтыктын негизинде окутуучулардын рейтинги чыгарылат.
8). Коррупцияга каршы күрөшүү чаралары көтөрүлөт.
9). Куратордук сааттардын темаларына даярданып, иштелип чыгарылат.
Жогорку чечимдерге каршы, калыс жок баары макул болушту.
Кеңешменин төрагасы: Матосмонов Ж.Дж.
Кеңешменин катчысы: Юсупова А.Ж.
Окуу жайдын маалыматтык камсыздоо кызматы
Төрөбай Кулатов атындагы Кызыл-Кыядагы тоо-техникалык, инновация жана экономика колледжинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Азия өнүктүрүү банкынын колдоосунда ишке ашырылып жаткан “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында Баткен облусунун кесиптик лицейлеринин окутуучулары жана өндүрүштүк окутуу устаттары үчүн «Электр менен камсыздоо (Электромонтёр)» боюнча квалификацияны жогорулатуу курсу өткөрүлүүдө.
Бул курстун негизги максаты – электр тармагындагы технологиялар менен таанышуу, кесиптик жөндөмдөрдү өркүндөтүү жана билим берүү процессине инновацияларды киргизүү болуп саналат.
Мындан тышкары, катышуучулардын заманбап талаптарга жооп берген квалификациялуу адистерди даярдап, аларды кесипкөй адис катарында калыптандырууга көмөк көрсөтүү жана аймактагы энергетикалык тармактын өнүгүүсүнө салым кошуу максатын көздөйт.
Бул 72 сааттык квалификацияны жогорулатуу курсу колледждин Алдыңкы тажрыйба борборунда уюштурулду.
“Гуманитардык жана табигый илимдер” циклы жумалыгынын ачылышы болуп өттү.
2024-жылдын 10-декабрында окуу жайыбыздын «Гуманитардык жана табигый илимдер” циклынын 2024-2025-окуу жылындагы цикл жумалыгынын ачылышы окуу жайыбыздын мүдүрү Матосмонов Ж. Дж. жана окутуучулар менен студенттердин катышуусунда өттү.
Ачылышта көргөзмөлөр жана презентациялар уюштурулду. Цикл башчы жана окутуучулар 2024-2025-окуу жылына пландарын жана максаттарын баяндап, студенттерге мотивация берип, өз ара байланыштарды жакшыртууга багытталган сунуштар менен бөлүшүштү.
Бул иш-чара студенттер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү, окутуучулар үчүн болсо өз ишмердүүлүгүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берди.
БИЗ “СПИД”ке КАРШЫБЫЗ!
2024-жылдын 2-декабрь күнү окуу жайыбызда ВИЧ / СПИД илдеттери боюнча жарыяланган айлык алкагында Кызыл-Кыя ЖДПБнун ДЧК адиси жана санэпид кызматкерлери тарабынан студенттерге “ВИЧти алдын алуу жана даарылоо” деген темада семинар өткөрүлдү.
Семинарда студенттерге жана окутуучуларга ВИЧ / СПИД оорусунун коркунучтары, алдын алуу жолдору жана туура дарылоо боюнча кеңири маалымат берилди. Мындан тышкары, видеороликтер көрсөтүлүп, оору тууралуу толугураак маалымат берилди.
Семинардын соңунда студенттер менен активдүү суроо-жооптор өткөрүлүп, теманын мааниси талкууланды. Бул иш-чаранын максаты – студенттердин ВИЧ / СПИД боюнча маалыматын арттыруу жана ооруну алдын алуу аракеттерине көңүл буруу болуп саналат.
2024-жылдын 27-ноябрында «АжКА» циклында Мастер-класс өткөрүлдү! Бүгүн «ArchiCAD» программасы боюнча өзгөчө Мастер-класс болуп өттү. Катышуучулар программанын негизги мүмкүнчүлүктөрү менен таанышып, Имараттын 3D моделин түзүү ыкмаларын үйрөнүштү, Катышуучулар да 3D моделдөө процессине кызыгып көрүшүп моделдөөгө тиешелуу суроолорду берип активдүү катышышты. Бул Мастер-класс Архитектура жана Дизайн тармагына кызыккан студенттер үчүн чоң мүмкүнчүлүк болуп, аларга “ArchiCAD” программасынын күчтүү аспаптарын өздөштүрүүгө жол ачты.
2024-жылдын 22-ноябрында “Тил илимдер” циклынын жумалыгынын алкагында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган “Тил тагдыры — эл тагдыры” аттуу тегерек стол болуп өттү. Бул иш-чарада тилдин мааниси, анын улуттук өзгөчөлүктөрдү сактоодогу жана өнүктүрүүдөгү ролу талкууланып, кыргыз тилдин статусун көтөрүү, келечек муундарга тилди үйрөтүү жана анын коомдук турмуштагы орду тууралуу студенттерге маалымат берилди. Мындан тышкары, Кара-Кыргыз автономиясынын тарыхы жана улуттук баалуулуктарды сактоодогу мааниси дагы талкууланды. Иш-чарага окутуучулар жана студенттер катышып, тилдин таасири жана келечеги боюнча ой-пикирлери ортого салынды.
КӨҢҮЛДҮҮ ЖИГИТТЕР КОНКУРСУ БОЛУП ӨТТҮ Бүгүн 2024-жылдын 20-ноябрында шаардык маданият үйүндө 17-ноябрь “Бүткүл дүйнөлүк студенттер күнүнө карата”, шаардагы кесиптик жана жогорку окуу жайлар арасында “Көңүлдүү жигиттер” конкурсу болуп өттү. Конкурс Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын колдоосу менен шаардык маданият бөлүмү тарабынан уюштурулду. Катышуучулар жобого ылайык тамашаларды көргөзүп, таланттарын тартуулашты. Калыстар тобунун чечими менен байгелүү орундарды ээлеген командаларга шаардык мэрия тарабынан дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Катышкан студенттерибизге терең ыраазычылык билдиребиз.
17-ноябрь Бүткүл дүйнөлүк Студенттер күнүнө карата иш-чара өткөрүлдү. Албетте студенттик күн жаштыктын, шаттыктын майрамы. Бүткүл дүйнөлүк Студенттердин күнү 1946-жылы 17-ноябрда Чехиянын борбору Прагада Студенттердин дүйнөлүк конгрессинде бекитилген. Студенттерибизге окуу жайыбыздын мүдүрү Матосмонов Ж.Дж : Студенттерди келе жаткан 17-ноябрь Бүткүл дүйнөлүк Студенттер күнү менен куттуктап, чын ден-соолук, узун өмүр жана окууларына ийгиликтер менен кошо жалаң жакшылыктарды каалады! Иш-чара өтө жакшы деңгээлде өткөрүлүп, анда студенттерибиздин концерттик программалары уюштурулуп, студенттик китепчелерин алышып, ар бир тайпанын мыкты студенттерине грамоталар берилди. Студенттер бул күнү окутуучулар тарабынан куттуктоолор менен жылуу каалоо-тилектерге арзыды. Күүгүмү жок, аппак сулуу таңдардай, Күлкүгө бай, сүйүүгө бай, шаңга бай. Көңүл кушун көкөлөткөн обого, Кандай сонун студенттик күндөр ай демекчи сиздерди терең урматтоо менен окуу жайыбыздын жалпы окутуучулар жамааты!
Бүгүн 12-ноябрь күнү “Бүткүл дүйнөлүк жаштар” күнүнө карата Т.Кулатов атындагы Кызыл-Кыядагы тоо-техникалык, инновация жана экономика колледжибизде жалпы студенттерибиз арасында “Дене-тарбия жана спорт сергек жашоонун негизи” аттуу иш чарада спорттун түрү болгон волейбол оюнун ойношту. Оюнда жеңүүчүлөр баалуу белектер менен сыйланышты. Бул иш-чара студенттердин дене-тарбияга болгон кызыгуусун арттырып, саламаттыкты сактоонун маанилүүлүгүн белгилөөдө чоң мааниге ээ болду.
Т.Кулатов атындагы Кызыл-Кыядагы тоо-техникалык, инновация жана экономика колледжинде 2024-жылдын 31-июль, 1-август күндөрү l-турда кабыл алынган студенттерге Мамлекеттик тил боюнча сынак: тест түрүндө болуп өттү.
Т.Кулатов атындагы Кызыл-Кыядагы тоо-техникалык, инновация жана экономика колледжинин окутуучулары: Пазыл уулу Жоодарбек, Хашимов Махаммаджон Сойибжонович жана Турдумаматов Акжол Тиллабаевич Бишкек шаарындагы И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде: 2024-жылдын 14-июлунан 19-июлуна чейин «Заманбап программалык камсыздоону колдонуу менен 3D моделдөө жана 3D принтерлер менен иштөөнүн негиздери» программасы боюнча 72 саат квалификацияны жогорулатуу курсун өттү.

Кызаамыктын алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын 22.12.2023-жылдын №718- Буйруктун негизинде Кызыл-Кыя тоо-техникалык инновация жана экономика колледжинде 1-2-апрель күндөрү кызаамыктын алдын алуу боюнча эмдөө жүргүзүлдү. Эмдөөдөн колледждин окуутучулары жана кызматкерлери толугу менен эмдөөдөн өтүштү.
Бүгүн 2024-жылдын 1-апрелинде Кызыл-Кыя шаардык мэриясы тарабынан Ифтар Базары уюштурулду.
Кызыл-Кыя шаардык мэриясы тарабынан бүгүн Орозонун ыйык күнүндө 1-апрель күнү шаарыбызда Ифтар Базары уюштурулуп, анда көптөгөн окуу жайлар катышып, алардын катарын толуктоо менен бирге окуу жайыбыз: Т.Кулатов атындагы Кызыл-Кыя тоо техникалык, инновация жана экономика колледжинин: ТПиПСП жана КМиТШИ тайпаларынын студенттери толугу менен катышты.
Ифтар Базарына Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Маткалыков, мэрдин биринчи орун басары И.Бабаев, окуу жайыбыздын мүдүрү Ж.Матосмонов жана тамак-аш тармагындагы иш-каналар менен бирге шаарыбыздын тургундары да катышты.



Биз таза шаар үчүн!
Жаз мезгили келип, Кызыл-Кыя шаарында айлана-чөйрөнү тазалоо иштери жүрүүдө.
Ошондой эле 5-6- апрель күндөрү: окуу жайыбыз Т.Кулатов атындагы Кызыл-Кыя тоо-техникалык, инновация жана экономика колледжинин окутуучулары,кызматкерлери жана студенттери тарабынан окуу жайдын айлана-чөйрөсүндө да тазалоо иштери жүргүзүлүп, көчөттөр отургузулду.
Ишембиликке окуу жайыбыздын жалпы окутуучулары, кызматкерлери жана студенттери катышышты.
5- апрель Төрөбай Кулатов атындагы Кызыл-Кыя тоо-техникалык инновация жана экономика колледжинде Ифтар уюштурулуп, Катмы Куран окутулду.
Жаздын жаркыраган күнү менен кошо Ыйык Рамазан айынын урматына жалпы эмгек жамаат тарабынан сүмөлөк кайнатылып, Кыргыздын даамдуу улуттук тамак-аштары бышырылды.
Шаарыбыздын мэри Маткалыков Асилбек Жоробаевич келип, өзүнүн каалоо тилектерин айтып, эмгек жамаатына жакшылык тилеп, сыйлуу коногубуз болду.
Окуу жайыбыздын мүдүрү Матосмонов Жеңишбек Джамалдинович окутуучуларын жана кызматкерлерин Ыйык Рамазан айы менен куттуктап, тынчылык, аманчылык жана үй -бүлөсүнө бактылуулук каалады.
Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын буйругунун негизинде Улуу Ата-Мекендик согуштун 79 жылдыгына карата өзүбүздүн Т.Кулатов атындагы Кызыл-Кыя тоо-техникалык инновация жана экономика колледжибиз тарабынан жолугушуулар уюштурулуп, Ардагерлерге өзүбүздүн колледж тарабынан белектер жана акчалай куттуктоолор болду.
2024-жылдын 15-майында Т.Кулатов атындагы Кызыл-Кыядагы тоо-техникалык, инновация жана экономика колледжинде “Баткен областындагы орто кесиптик окуу жайлардын социалдык өнөктөштөр менен болгон кызматташуусунун бүгүнкү абалы жана келечеги” аттуу тегерек стол болуп өттү. Бул иш –чарага Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорун менеджери Атаканов Нурлан Чырбанович, Кызыл-Кыя шаарынын 1-вице мэри Бабаев Иляз Дооранбекович жана шаардагы жогорку жана орто окуу жайлардын, мектептердин жетекчилери катышты.
Т.Кулатов атындагы Кызыл-Кыядагы тоо-техникалык инновация жана экономика колледжинин «СЭЗиС»циклынын 2-курсунун студенттеринин окуу таанышуучу практикасы. Кут конгон Кызыл-Кыя шаарындагы «Золотой Квадрат» курулуш компаниясынын «Мега Плаза» турак жай комплексине барып, жаңы курулуп жаткан турак жай менен таанышышты.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаменти. Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы менен биргеликте “Баткен облусунда туризмди туруктуу өнүктүрүү”аттуу тегерек стол, «IBTE” III эл аралык туристтик көргөзмө-жармаңкесинин алкагында, “Айгүл Fest”, “Күрүч Fest” фестивалдары жана кол өнөрчүлөрдүн “Килем” аттуу” эл аралык турисстик көргөзмө-жармаңкеси, “Көчмөндөр тамак ашы менен бирге” аттуу эл аралык гастрономиялык фестиваль жана чет өлкөлүк коноктор үчүн атайын маалыматтык турду үч тараптуу сүйлөшүүлөрдүн негизинде 2024-жылдын 22-23-майында уюштурулуп өткөрүү сунушун кабыл алып, жогорудагы иш-чараны жогорку деңгээлде өткөрүүгө биздин окуу жай жааматы да катышты.
Т.Кулатов атындагы Кызыл-Кыя тоо-техникалык инновации жана экономика колледжинин «Технология» циклынын КМиТШИ 2-22 бюджет жана контракт тайпалары 2- курс студенттеринин окуу таанышуучу практикасы. Окуу жайыбыздын өнөктөшү шаардагы алдыңкы иш кана «Global Garment» тигүү фабрикасына барып кийим тигүүнүн процесси менен таанышышты. Практика жүзүндө көрүп, студенттер өз кесибине болгон кызыгуусун арттырышты.
Кезектеги педагогикалык чогулуш. Бүгүн 29-май күнү биздин окуу жайда кезектеги 3 маселеден турган педагогикалык чогулуш болуп өттү. Бардык окутуучулар жамааты толук катышты. Ар бир коюлган маселелер абдан маанилүү болду. Жыйынтыгында, ар түрдүү маселелер менен толукталып, ар бир окутуучу өз ойлорун ачык-айкын айтып активдүү катышышты.
Балдар биздин жаркын келечегибиз!
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-апрелиндеги “Кыргыз Республикасында балдарды, улгайган адамдарды жана майыптарды коргоонун эл аралык күнүн жыл сайын өткөрүү жөнүндөгү” №237 токтомун, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2024-жылдын 20-майындагы №128-б буйругун аткаруу максатында 1-июнь –Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган майрамды жогорку деңгээлде уюштуруу жана балдарды ар тараптан колдоо максатындагы буйруктун негизинде биздин окуу жайыбыз Т.Кулатов атындагы Кызыл-Кыя тоо-техникалык инновация жана экономика колледжинин жаштар уюму жана окутуучулары тарабынан акчалай жардам көрсөтүлүп, балдарга таттуулар белекке берилди. Ал эми ыктыярчы студенттер тарабынан балдардын көңүлүн көтөрүү максатында оюн-зоок тартууланды.
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААР АЙМАГЫНЫ КӨРКТӨНДҮРҮҮ!
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө» 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022- жылдын 1- мартындагы №95 -тескемесин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүнүн 2024-жылдын 1- мартындагы №61-б буйругун аткаруу максатын негизинде: биздин окуу жайыбыз жааматы дагы 2024-жылдын 15- мартынан 15- июнуна чейин Кызыл-Кыя шаарынын аймагында көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча үч айлык тазалык иштерин аткарышты. Т.Кулатов атындагы Кызыл-Кыядагы тоо-техникалык инновация жана экономика колледжинин жааматы жана студенттери үч айлык тазалоо күнүнө карата активдүү катышышып, бак-дарактар отургузулуп, ишембилик иштери ар апта сайын өткөрүлдү.
Т.Кулатов атындагы Кызыл-Кыядагы Тоо-Техникалык, Инновация жана Экономика колледжинде күндүзгү окуу бөлүмүнүн III–курсунун студенттери 2023-2024-окуу жылынын окуу процессинин графиги боюнча бөлүнгөн Өндүрүштүк практикалык жайларына барып келишишти. 2024-жылдын 04-05-06-июнь күндөрү: 36-ПРМПИ, 37-ГЭМ, 38-СЭЗиС, 39-ЭС, 40-ТОиРАТ, 41-КМиТШИ, 42-ОГР, 43-ТПиПСП, 44-КСиК, 45-ПОВТАС, 46-ЭиБУ, 47-БД, 48-МНЖ, 3-ЭиБУ-2022 жана 3-ПОВТАС-2022 тайпалары өзүнүн Өндүрүштүк практикаларын коргошушту. Алардын Өндүрүштүк практикаларынына жооптуулар: Матосмонов Ж.Дж, Абдубаитов К.А, Саидкамолов У.С жана Маматалиев А.А. тарабынан Өндүрүштүк практикалык отчетторун коргошуп, жакшы сапаттарын көргөзө алышышты. Азыркы убакта III-курсту аяктап, Мамлекеттик сынакка даярданышууда.

Т.Кулатов атындагы Кызыл-Кыядагы Тоо-Техникалык, Инновация жана Экономика колледжинде соонун жаңылык! 2024- жылы Окуу жайыбыз:- Кесиптик лицейлердин окутуучуларынын кесиптик квалификациясын жогорулатуу максатында:7 багытта 72 сааттык кыска мөөнөттүү курстарды окутууга лицензия алды. Лицензия кут болсун! Эң бир жакшы жетишкендиктерге ээ болдук. Төмөнкү уюлдук байланыш менен байланышсаңыздар болот: +996776006800
Т.Кулатов атындагы Кызыл-Кыядагы тоо-техникалык, инновация жана экономика колледжи Кыргыз Республикасынын өкүмөтүнүн 2012-жылдын 4-июлундагы №47-токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүнүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясы жөнүндөгү” жобосуна ылайык III курстун студенттери окуу программаны толук аякташып,адистиктери боюнча мамлекеттик аттестациядан өтүшүп, өз адистиктери боюнча квалификацияга ээ болушат.

2024-жылдын 24-июнунан 26-июнуна чейин Колледждин күндүзгү окуу бөлүмүндөгү II курстун бюджеттик жана контрактык негизиндеги студенттерин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2019-жылдын 17-сентябрындагы №1107/1 буйругунун негизинде “Кыргыз-тили жана адабияты”, ”Кыргызстандын тарыхы”, “Экологиянын негиздери жана Кыргызстандын географиясы” предметтери боюнча дисциплиналар-аралык жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоодон өтүштү.

Т.Кулатов атындагы Кызыл-Кыядагы тоо-техникалык, инновация жана экономика коледжинин «Айыл чарба продукцияларын өндүрүүнүн жана кайра иштетүүнүн технологиясы” адистигинин студенттери жер жемиштерден кыям, шербеттерди жасоо учурунда.
Жаңы 2024-2025-окуу жылындагы абитуриенттер үчүн жакшы жаңылык.
Т.Кулатов атындагы Кызыл-Кыядагы тоо-техникалык, инновация жана экономика колледжинде жаңы 2024-2025-окуу жылында абитуриенттерге каттоо башталды.
Адрес: болжол Айсулуу соода борборунун бет маңдайы.
Сиздер үчүн эшигибиз дайыма ачык.
2023-2024-окуу жылынын окутуучулардын жыйынтыктоочу отчету.
2024-жылдын 1-2-июлунда Окуу жайыбыздын окутуучулар жамааты жалпы –жана – окуу жылындагы аткарган жумуштары,жүктөмдөрү жана өздөрүнө бөлүнгөн тайпалары боюнча жыл аягында жыйынтыктоочу отчетторун тапшырышты.
Отчет алгандар: Матосмонов Ж.Дж, Абдубаитов К.А, Саидкамолов У.С жана Мадаминов А.Т.

“Тигүү иштеринин негиздери” боюнча “Технология” циклынын окутуучусу Айбашева Айсулуу Салижановнанын “Кыргыз модасы: этникалуулукка заманбап көз караш” аттуу сабагынан көз ирмемдер (КМиТШИ-1-24 тайпасынын студенттери).