2024-жылдын 15-майында Т. Кулатов атындагы КызылКыядагы тоо-техникалык, инновация жана экономика колледжинде уюштурулуп жаткан “Баткен областындагы орто кесиптик окуу жайлардын социалдык өнөктөштөр менен болгон кызматташуусунун бүгүнкү абалы жана келечеги” аттуу тегерек столдо кесиптик билим берүү чөйрөсүнүн актуалдуу маселелри талкууланып, төмөнкү жыйынтыкка келишти: 1. Биз билим берүү уюмдары менен социалдык өнөктөштөрдүн кызматташуусу кесиптик билим берүү практикасынын зарыл жана маанилүү аспектиси экенин тастыктайбыз. 2.Билим берүү жана кесиптик өнүгүү чөйрөсүндө бирдиктүү максаттарга жетүү үчүн биргелешкен иш-чараларды, программаларды жана долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу билим берүү уюмдары менен социалдык өнөктөштөрдүн ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүү жана тереңдетүү учур талабы. 3. Студенттердин кесиптик билим алуу жана кесиптик көндүмдөрүн калыптандырууга жигердүү катышуусун камсыз кылуу үчүн окуу жайлар менен социалдык өнөктөштөрдүн ортосундагы өнөктөштүктү практика менен айкалышуусун ишке ашыруу. 4. Биз билим берүү уюмдары жана социалдык өнөктөштөрдү коомдун өнүгүшүнө жана анын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн чыңдоого көмөктөшүүчү билим берүүнүн инновациялык ыкмаларын жана тажрыйбаларын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча мындан аркы кызматташууга жана тажрыйба алмашууга чакырабыз. Бул токтом тегерек столдун катышуучуларынын добушу менен бир добуштан кабыл алынды жана кийин иш жүзүндө ишке ашыруу үчүн тиешелүү түзүмдөрдүн кароосуна жиберилди. Навигация по записям СЕЗиС АКР